Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Ооганстан шайлоо алдында


Кабулдун шайлоо бекеттеринин биринин жанындагы көзөмөл бекет. 19-октябрь, 2018-жыл.
Кабулдун шайлоо бекеттеринин биринин жанындагы көзөмөл бекет. 19-октябрь, 2018-жыл.

Ооганстан маанилүү парламенттик шайлоо алдында турат. Коопсуздук ишемби күнкү добуш берүүнүн эң башкы көйгөйү бойдон калууда.

Таасирлүү полиция башчысынын өлтүрүлүшүнөн улам өлкө түштүгүндөгү Кандагар провинциясында шайлоо бир аптага жылды.

Саясий өнөктүктү утурлай “Талибан” шайлоочуларды коркутууну максат кылган кол салууларын күчөтсө, президент Ашраф Гани элди добуш берүүгө жигердүү катышууга чакырды.

Ооганстандын эң ири провинциясы - Кандагарда шайлоону бир аптага кийинкиге калтыруу чечими таасирлүү кол башчынын өлүмүнөн бир күндөн кийин кабыл алынды.

Өлкөнүн Көз карандысыз шайлоо комиссиясынын түшүндүрмөсүнө караганда, бул кандуу окуядан кийин Кандагардын калкы “добуш берүүгө моралдык жактан даяр эмес” болуп турат.

Кандагардын кубаттуу полиция башчысы, генерал Абдул Разак 18- октябрда ок жеп мерт болду.

Аймактан түшкөн маалыматтарда айтылгандай, Разакты провинциянын губернаторунун кеңсесинен чыгып келе жаткан кезде жансакчыларынын бири атып салган.

Полиция башчысы менен бирге Кандагардын чалгын кызматынын башчысы да мерт болгон.

Генерал Абдул Разакты акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү. Кандагар, 19-октябрь, 2018-жыл.
Генерал Абдул Разакты акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү. Кандагар, 19-октябрь, 2018-жыл.

Бул кол салуу Ооганстандын Батыш колдогон өкмөтүнө каршы өтө чоң сокку катары кабыл алынды:

- Мен генерал Разак менен кездешкем. Ооган эли өз патриотун жоготту. Биз муну жасагандарды табышыбыз керек. Азыр шайлоо болгону турат, биз ооган элин коргоону улантабыз. Мурдагыдай эле Ооганстан оогандардын жетекчилиги астында элдешүүсү керек деген көз карашта турабыз, - деди АКШнын коргоо министри Жим Мэттис Сингапурда иш сапарда жүргөн жеринен.

Ал эми мамлекеттик катчы Майк Помпео ооган элин "Талибандын" кыянатчылыктары менен коркутууларына карабай өз идеалдарынан тайбоого үндөдү.

Кол салуу үчүн дароо эле "Талибан" жоопкерчилик алды.

Талибдер алдыдагы шайлоону үзгүлтүккө учуратуу үчүн колунан келгендин баарын жасоону, анын ичинде кыянатчыл аракеттерге шайлоо күнү барууну да убада кылган,

"Талибан" ооган шайлоосун “сырттан таңууланган саясий өнөктүк” деп эсептейт.

Согушкерлердин кол салуусу менен жардырууларынан парламент депутаттыгына талапкерлердин кеминде онунун өмүрү кыйылды.

Ал арада президент Ашраф Гани элди "Талибандын" коркутууларына карабай шайлоого жигердүү катышып берүүгө чакырды:

- Мен - өзгөчө он сегиз жаштан жогоркулар шайлоого барып катышып берүүсүн каалайм. Бул шайлоону өткөрүү - Ооганстандын каарман коопсуздук күчтөрү, ооган эли жана демократия үчүн жеңиш болот.

Ооганстандын 2001-жылы "Талибан" бийликтен кулатылгандан кийинки үчүнчү парламенттик шайлоосу бир нече себептен улам үч жылга кечигип өтүүдө.

Парламенттин төмөнкү палатасындагы 249 орун үчүн 2565 талапкер ат салышып жатат. Алардын 400дөн ашууну аялдар.

Өлкөнүн добуш берүүгө укуктуу делген 12 миллион калкынын 9 миллионго жакыны каттоодон өткөн. Каттоодон өткөндөрдүн 34% аялдар.

Шайлоо бюллетендери Жалалабад шаарына жеткирилген учур. 19-октябрь, 2018-жыл.
Шайлоо бюллетендери Жалалабад шаарына жеткирилген учур. 19-октябрь, 2018-жыл.

Добуштардын бурмаланышына жол бербөө максатында бул ирет шайлоо бекеттеринде биометрикалык жабдуулар колдонулат. Ооганстан боюнча 19 миңдей шайлоо бекети ачылып, аларда шайлоо комиссияларынын 125 миңдей өкүлү иштейт деп күтүлүүдө.

Алардын коопсуздугун камсыздоого күч түзүмдөрүнүн 54 миңдей кызматкери тартылмакчы.

Кандагарда шайлоо бир аптага жылдырылганын эске алганда 20-октябрдагы шайлоо Ооганстандын калган 33 провинциясында өтүшү керек.

“Ассошиэйтед пресс” агенттиги келтирген маалыматка караганда, шайлоо "Талибан" толугу менен көзөмөлдөгөн он райондо болбойт. Бул райондордун бешөө түштүктөгү Гилменд провинциясында жайгашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG