Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:18

Ооганстанда университетке чабуул жасалды


Кабул, Ооганстан
Кабул, Ооганстан

24-августта Кабулдагы Америка университетине чабуул жасалды. Анда 12 киши өлүп, он саатка созулган атышуудан кийин гана окуу жай тазаланган.

Ооганстан борборундагы университетте 24-августтагы чабуул алдында чоң жардыруу болуп, аткылоо башталган. Ооган бийликтеринин маалыматы боюнча, жоочулар автоунаага салынган бомбаны жардыруу менен университеттин дубалын бузуп, окуу комплексинин ичине кирип барышкан.

Жүздөгөн студенттер жана окутуучулар алардын чабуулуна кабылган. Чабуул учурунда университет ичинде болгон студент Роман Дехсабзай окуяны мындай сүрөттөдү:

- Биринчи катуу жарылуу болду. Айнектер сынып, күбүлүп түштү. Анан атышуу башталды. Менин бир досум жарадар болду.

Жардыруу болгон университеттин студенттери
Жардыруу болгон университеттин студенттери

Кабулдагы Америка университетинин дагы бир студенти Абдул Кабир буларды айтты:

- Жарылуу болгондон кийин биз ок атууларды уктук. Мен селейип калдым. Бизде кошумча чыгуу жолу бар эле. Ошол жол аркылуу университеттен чыктык.

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү университетти курчоого алып, АКШ жана НАТОдогу кеңешчилери менен биргеликте жоочуларды жок кылуу операциясын баштаган. Ал операция он саатка созулуп, 25-августка караган түнү аяктаган. Операция учурунда эки жоочу жок кылынганы кабарланды.

Кабул полициясынын башчысы Абдул Рахман Рахими операция жүрүп жаткан мезгилде буларды билдирген:

- Биздин тазалоо жана издөө операциябыз жүрүп жатат. Студенттерди чыгарып кетүүгө аракет жасап жатабыз. Азыркы кезде шектелген террорчу өлтүрүлдү. Операция соңунда кененирээк маалымат беребиз.

Рейтердин маалыматы боюнча, чабуулда жети студент набыт болду. Кабул полициясы чабуул жана тазалоо операциясы учурунда үч полиция кызматкери жана эки күзөтчү каза тапканын кабарлады.

Ондогон адамдар жарадар болуп, ооруканага жеткирилген.

Полиция 35 студент, 9 полиция кызматкери жарадар болгонун кабарлады. 750дөй студент жана мугалим, университеттин кызматкерлери куткарылган.

Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлиги жарадар болгондор арасында чет өлкөлүктөр жок экенин кабарлады.

Университетке чабуулга эч кайсы тарап жоопкерчилик ала элек. Бирок ал талиптердин иши деп шектелүүдө. Белгилүү болгондой жазгы сезондо талиптер ооган өкмөтүнө каршы күрөштү күчөтөрүн жарыялашкан.

Мына ушул университеттин эки мугалимин 8-августта Кабулда белгисиз адамдар уурдап кеткен. Алардын бири америкалык, экинчиси австралиялык профессор экени кабарланган. Бирок алардын дайыны ушул кезге чейин чыга элек.

Ооганстандын Гилменд провинциясында да абал оор экени белгилүү. Бул провинциянын борбору Лашгаргах шаарына талиптер чабуул коюп, Кошмо Штаттар ал жерге 100 аскер жайгаштырган жуманын башында кабарланган.

25-августта эртең менен Ооганстандын түндүгүндө дагы бир теракт жасалып, анда беш киши өлүп, 14 адам жарадар болгону кабарланды. Мотоциклчен адамдын бомбасы ооган парламентинин мүчөсү Асадуллах Шарифиге каршы багытталганы кабарланды. Жардыруудан парламентарий жабыркаган эмес, бирок анын эки жансакчысы жарадар болгон.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG