Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:35

АКШда бут кийимдин айынан чуу чыкты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Дүйнөгө спорт кийимдери менен таанымал "Найк" фирмасы АКШнын желегинин алгачкы үлгүсүнүн сүрөтү түшүрүлгөн бут кийимдерди сатыкка чыгарбай калды.

Мунун алдында афроамерикалык футболчу Колин Каперник "бут кийимдер колониалдык доорду эске салат" деп компанияны айыптап чыккан.

Буга чейин "Nike" фирмасына байланыштуу Кытайда да нааразылык чыккан болчу.

"Air Max 1 Quick Strike" деп аталган, АКШнын илгерки желегинин сүрөтү түшүрүлгөн спорттук бут кийимдер 4-июлда, АКШнын эгемендик күнүнүн урматына сатыкка чыгарылганы жаткан.

"Найктын" жарнамаларына былтыр сентябрь айынан бери тартылып жүргөн америкалык футболист Колин Каперник "бул символика кайсы бир адамдарга расизмди, кулчулук доорду эске салат, кемсинтет" деп сындап чыкты.

Сөз АКШ желегинин эл арасында "Бетси Росс" деген ат менен таанымал эски үлгүсү тууралуу болуп жатат. Аны америкалык улутчул партия өзүнүн символу катары колдонуп келет.

Желекте кызыл-ак тилкелерде 13 жылдызчадан турган алкак түшүрүлгөн. Өлкөнүн азыркы желегинде болсо 50 жылдызча бар.

Айрым бир уламыштарга караганда, 1776-жылы Бетси Росс аттуу аял тиккен желектин алгачкы үлгүсү 13 штаттын британ падышалыгына каршы согушундагы символуна айланган.

"Найктын" спорттук бут кийимге мындай желектин сүрөтүн түшүргөнүн АКШда сындагандар да, колдогондор да чыкты.

Техас штатынын сенатору Тед Круз компаниянын чечимин "патриоттуулукка каршы келет" деп сындады.

Аризонанын республикачыл губернатору Даг Дьюси "Твиттердеги" баракчасына Гудиер шаарындагы "Найктын" жаңы фабрикасын куруу үчүн 1 миллион доллар грант берүү тууралуу буга чейинки чечимин кайра жокко чыгарганын жазды.

Анткен менен Сенаттагы республикалык көпчүлүктүн лидери Митс МакКоннелл компанияны колдоп чыкты. Ал "Найкты" АКШнын желегинин алгачкы үлгүсү түшүрүлгөн спорттук бут кийимдерин сатыкка чыгара берүүгө чакырды.

"Эгер айрымдар америкалык желектен маселе чыгарса, анда бизде чын эле маселе бар окшойт", - деп жазды ал.

Социалдык тармактарда "Найктын" кийим-кечелерин алуудан баш тартууга чакырган өнөктүк жүрүп жатат. Ошол эле маалда америкалык футболист Колин Каперниктин дарегине да ачуу сөздөр айтылууда.

Футболчу үч жыл мурда АКШнын гимни ырдалып жатканда ордунан турбай койгон. Мындай жоругунан улам былтыр ал "Найктын" рекламалык жүзү болгондо, фирманын кийимдерин өрттөп, айрып салгандар да болгон.

Анткен менен "Найктын" жаңжал чыгарган бут кийимдери айрым бир соода жайларына жеткирилген. Интернетте бир жуптун баасы 2 миң доллардан сатыла баштады. "Найк" болсо дүкөндөрдү бут кийимдерди артка кайтарууга чакырып жатат.

Өткөн айда "Найк" Кытайда бут кийимдеринин айрым түрлөрүн сатыкка чыгарбай калган. Анткени алардын үлгүсүн ойлоп табууга катышкан жапониялык модельер Дзюн Такахасинин "Инстаграмда" Гонконгдогу каршылык акцияларды колдогон билдирүүсүнөн улам жаңжал чыккан.

Такахасинин жазгандары социалдык баракчадан өчүрүлүп, "Найк" жеке адамдын оюна компания кошулбай турганын билдирген.

Бир катар кытай басылмаларында "Найктын" жаңжалга негиз болгон бут кийимдерин Кытайда сатууга тыюу салуу чакырыгы жазылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG