11-январь күнү АКШ Сенатынын чет элдик иштер боюнча комитетинде бул боюнча атайын угуу өттү.
Рекс Тиллерсонго Орусия менен кызыкчылыктар кагылышын жаратчу ишкердик байланышы жана ага активдерин кантип жок кылары тууралуу суроолорду беришти.
ExxonMobil мунай компаниясынын башчысы Тиллерсонду мамлекеттик катчылыкка көрсөтүү менен Дональд Трамп Вашингтон-Москва алакасын жакшыртуу убадасын аткарарын ишара кылды.
2016-жылы Forbes журналы Рекс Тиллерсон дүйнөдөгү таанымал инсандардын тизмесинде 25-орунда турат деп жазган. (Ага чейин Тиллерсон бул тизмеде 20-орунду ээлеп келген). 2017-жылы 1-январда Тиллерсон ExxonMobil компаниясынын жетекчилигинен кетип, анын ордуна мураскери Даррен Вудс келген. Буга чейин Тиллерсондун жарым миллиард доллардай мүлкү ушул мунай иштеткен компаниянын сата турган акциясына салынганы жарыяланган.
Эгер Тиллерсон мамлекеттик катчылыкка бекитилсе, ал бир катар илимий-изилдөө жана коомдук уюмдардын директорлор кеңешинен чыгып, жөлөк пул катары берилчү 7 миллион доллар бонустан баш тартышы керек.
Тиллерсон ExxonMobil компаниясынын жетекчиси катары өткөн кылымдын 90-жылдары Москвада жана Санкт-Петербургда ири келишимдерди түзүүгө жетишкен.
Айрым маалыматтар боюнча, ал ошол жылдары Орусиянын мамлекеттик “Роснефть” корпорациясынын жетекчиси Игорь Сечин менен жакындан таанышкан. Сечин ал кезде Петербургдун шаардык администрациясында Путин менен чогуу иштечү.
2014-жылы “Роснефттин” жыйынында Сечин "Рекс Тиллерсон эл аралык санкцияларга карабай, Кошмо Штаттардын жолунда мотоцикл менен чогуу жүрчү адам" экенин белгилеген.
1998-жылы Рекс Тиллерсон орус-америка биргелешкен Багам аралдарында катталган Exxon Neftegas компаниясын жетектеген. Тиллерсон 90-жылдары Орусияда ExxonMobil'дын кызыкчылыгын коргоп жүрүп, "Сахалин-1" долбоорун иштеп чыгуу үчүн эл аралык концорциум түзүүнү макулдашкан.
Орусияга түз келген инвестициялардын эң ириси катары (2006-жылдын башында 4 миллиард доллар) эсептелген бул ишкананын башкы оператору "Эксон Нефтегаз Лимитед" деген аталыштагы ExxonMobil туунду компаниясы болгон. Компания долбоордун 30% акциясына ээлик кылган.
Концорциумга "Роснефть" (20 процент), Индиянын мамлекеттик Oil and Natural Gas Corporation Limited (ONGC) корпорациясы ж.б. өнөктөштөр кирген.
2011-жылы Рекс Тиллерсон жетектеген ExxonMobil “Роснефть” менен 500 миллиард долларлык келишимге кол койгон. Ага ылайык компания Орусияга караштуу арктикалык кыртыштан углеводород кендерине мүмкүнчүлүк алган, бул үчүн орус тарап дүйнөнүн үчүнчү өлкөлөрүндө ExxonMobil'дын айрым долбоорлорун инвестиция кылмак.
Соңку жылдары Рекс Тиллерсон Батыш менен Москванын мамилесин жакшыртуу тууралуу айтып келген. Бул Орусияга киргизилген санциялар анын бизнесине сокку урганынан улам болушу мүмкүн. Айрым маалыматтар боюнча АКШ өкмөтү 2011-жылкы келишимди жапкандан кийин ExxonMobil жалпы жонунан 600 миллиард долларлык чыгым тарткан.
64 жаштагы Тиллерсон мамлекеттик кызматта, айрыкча дипломатияда тажрыйбасы жоктугуна карабай, ал Орусиянын жана анын лидерлеринин аракетин эл аралык аренада комментарийлеп келди. Эгер АКШ Сенаты аны мамлекеттик катчылыкка беките турган болсо, ал мындан аркы курч көйгөйлөрдү кандай кабылдарын чечиши керек.
Тиллерсон жана Путин
Орусиянын президенти Владимир Путин 2000-жылы бийликке келгенден кийин Рекс Тиллерсон менен бир нече жолу жолуккан. Тиллерсон чет элдик мунай “магнаты” катары Путиндин колунан "Дружба" орденин да алган. Бул 2013-жылы 21-июнда Санкт-Петербургда өткөн экономикалык форумда болгон.
Тиллерсон Кремлдин жана орус бийлигинин дарегине ачык сын айтуудан дайыма карманып келсе да, 2008-жылы Санкт-Петербургда өткөн экономикалык форумда Орусия тез арада юридикалык системасын жакшыртып, укукту баарынан жогору коюушу керектигин айткан. “Азыркы Орусияда мыйзамды урматтоо жок” деген анда. Бирок сынчылар бул сын ошол кездеги президент Дмитрий Медведевдин “укуктук нигилизмге” каршы кампаниясына дал келген дешет.
Владимир Путин менен тыгыз байланышына карабай, 2007-жылы Рекс Тиллерсон орус бийликтеринин көп чечимдери булаңгыр экенине ачык даттанган жайы бар.