Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:26

Эки бир туугандан ажыраткан пандемия


Бейтапты карап жаткан дарыгер. Иллюстрациялык сүрөт.
Бейтапты карап жаткан дарыгер. Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы суткада 526 адамдан илдет аныкталды. Үч күндө пневмониядан 43 бейтап каза болду. Кырдаал күндөн күнгө курчуп, бейтаптарды дарылаганга адистер жана медициналык шаймандар тартыш болуп жатат.

Бишкекте оорукананын алдында иниси жан берген адам эми ооруган агасынан да айрылды. 1-июлда кечке жуук Данияр Эрназаров аттуу тургун кайтыш болгонун анын иниси Баймурат Эрназаров билдирди:

«Бир аптанын ичинде эки бир тууганымдан айрылдым. Агам инимден эрте ооруй баштаган экен. Абалы кескин оорлошуп кетти. Тести таза чыккан. Бүгүн келип сөөгүн моргдон алып кетип жатам».

Өпкөсү сезгенген бейтап оорукананын короосунда жан берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

Бул үй-бүлөнүн окуясын «Азаттык» 27-июнда баяндаган. Бишкек шаарынын тургуну Баймурат Эрназаров өпкөсү сезгенип, ооруп калган иниси Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн короосунда дарыгерлерге жетпей жан бергенин билдирген. Анын инисинин дене табы 22-июнда көтөрүлгөн. Адегенде коронавируска тапшырган анализи таза чыкканы менен абалы жеңилдеген эмес. Ушундан улам туугандары аны Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга, Чүй облустук ооруканасына алып барышканы менен бирөө да кабыл албай койгон.

Соңку үч күндө өпкөсү кагынып ооруган (пневмония) 43 бейтап кайтыш болду. Коронавируска каршы ыкчам штабдын 2-июлдагы маалыматына караганда, ошентип март айынан бери өпкөсү кагынып өмүрү кыйылгандардын жалпы саны 97 кишиге жетти. Мындан тышкары, пневмония болгон 337 адам оор абалда ооруканада жатат.

Ошондуктан өлкөдө коронавирусту аныктоо ыкмасы күмөн жаратууда. Айрым учурда анализдин жыйынтыгы 10 күнгө чейин чыкпай жатканын айткандар бар. Адистер азыр өпкөсү кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын баарын коронавирус деп караш керек экенин билдиришүүдө. Алардын бири, медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

«Бир топ дарыгерлер жайкысын өпкөсү кагынгандар чанда кездешерин айтып жатышат. Демек, ушу тапта бул дартка кабылгандар да вирусту жугузган болушу толук мүмкүн. Биздин өкмөт аларды эки бөлүп, маалыматты жашырып жатат. Бийлик өлгөндөрдүн саны көп болуп жатканын элге айткандан чочулап жатат».

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын бир суткадагы саны кайрадан эң жогорку көрсөткүчкө чыкты. 2-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдиргендей, акыркы суткада жаңы 526 бейтап катталды.

«Алардын эң көбү Чүй облусунда - 231 адам. Бишкек шаарында 211, Жалал-Абад облусунда 27, Ош шаарында 19, Баткен облусунда 18, Ысык-Көл облусунда 10, Ош облусунда алты, Нарын облусунда үч жана Талас облусунда бир адам», - деди ал.

Бир сутка ичинде COVID-19дан төрт бейтап каза болду. Алар Бишкек шаарында, Ноокаттагы жана Кочкордогу ооруканаларда дарыланып жатышкан.

Бир аптадан бери социалдык тармактарда ооруканалар коронавирус илдетине чалдыккандарга толуп, элди жаткырууга орун калбай калганы айтылууда. Бир күн мурда Саламаттык сактоо министрлиги да жасалма дем алдыруучу аппараттар жетишсиз болуп жатканын кабарлаган болчу.

Ушундан улам активисттер, ишкерлер жана саясатчылар пандемия учурунда элдин күчүн жана мүмкүнчүлүгүн топтоштуруу боюнча демилге көтөрүп чыгышты.

Орун жетпеген оорукана, безилдеген бейтаптар.
Орун жетпеген оорукана, безилдеген бейтаптар.

Айрымдар өздөрүнө таандык имараттарды оорукана үчүн берип жатса, башкалары жасалма дем алдыруучу аппараттарга каражат чогултууда.

Алсак, соцтармакта бир даанасы орто эсеп менен 600 доллар турган жасалма дем алдыруучу аппаратты сатып алуу боюнча флешмоб башталды. Аны маданият өкүлдөрү, ишкерлер колдоп, электрондук капчыкка акча топтоп жатышат.

Мына ушундай демилге көтөрүп чыккандардын бири «Элдик штаб» ыктыярчылар тобу болду. Буга чейин карантинде элге азык-түлүк жеткирип иштеген штаб эми күчүн кычкылтек концентраторлорун алууга жумшап жатыптыр. Активист Урмат Насыкулов баштаган топто 15ке жакын ыктыярчы бар.

Урмат Насыкулов.
Урмат Насыкулов.

«Биз пандемия күчөп жаткан кезде жөн карап отура алган жокпуз. Мурдагыдай эле чогула калып, жардам берели деп чечтик. Дарыгерлер менен байланышканда, алар бир ооздон дем алдыруучу каражаттар жетишсиз экенин айтышты. Ушундан улам акча чогултуу ишин баштап, бир күн ичинде 10 миң долларга жакын сумма чогулду. Азыр концентраторлорго буюртма берип жатабыз», - деди Урмат Насыкулов биз менен болгон маегинде.

Социалдык тармактарда бир канча мейманканалар менен тойканалардын ээлери имараттарын бейтаптарды дарылоого убактылуу берерин жазышкан. Алардын арасында жаш ишкер Нурсултан Кубанов да бар. Кубанов өзү иштеткен билим берүү борборунун имаратын бошоткон экен.

Нурсултан Кубанов.
Нурсултан Кубанов.

«Пандемия шартында биз Бишкектеги бир же эки борборубуздун имаратын бейтапкана катары колдонууга берели деп чечтик. Себеби, мен өзүм да пневмония болуп ооруп калдым. Бирок бизде ким иштейт деген суроо пайда болду. Азырынча шарттарын жасай берели деп, койкаларды жайгаштырып атабыз. Дем алдыруучу аппараттарды да издеп жатабыз. Бизге эми Саламаттык сактоо министрлигинин макулдугу же колдоосу керек болуп жатат. Анткени бардык уюштуруу иши мыйзам чегинде жүрүшү керек», - дейт ал.

Ал ортодо Кыргызстандын Медайымдар биримдиги медицина кызматкерлеринин базасын түзө баштады. Андан ары ал кызматкерлерди бөлүштүрүү ишин Саламаттык сактоо министрлиги аткарат. Биримдиктин өкүлү Гүлназ Ажыманбетова каалоочулардын баары атайын иштелип чыккан тиркемени толтурса болорун билдирди:

«http://med.kg/ru/vrachi.html тиркемесине кирип эле тиешелүү суроолорго жооп жазып коюшса болот. Биз алгач «WhatsApp» аркылуу кабыл ала баштаганбыз. Бирок кайрылгандар абдан көп болгондуктан атайы база үчүн тиркемени ишке киргиздик. Жарнамада медициналык чөйрөдө иштеген, тажрыйбасы бар адамдарды кабыл аларыбызды жазганбыз. Бирок бизге такыр башка кесиптин ээлери да жазып жатышат. Бейтап менен иштеген жеңил иш эмес, аны да эске алыш керек. Кабыл алуу аяктагандан кийин тажрыйбалуу медайымдар окуулардан өтүшөт. Алар мекемелерге бөлүштүрүлөт».

Ал эми «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев элдин башын кошуу ишин өкмөт көзөмөлгө алышы керек деген пикирде.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Мамлекеттин, өкмөттүн колунан келбей, алы жетпей калганда албетте, эл өзүн өзү коргоп, кам көрүшү керек, - деди ал. - Бүгүн бардык ресурс мобилдешип жатат. Бул абдан жакшы нерсе. Ар бир адам колунан келген жардамын коомго, башка адамдарга бериши керек. Жардамдын азы, көбү болбойт. Бул коомдун өзгөрүп жатканынын, ниети тазаланып жатканынын белгиси. Мындай жардам, аракеттер башаламан болбошу керек. Башаламан болчу ресурстар натыйжалуу пайдаланылбай калат. Муну мамлекет көзөмөлдөп турушу зарыл. Табылган ресурс эң керектүү жерлерге жумшалышы керек».

Бишкектеги медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүш үчүн аймактардан 100гө жакын ыктыярчы-дарыгер келери да белгилүү болду. Алардын бир бөлүгү 118 кеңеш берүү кызматынын ишине тартылат.

Жалпысынан 18-марттан 2-июлга чейин өлкөдө коронавирус 6261 адамдан табылды, алардын ичинен 66 бейтап кайтыш болду, 2530 бейтап айыгып кетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG