Беш айдан бери дээрлик күн сайын оппозициянын нааразылык акциялары өтүп жаткан Венесуэланын лидери Николас Мадуро эки күн мурда Каракастагы маалымат жыйынында өлкөнүн эски өнөктөшүнө кайрылды.
Ал Орусияны АКШнын "аскердик коркунучун" алдын алууга көмөктөшүүгө чакырып, жакын арада Москвага барарын, орус президенти Владимир Путин менен жолугарын билдирди.
Барган сайын элдин колдоосун жоготуп бараткан Мадуро орус лидерин мактап, АКШ президенти менен байланыша албай жатканын айтты:
- Биз Орусияны бардык эл аралык айдыңдарда, тынчтык саясатында колдойбуз. Бүгүн президент Владимир Путин дүйнөнүн негизги лидери. Ал андай болгусу келген эмес, тарых өзү алып келди. Тилекке каршы, биз учурда АКШ өкмөтү менен эң начар мамиледебиз. Трамп Мадуро менен телефондон сүйлөшкүсү келбей жатат. Мадуро болсо ал менен сүйлөшүүнү каалайт.
Николас Мадуро 2013-жылы бийликке келгенден бери мурдагы социалисттик лидер, маркум Уго Чавестей кадыр-баркка ээ боло алган жок. Тескерисинче анын учурунда оппозициялык партиялар эл ичинде көбүрөөк колдоо таба баштады. Анын үстүнө мунай баасынын төмөндөшү дүйнөдөгү кара май экспорттоочулардын башкы сабында турган Венесуэладагы жашоо-шартты да начарлатты. Буга кошумча Мадуронун саясий атаандаштарды алсыратуу аракети да сынга кабылган.
Март айында Венесуэланын Жогорку Соту оппозиция басымдуулук кылган улуттук ассамблеянын ыйгарым укуктарын өзүнө алууну чечкени массалык демонстрацияларга түрткү берди. Андан бери полиция менен кагылышуулардан жүздөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Оппозиция Мадуронун өкмөтүн бийликти бир чеңгелге алды деп күнөөлөп, анын кызматтан кетишин, кезексиз шайлоо өтүшүн, саясий туткундардын бошотулушун талап кылууда.
30-июлда Мадуронун декретинин негизинде жаңы конституциялык ассамблеяга шайлоо өткөн. Бул орган саясий туңгуюктан чыгуу үчүн Конституцияны өзгөртүү максатында түзүлгөн. Өкмөт шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 41 пайыздан көбү келгенин, жеңишке жеткенин билдирген. Оппозиция жаңы орган Мадуронун өкмөтүнө Баш мыйзамды каалагандай өзгөртүүгө жол ачат деп, бул өнөктүккө дээрлик катышкан эмес.
9-августта Вашингтон жаңы кеңешти түзүүгө катышкан сегиз венесуэлалык расмийлерге санкция киргизген. Андан көп өтпөй АКШ президенти Дональд Трамп Венесуэладагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн керек болсо аскердик чаралар колдонулушу мүмкүндүгүн ишара кылган:
- Венесуэла башаламандык ичинде. Бул өтө коркунучтуу башаламандык, өтө жаман абал. Бизде Венесуэла боюнча көп варианттар бар. Айтмакчы, аскердик вариантты да жокко чыгарбайм. Бул бизге коңшу өлкө. Биздин күчтөр бүтүндөй дүйнөдө, алыскы аймактарда бар. Венесуэла алыс эмес. Ал жерде эл кыйналып жатат, алар өлүп жатышат.
23-августта АКШнын вице-президенти Майк Пенс да Флорида штатында теги венесуэлалык жарандарга кайрылуу жасап, Венесуэла диктаторлукка багыт алганын, бул өлкөдө кырдаал курчуса, анын кесепети оор болорун, маңзат соодасы, мыйзамсыз миграция күчөрүн айтты.
Орусия президент Трамптын аскердик вариант тууралуу айтканын "кабыл алынгыс" деп мүнөздөгөн. Москва расмий билдирүүлөрүнүн биринде чет мамлекеттер Венесуэланын ички ишине кийлигишпеши керек деп белгилеген.
Венесуэла менен Орусиянын ортосунда көп жылдардан бери саясий жана экономикалык жакын мамиле бар. Маселен, Венесуэла 2008-жылдагы орус-грузин согушунан кийин өз алдынчалыгын жарыялаган Абхазия менен Түштүк Осетияны эгемен өлкө катары тааныган.
11-августта Рейтер агенттиги атайын баяндамасын жарыялап, Орусия Венесуэланын социалисттик өкмөтүнө накталай акча жана кредит берип, анын акысына мунай кендерине көзөмөлүн орнотуп жатканын жазып чыкты.
Бул аптада Москвага келген Ватикандын чабарманы, кардинал Пьетро Паролин да Орусияны ортодогу жакын мамилени колдонуп Венесуэладагы чыңалууну жөнгө салууга жардам берүүгө үндөдү.
Бирок Орусия океандын ары жагындагы өлкөнүн туруктуулугуна кандай салым кошо аларын азырынча так айта элек.