Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Вашингтондогу сүйлөшүү, Тоолуу Карабактагы атышуу


Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов. 27-июнь, 2023-жыл. Вашингтон.
Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов. 27-июнь, 2023-жыл. Вашингтон.

Армения менен Азербайжандын министрлери Вашингтондо тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрүп жаткан маалда Тоолуу Карабакта атышуу болгону кабарланды. Жикчил аймактын де-факто бийлиги 28-июндун таңында билдиргендей, азери армиясынын огунан төрт этностук армян аскери мерт болду. Ал эми Азербайжандын Коргоо министрлиги алардын турумдары Тоолуу Карабак тараптан аткыланып, бир азери аскери жарадар болгонун маалымдады.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 29-июндагы өкмөттүн жыйынында Азербайжан Тоолуу Карабактагы чагымга маалыматтык жактан алдын-ала даярдык көргөнүн билдирди. Ага чейин расмий Баку тараткан билдирүүдө "армяндардын мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрү Азербайжандын аймагындагы аскердик позицияларды аткылашканы" жазылган.

Соңку бир айдан бери Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрүн жана Тоолуу Карабактын жикчил армиясын ок атышууну токтотуу режимин бузганы үчүн айыптап келүүдө. Ал эми Ереван бул дооматтарды четке кагып, тескерисинче азери аскерлерин күнөөлөйт.

Тоолуу Карабактагы соңку окуя Вашингтондо өткөн жолугушууда да көтөрүлдү, бирок анын жүрүшүнө кедергисин тийгизген жок. Буга чейин Тоолуу Карабактын жикчил парламенти Армения делегациясын тынчтык сүйлөшүүлөрдү дароо токтотууга чакырган.

Тынчтык сүйлөшүүсү уланды

28-июнда Вашингтондо Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливандын үч тараптуу жолугушуусу өттү.

Андан соң Жорж Шульц атындагы тышкы иштер боюнча улуттук окутуу борборунда мамлекеттик катчы Энтони Блинкен эки министрди кабыл алды.

Алгач ал кызматташтарынын ар бири менен өз алдынча сүйлөшүп, андан кийин биргелешкен жолугушуу өткөрдү. Мамдепартаменттин өкүлү Мэтью Миллер билдиргендей, жабык өткөн жыйында эки тарап үчүн тең "абдан сезимтал маселелер" көтөрүлдү.

"Кошмо Штаттар Армения менен Азербайжандын тынчтык жараянына катышууга болгон жемиштүү аракетин кубаттайт жана ушул импульсту сактап калуу үчүн колдоо көрсөтүүнү улантат", - деди Миллер.

Армения менен Азербайжандын Вашингтондогу үч күндүк тынчтык сүйлөшүүлөрү 27-июнда башталган. Энтони Блинкен Твиттерге жазгандай, Кошмо Штаттар Армения менен Азербайжандын "татыктуу жана бекем макулдашууга жетишүү багытындагы биргелешкен ишин" колдойт.

2020-жылдагы алты аптага созулган согушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону кабарланган.

Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган. Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, аймакка Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти жайгаштырылган.

Ереван Орусиянын бейпилдик күчтөрү Тоолуу Карабактагы этностук армяндарды коргоо боюнча убадаларын аткарбай жатканын бир нече ирет билдирген.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Москва Тоолуу Карабактагы соңку окуя боюнча тынчсызданып жатканын маалымдады.

"Биз Тоолуу Карабактагы атышуу режиминин бузулушу жана куралдуу кагылышуулардын улам кайталанып жатышына тынчсыздануудабыз. Тараптарды сабырдуу болууга жана баардык талаштуу маселелерди бейпилдик күчтөрүнүн башчылыгы менен байланышуу аркылуу тынч, саясий дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырабыз", - деген Захарова 23-июндагы билдирүүсүндө Азербайжан Лачын коридиорун жаап салуу менен чыңалууну күчөткөнүн кошумчалады.

Лачын коридорунун айланасындагы келишпестик

Орусия Азербайжандан Тоолуу Карабакты Армения менен байланыштырган Лачын коридору аркылуу тоскоолдуксуз өтүүгө шарт түзүүнү талап кылды.

Лачын коридору - Армения менен Тоолуу Карабакты байланыштырган алты чакырымга созулган коридор. 1992-жылдан 2020-жылга чейин Тоолуу Карабактын жикчил бийлиги көзөмөлдөп келген. 2020-жылдын ноябрь айында Лачын коридорунда Орусиянын бейпилдик күчтөрү жайгашкан.

2023-жылдын 23-апрелинен Лачын коридоруна Азербайжан көзөмөл-өткөрмө бекетин жайгаштырган. Коридор 15-июндан баштап жабылганы тууралуу кабарланган.

2023-жылдын 23-апрелинен Лачын коридоруна Азербайжан көзөмөл-өткөрмө бекетин жайгаштырган.
2023-жылдын 23-апрелинен Лачын коридоруна Азербайжан көзөмөл-өткөрмө бекетин жайгаштырган.

Армян тарап билдиргендей, Тоолуу Карабак дээрлик бир жумадай блокадада болду. Азык-түлүк, ал тургай гуманитардык жардам, дары-дармек да киргизилбей калды.Бирок Баку жайкын тургундар жана гуманитардык жардам кербендери өткөрүлүп жатканын билдирген.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 22-майда Ереван өзүн-өзү “Тоолуу Карабак Жумурияты” деп атаган аймакты Азербайжандын бир бөлүгү деп таанууга даяр экенин билдирген. Бирок бул үчүн Баку аймакта жашаган этникалык армяндардын коопсуздугун камсыздоого тийиш деген шарт койгон.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей этностук армян отурукташкан.

XS
SM
MD
LG