Челябинскинин Кременкул айылында мурдагы "вагнерчилер" жана Украинадагы согуштун катышуучулары мигранттарга каршы кайгуул топторун түзүштү.
Бул айылдын тургундары эки айдан бери борбор азиялык мигранттар эмгектенген базарды жабууну талап кылып, ар кандай акцияларды өткөрүп келет.
"Биз фронтто жүрсөк, мигранттар жерибизде башаламандык уюштурууда"
"Вагнер" менчик аскердик компаниясынын мурдагы жоочулары жана Украинадагы согушка барып келгендер жергиликтүү активисттер менен биргеликте Кременкул айылынын көчөлөрүн күзөтүүгө киришкени тууралуу маалыматты бир катар Телеграм-каналдар жазды.
Алардын биринде "Сокол" деген аталыштагы кошуун бир гана Кременкулда эмес, жакынкы калктуу конуштарга да күзөткө чыгары айтылган. Маалыматка караганда, бул топко кошулуу ниетин жүздөгөн кишилер билдирген.
Видеолордо жергиликтүү тургундар кошуундун мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип жатканын көрүүгө болот.
"Мен силерге рахмат айткым келет. Биздин көйгөйгө кайдыгер карабай жардамга келгениңерге ыраазымын. Эми мен үйгө келатканда коркпойм, балам да коркпойт", - дейт Екатерина аттуу тургун.
Мигранттарга каршы кайгуул топко аскердик кабарчы, блогер жана Украиндагы согушка катышып жүргөн Александр Воложанин да кошулганы кабарланды. Ал орусиялыктар фронтто жүргөндө өлкөдө кылмыштуулук деңгээли кескин жогорулаганын билдирди. Анын пикиринде, борбор азиялык мигранттарды согушка айдоо керек.
"Жакында мончого түшүп жатсам, ал жакта абдан көп тажиктер бар экен. Аларга "жигиттер, мына мен жаңы эле атайын аскердик операциядан келдим, силер эмнеге барып мекенди коргобойсуңар, бул жактан документ алып жатпайсыңарбы?" деп сурадым. Алар "бизге кереги жок, беш-алтыдан балдарыбыз бар" дейт. Биз фронтто мекенибизди коргоп жүргөндө, алар бул жакта башаламандык уюштуруп жатышат", - деди Воложанин өзүнүн Телеграм-каналына жайгаштырган видеодо.
Кылмыштуулуктун деңгээли демекчи, Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин быйылкы жылдын алгачкы алты айында былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу мигранттар уюштурган оор кылмыштардын саны 32% өскөнүн белгиледи. Бул тууралуу ал 25-сентябрда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.
Воложанин жергиликтүү Ички иштер башкармалыгына кайрылып, "эгер Кременкулда тартип орнотпосоңор, анда өзүбүз киришүүгө аргасыз болобуз" деп эскертти.
Кременкул айылынын ондогон тургундары буга чейин базарды жабуу талабы менен бир нече жолу митинг өткөрүшкөн. Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин атына видеокайрылуу жолдошкон.
Жергиликтүү тургундардын пикиринде, калаа борборундагы базар мыйзамсыз ачылган жана ал башка максаттарга багытталган.
"Базар иштей баштаган бир ай ичинде эле айылдын жанындагы токойдон чириген жашылча-жемиштер, койдун терилери жана сөөктөрү салынган мүшөктөр табылган. 30 700 калкы бар айылга беш жүздөн ашуун мигрант кирген", - деди айыл тургуну.
Миграциялык борборго каршылардын кайрылуусу
Ал арада Москванын жанындагы Подольск шаарынын тургундары президент Путинге видео аркылуу кайрылып, миграциялык борбор ачууга жол бербөөгө чакырышты. Алардын айтымында, борбор жайгаша турган аймакта бир нече мектеп жана бала бакча бар. Учурда жергиликтүү тургундар борбордун курулушун токтотуу талабы менен петицияга кол топтоп жатканы маалым болду.
Борбор азиялык мигранттарга каршы кайрылуулар Орусиянын ар башка аймактарында соңку үч ай ичинде көбөйгөнү байкалат.
Буга чейин Москва облусундагы Котельники, Красногорск шаарларында дагы жергиликтүү тургундар "каптап кеткен мигранттарга каршы чара көрүүнү" бийликтен суранган.
Укук коргоочу Александр Ким "Биз жана дүйнө" талкуусунда мындай кайрылууларга бийлик да шыкак берип жатат деген оюн бөлүшкөн.
"Орус калкынын басымдуу бөлүгүнүн ксенофобиялык (башка улуттагылардан, диндегилерден корко берген) көз карашы түрткү болууда деген ойдомун. Орусияда ксенофобия ар дайым, алтургай Cоветтер Cоюзунун доорунда дагы болгон. Ал эми азыр бийлик жөн гана жек көрүүчүлүктүн коомчулукта ачык туюнтулушун чектебей калды. Чындыгында, көп жылдан бери жүрүп аткан мигранттарга каршы пропаганданын натыйжасында коомдо ксенофобия жаман эмес деген пикир калыптанып бараткандай. Ошондой эле орус коомунда миграциялык саясатты чектөө талабы бар", - деген Ким.