18 жыл бою хижабчан жүргөн Муслима өлкө тарыхында алгач ирет ушундай куугунтук башталганын, мунун айынан бир нече айдан бери көчөгө чыга албай кыйналып жатканын айтып арызданган.
Ал хижабчан жүргөн айрым кыз-келиндерди көчөдөн милиция кармап, ички иштер бөлүмүнө алып барып, ким экенин тастыктагандан кийин койо берип жатканына өзү күбө болгон. Үнүн радиого жаздыргандан корккон бул аял “Азаттыктын” өзбек кызматына электрондук кат аркылуу арызданды.
Метро баштаган коомдук унааларда да хижаб кийгендерди катуу текшерип, тартип сакчылары алардын колунан сумкасын жулуп алып, ичиндегилердин баарын жерге төгүп, кемсинткен окуялар боло баштады дейт Муслима. Кокус милиция сумкадан дептер, китеп көрүп калса, ар бир барагын ачып окуйт экен.
- Көчөгө такыр чыкпай калдым. Акыркы бир нече айда сыртка чыккандан коркуп жашап жатам. Күч органдары менден "оронбойм" деген тил кат алышкан. Тааныш кыз-келиндердин көбүн ушинтип жаздырышкан. Албетте алардын бир тобу нааразы. Айрымдарын ички иштер бөлүмүнө алып барып, хижаб кийсеңер биринчи 700 миң сум айыппулга жыгыласыңар, экинчисинде 15 сутка камаласыңар, үчүнчүсүндө эки жылга кесилесиңер деп катуу эскертишиптир, - деп жазат Муслима.
Өткөн аптада Ташкенттеги маале комитеттери хижабчан аялдарды чакырып алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мусулман оромолун жамынуу мыйзамга каршы экенин айтышып, Өзбекстан хижабга тыюу салган деп, мындан ары жамынбай жүрүүгө убада берген кагазга кол койдуруп алышкан. Ташкенттин Улугбек Мирзо районунан келген маалыматка караганда, мындай иш-чаралар Өзбекстан Ички иштер министрлигинен түшкөн буйруктан улам жүрүп жатат.
Тартип сакчылары мында Өзбекстандагы Диний ишенимдердин жана уюмдардын эркиндиги жөнүндөгү мыйзамдын 184-беренесиндеги “Атуулдардын коомдук жайларда кандайдыр бир культту кубалап кийинүүсү тууралуу жобону" жүйө катары кармап жатат. Ал арада Өзбекстандын Дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, шейх Абдулазиз Мансур:
- 1998-жылы кабыл алынган бул мыйзам боюнча “культук” делген сөз диний кийинүү дегенди түшүндүрөт, демек “диний” кийим кийгендер коомдук жайларга барганга тыюу салынат. Бизде мындай "диний" кийим жок, христиандардыкы бар да. Мусулмандар авратын жапкан бардык кийимди кийе алат. Аялдар үчүн аврат деп бети, колунан башка бардык турпаты, эркектердики киндигинен тизесине чейинки жери айтылат. Азыр эл арасында түшүнбөстүктөр болууда, бирок бийликтен эч ким кандайдыр бир буйрук алган эмес, - деп айткан.
Бирок “Азаттыкка” кат жазган Муслима кырдаал таптакыр башкача дейт.
- Шариятка ылайык кийинген кыз оромолун чечкиче көп кыйынчылыктан өтөт. Ар бир мектеп, окуу жайдын алдында исламды жектеген 25-30 жаштардагы жигиттер туруп алып, күнүгө оромолчондорду чечинтет. Макул болбогондорду түшүнүк кат жаздыртышат. Мындай кысымдан улам ата-энелер да кыздарынын оронуп жүрүүсүн каалашпай, хижабдарын чечтирип, өзбек салтына ылайык жоолукту артына байлатып жатышат, - деп жазган.
Быйыл октябрь айынын ортосунда Наманганда жума намазына ак топучан баргандарды милиция бирден текшерип, мыйзамды бузуп жатасыңар деп киргизбей койгон. Ошондой эле айт, жума намаздарына жаш балдарды алып барууга жана арабдардын улуттук кийимдерин кийгендерди мечитке киргизүүгө да тыюу салынган эле.