Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:45

Борбор Азиянын "Шенген визасы"


Ташкент.
Ташкент.

Өзбекстан менен Казакстан кийинки жылдын февраль айынан тарта Евробиримдиктин Шенген визасы сыяктуу "Silk Visa" же "Жибек жолу визасын" ишке киргизгени жатат.

Мындай жаңы программага ылайык, колунда Өзбекстандын же Казакстандын визасы бар чет өлкөлүк жаранга эки өлкөнүн аймагына кирүүгө жол ачылат. Кыргызстан да бул долбоорго кошулууга даяр экенин билдирүүдө.

Өзбекстандын Туризм боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Улугбек Касымхожаев 20-декабрда Ташкентте журналисттерге билдиргендей, "Silk Visa" же "Жибек жолу визасын" ишке киргизүү долбоору чөлкөмдөгү туризмди өнүктүрүүнү максат кылат.

Борбор Азияда бирдиктүү “Жибек жолу визасын” түзүү идеясы алгачкы жолу июнда айтылган. Казакстандын Сарыагаш аймагында өзбек жана казак депутаттарынын жолугушуусунда бул демилгени биринчи болуп, Казакстандын Сенатынын эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрайымы Дарига Назарбаева сунуштаган:

- Европалык же Түштүк-Чыгыш Азиядан келген бай туристтерге Борбор Азияга жетүү оңой иш эмес. Ошондуктан алар ушундай узак жол баскандан кийин бир эле сапардын алкагында, албетте, дароо баарын көрө кеткиси келет. Бул үчүн биз жалпы визалык режим түзүшүбүз керек. Бул биздин "азиялык шенген" болушу мүмкүн экенин талкууладык. Балким "Silk Visa" деп аталышы ыктымал.

​Өзбекстандын Туризм боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Улугбек Касымхожаев "Silk Visa" долбооруна Борбор Азиядагы дагы эки мамлекет - Тажикстан менен Кыргызстан келечекте кошулууга ниеттенип турганын билдирди.

Бул маалыматты “Азаттыкка” Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов да ырастады:

- Бул долбоор чынын айтканда башында үч мамлекеттин – Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын ортосунда башталган. Азыркы күнгө чейин долбоордун башталышы тууралуу расмий түрдө жарыялана элек болчу. Расмий жарыялангандан кийин биз ага кошулганга даярбыз деп кат жөнөттүк.

Азамат Жаманкуловдун айтымында, чет өлкөлүк саякатчылар Борбор Азияны маданий жана тарыхый жактан бир жалпы аймак катары көрүшөт. Андыктан бир мамлекетке келген туристтин башка өлкөгө да кирүү мүмкүнчүлүгү аймактагы жалпы туризмдин өнүгүүсүнө шарт түзөт. Министр "Silk Visa" же "Жибек жолу визасын" Европа мамлекеттериндеги Шенген визасына салыштырды:

Азамат Жаманкулов.
Азамат Жаманкулов.

- Артыкчылыктары көп. Бул бизге келген турист Казакстанга да, Өзбекстанга да тоскоолдуксуз кире алат дегенди билдирет. Же тескерисинче алардан бизге келет. Экономикага да таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени азыр биздин Борбор Азия чөлкөмү бир аймак катары каралып жаткандыктан, Өзбекстанга келген турист Кыргызстан менен Казакстанды, же Кыргызстанга келген турист Казакстан менен Өзбекстанды кыдырганды каалайт. Бул деген бири- бирин толуктаган туризмге кирип калат. Өзбекстанда тарыхый объекттер көп болсо, бизде кооз жаратылыш, кооз жерлер көп.

Буга чейин Казакстан Азербайжан менен Түркияны да жаңы программага тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлаган.

Өзбекстанга 2016-жылы Шавкат Мирзиёев президент болуп келгенден бери Ташкент коңшулары менен алаканы жакшыртып, саясий реформаларды баштап, экономикалык мыйзамдарды либералдаштырып келе жатат.

Ташкент жакында 22 өлкө үчүн визасыз режим киргизүүнү көздөп жатат. Учурда бул өлкөгө сегиз өлкөнүн жарандары визасыз кирип чыга алат, ал эми 50 өлкө үчүн жеңилдетилген режим каралган.

Ал эми Казакстанга 60тай өлкөнүн жарандары визасыз же жеңилдетилген виза менен кирсе болот.

Кыргызстан болсо, 2012-жылы эле АКШ, Германия, Франция, Жапония сыяктуу дүйнөнүн өнүккөн 45 өлкөсүнүн жарандарына Кыргызстанга визасыз келүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алган. Бул мамлекеттердин жарандары виза албастан Кыргызстандын аймагында 60 күн жүрө алат.

Кыргызстандын Туризм департаментинин маалыматы боюнча, акыркы беш жылда өлкөгө визасыз кирген туристтер жылына 40 миңден 113 миңге көбөйгөн. Былтыр визасыз режим кирген өлкөлөрдөн 99 миңге жакын турист келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG