Маркумдун жасаты 3-февралда түн жарымда Навойидеги абактан чыгарылып, Анжияндын Пахта-Абад районундагы үйүнө жеткирилген. Анын сөөгү ошол эле таңда жерге берилди. Сөөктү алып келген милиция кызматкерлери маркумдун жакындарына анын кандай жагдайда ажал тапканын айткан эмес жана тез арада сөөктү жерге берүүнү талап кылышкан.
Жаназага катышкан жергиликтүү тургундардын биринин “Азаттыктын” өзбек кызматына айтышынча, Махмуджанды акыркы сапарга узатуу ырасмиси ондогон милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө өткөн.
42 жаштагы Махмуджан Хасанов 1999-жылы тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" диний уюмуна мүчө болгон деп айыпталып, 9 жылга эркинен ажыратылган эле. Маркумдун жакындары “Азаттыкка” сүйлөп берүүнү каалаган эмес.
Анын жасаты чыккан Навойидеги 64/46 номерлүү абак Өзбекстандагы кыйноолор эң көп колдонулган жаза өтөө мекемелеринин бири катары саналат.
Ташкендеги көз карандысыз укук коргоочулар тобунун башчысы Сурат Икромовдун айтымында, абактагы кыйноолорго көбүнчө диний жана саясий негизде камакка алынгандар дуушар болот.
- Кээ бир абактарда диний негизде камалгандарга намаз окуганы үчүн кыйноолор колдонулат. Ага нааразылык билдирилсе, аларды түрмөнүн ичиндеги бир жерге камап, ар кандай ыкмалар менен кыйноого алышат. Мындай кыйноолордон кийин бир канча адам жарык дүйнө менен кош айтышкан учурлар болуп жатат, - дейт өзбек укук коргоочусу Сурат Икромов.
Эл аралык укук коргоо уюмдары Өзбекстандын түрмөлөрүндө айыпкерлер такай кыйноого кабылып жатышына тынчсыздануу билдирип келет. Бирок эл аралык укук коргоо уюмдары үчүн өзбек абактары эшик ачпайт. Алардын өкүлдөрү өлкөдөгү түрмөлөргө кирип, андагы чыныгы абалды көрүп, кыйноолорго байланышкан жагдайды изилдөөгө бир канча жылдан бери аракет кылып келгени менен азырынча өтүнүчтөрү жоопсуз калып жатканына айтып келишет.
Өзбекстандын абактарында ажал тапкандардын сөөгү жакындарына берилбей, атүгүл маркумдун жакындарына кабар да айтылбай калган учурлар да жок эмес.
Маселен, Өзбекстандын Анжиян шаарында 2005-жылдын 13-майында болгон окуяны түрмөдөн туруп башкарганы айтылган Акрам Юлдашев беш жыл мурда, 47 жашында абакта өлүмгө кабылганы өткөн айда гана белгилүү болду. Террорчулукка айыпталган Юлдашев 1999-жылы 17 жылга кесилип, жаза мөөнөтүн бир кишилик камерада өтөп жаткан эле.
Өзбекстанда кошуна өлкөдө диний-экстремисттик уюмга аралашкан, же ошондой уюмга тиешеси бар деген айып менен камалгандардын саны ондоп саналат. Бирок алардын так саны белгисиз.