Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Казакстанда кулга айланган өзбектер


18 жаштан 21 жака чейинки өзбек мигранттарынын оор абалын азыр бийликтер териштирип жатышат
18 жаштан 21 жака чейинки өзбек мигранттарынын оор абалын азыр бийликтер териштирип жатышат

Казакстанда кул катары иштетилип жаткан 43 өзбек мигрантынын оор ал-акыбалы жөнүндө алар өздөрү ушул аптада “Азаттык” үналгысына чалып айтышты.

Постсоветтик аймакта бир мамлекеттен экинчисине барып, мигрант катары иштегендер көп. Борбор Азия мамлекеттеринен чыккан мигранттардын көбү Орусияга жана коңшулаш Казакстанга иш издеп барышат.

Көп учурда алардын укуксуз абалынан пайдаланып, мигранттарды кул катары иштетип жүргөндөр тууралуу угуп калабыз. Мына ушундай абалда калган өзбек мигранттары тууралуу ушул аптада “Азаттык” радиосунун өзбек редакциясы айтышты.

“Өзбекстандан бир жигит келген, - дейт ошол мигранттардын бири. - Анын паспортун алып коюшкан. Ал күн сайын биз тарапка келет. Ага акча төлөшпөйт, кулдай иштетишет. Качып кетейин десе, паспортун тартып алышкан. Казак киши бул жердеги өзбектерди аябай сабайт, ага боорубуз ооруйт. Бирок эч нерсе кыла албайбыз. Барсак, келтек жебей кайтпайсың”.

Биз андан ошол жердеги башка мигранттар менен да сүйлөштүрүп беришин сурандык. Алардын бири мындай деди:

“Көптөн бери үйгө кете албай жатам. Коюп жибер десек, жөнөтпөйт. “Паспортуңду берем, акча төлөбөйм. Үйүңө жөө кетесиң!”, - дейт. Эмне кылышты да билбей калдым. Өзбекстанда болсо жасай турган жумуш жок. Бул жерде капуста, подимор, картөшкө, бадырың эктиришет. Таңкы алтыда тээп тургузушат. Түнкү 12 ге чейин тыным албайбыз. Кээде түнкү 3 да тургузуп алышат. Келгенибизге алты ай болуп калды. Эми эмне кыла алабыз?”.

Сөзүбүз ушул жерине жеткенде жанындагы дагы бир жигит телефонду алып, азыр түз ободо уктурулуп жатабы деп сурады.

Кабарчыбыз “Жок, азыр үнүңөрдү жазып жатабыз”, - десе, буларды кошумчалады:

“Азыр биз бул жакта эмне кылып жүрөбүз? Мунун баарына себеп – акча, - дейт ал. - Өзбекстан эгемен болду деп эле төш кагып келебиз. “Жаштар – биздин келечек!” деп эле кыйкырганды жакшы көрөбүз. Биздин келечегибиз мына ушул жерде. 18 жаштагы баланын айтканын угуңузчу! Үстүбүз кир, тытылган. Өзбекстандын эгемендиги ушулбу?”.

18 жаштан 21 жашка чейинки бул жигиттерди алты ай мурда Өзбекстандын Ташкен облусунан Астанага алып кетишкен экен. Башында алар менен жумуш боюнча келишим түзүлүп, аз-аздан акча да берилген. Бирок кийин абал такыр өзгөрүп кетти.

Азыр алардын иши боюнча маалыматты Казакстандын Ички иштер министрлиги жана адам укугун коргоочу уюмдар териштирип жатышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG