Шавкат Мирзиёев антты өзбек парламенти - Олий Межлистин кош палатасынын биргелешкен жыйынында берди. Ант берип жатып колун өзбек Конституциясына жана Куранга койду.
Ташкенттен түшкөн маалыматтардан белгилүү болгондой, жаңы президенттин ант берүү аземине алыс-жакындан мартабалуу коноктор чакырылган да, барган да жок.
Жөрөлгөгө өзбек парламентинин мүчөлөрү, өкмөт өкүлдөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнөн тышкары чет өлкөлөрдүн элчилери менен эл аралык уюмдардын Ташкенттеги өкүлчүлүгүнүн башчылары гана катышты.
Өзү Өзбекстанда мамлекет башчысынын кызматка киришүү аземин ашыкча шаан-шөкөтсүз, жупуну өткөрүү Ислам Каримовдун доорунан бери калган салт. Маркум Каримовдун акыркы, төртүнчү инаугурациясы да былтыр 10-апрелде парламенттин кош палатасынын биргелешкен отурумунда өткөн.
14-декабрдагы антында Шавкат Мирзиёев “Өзбекстандын элине ак ниеттен кызмат кылуудан тышкары жарандарын укуктарын жана эркиндиктерин кепилдөөнү” убада кылды. Ал эми ант берүү жөрөлгөсүнөн кийинки сөзүндө “приоритеттик принцип - күчтүү мамлекеттен күчтүү жарандык коомго өтүү, ал эми актуалдуу милдет -демократиялык реформалардын натыйжалуулугун көтөрүү жана күчөтүү”, - деп ырастады.
Бирок, Францияда жашаган өзбекстандык укук коргоочу Надежда Атаева “Азаттык” радиосу менен маегинде өлкөдө эми чыныгы жарандык коомдун өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөрүнө анчалык ишена албай турганын белгилейт:
- Эгер кандайдыр бир чыныгы өзгөрүүлөр болуп кетсе мен жаңылганымды моюнга алууда кубанат элем. Бирок, реалдуулукту эске алганда менде азырынча оптимисттик маанай жок. Эгер Мирзиёев демократиялык өзгөрүүлөргө умтулуп жатса, ишти биринчи кезекте эмнеден баштоо керек? Менимче, сөз эркиндигин камсыз кылуу, укук коргоо ишмердигине эркиндик берүүдөн башташы керек. Өлкөдө көз карандысыз байкоочулар болуп, бийлик эркин добушту урматтамайынча башка фундаменталдык эркиндиктер иштебейт. Сөз эркиндиги үчүн шарт түзүп, ой-пикир билдирүү эркиндигин дискриминациялоону токтотмоюнча, демократияны өнүктүрүү жөнүндө декларациялардын баары сөз бойдон эле калып, бул өлкөдө эч нерсе өзгөрбөйт.
Президенттин милдетин аткара баштагандан бери жакшы коңшулук саясатын жактаганын ишара кылган айрым кадамдарга барган Мирзиёевдин айтымында “Өзбекстан тынчтыкты сүйгөн саясат жүргүзөт, бирок өлкөнүн суверенитетине шек келтирген күчтөргө жооп берүүгө даяр, мындан эч ким шек санабашы керек, бул үчүн күч да, мүмкүнчүлүк да жетиштүү”.
Мурда он үч жыл премьер-министр болуп кызмат өтөгөн 59 жаштагы Шавкат Мирзиёев 4-декабрдагы кезексиз президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланган. Расмий эсепте аны добуш бергендердин 88% ашууну колдоду.
КМШ жана Шанхай кызматташтык уюмунун өкүлдөрү адаттагыдай эле Өзбекстандын бул жолку шайлоосун эркин, атаандаштык шартында ачык-айкын, демократиялуу өттү деп баалашкан.
Ал эми ЕККУ байкоочуларынын пикиринде "шайлоо администрациясы өз ишинин ачык-айкындуулугун, добуш берүүнү талаптагыдай өткөрүү боюнча чараларын күчөткөн менен мамлекеттик субъектилердин үстөмдүк кылган абалы, негизги эркиндиктердин чектелиши саясий плюрализмге шек келтирип, атаандаштыгы чыныгы эмес өнөктүккө алып барды".
ЕККУнун Адам укуктары жана Демократиялык институттар боюнча бюросунун байкоочулары ошондой эле Өзбекстандын "ММКсы шайлоону өтө чектелген жана көзөмөлдөнгөн чөйрөдө чагылдырганын жана мамлекет аныктаган багыт шайлоочулар альтернативдүү көз карашты угушуна мүмкүндүк бербегенин", 4-декабрдагы президенттик шайлоо Өзбекстан "ар тараптуу, кеңири реформаларга муктаждыгын" баса көргөзгөнүн белгилешкен.