Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:24

АКШ Түркияга жооп кайтарды


Элчи Андрей Карловду эскерүү учуру
Элчи Андрей Карловду эскерүү учуру

Орусиянын Түркиядагы элчисинин өлүмүнө айрым түрк саясатчылары АКШны айыпташты. Буга түрк бийлиги террорчу деп эсептеген Фетхуллах Гүлендин аталган өлкөдө экени себеп болгон. Бул айыптарга АКШ кескин жооп кайтарды.

20-декабрда түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен телефондон сүйлөшкөн. Анда Чавушоглу "Түркия менен Орусия элчи Андрей Карловду өлтүргөндөрдүн артында ФЕТО турарын билет" деди.

Түркия АКШда баш паанектеп жүргөн Фетхуллах Гүленди экстрадициялоону талап кылган. Бирок, ынанымдуу далилдердин жоктугуна таянып, АКШ Юстиция министрлиги экстрадиция талаптарын аткарбай келатат.

Түрк бийлиги диниятчы Гүленди июлдагы төңкөрүш аракетин уюштурууга айыптаган, анын уюмун террорчу катары таанып, кыскача ФЕТО деп атаган.

Айрым түрк расмийлери Гүленди калкалап алуу менен АКШ Карловго кол салууга шарт түздү деп айтышкан. АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жон Кирби бул сөздөргө кескин жооп кайтарды:

- Мамлекеттик катчы Түркиянын тышкы иштер министри менен сүйлөшкөндө Гүлендин АКШда болгонуна байланыштуу бул кол салууга америкалыктардын тиешеси-колдоосу тууралуу Түркиядан айтылган сөздөргө камтамачылыгын билдирди. Бул күлкү келтирерлик жана таптакыр чындыкка коошпогон айып. Буга эч бир негиз жок. Мамлекеттик катчы тышкы иштер министри менен сүйлөшкөндө ал тууралуу абдан ачык айтты.

Кирби саясатчылардын алдын ала бүтүмдөрү тергөөгө тоскоол болорун эскертип, шашылбоого чакырды. Ошондой эле АКШ элчинин өлүмүн иликтөө үчүн жардамын сунуштады.

21-декабрда орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков да бул кылмыштын артында тургандар тууралуу чукул билдирүү таратууга болбой турганын айтты.

Элчиге кол салууну Анкара менен Москва чогуу иликтемей болушту. 20-декабрда Орусия жыйырма чакты тергөөчүсүн Түркияга жөнөттү. Орус коргоо министри Сергей Шойгу буларды айтты:

- Тыкыр иликтөө жүрүп, күнөөлүүлөр табылат деп үмүттөнөм. Мындай иштер биздин эл аралык терроризмге каршы күрөшүбүзгө байланыштуу экенин түшүнөм. Биз токтобойбуз.

Фетхуллах Гүлен элчини өлтүрүүнү карасанатайлык менен жасалган террор катары сыпаттады.

Элчи Андрей Карловго 19-декабрда "Орусия түрктөрдүн көзү менен" аттуу сүрөт көргөзмөдө сүйлөп жатканда өлтүрүлгөн. Ага тогуз ок жаңылып, адегенде оор абалда ооруканага түшүп, ошол жерден жан берген.

Кийинчерээк Мевлүт Мерт Алтынташ экени билинген кылмышкерди полиция атып өлтүргөн. Ал мурда полицияда иштегени, Гүлендин тарапташы деген айып менен жакында кызматынан бошотулганы белгилүү болду. Кылмышка шектелип анын алты тууганы кармалды.

Ошол эле учурда Алтынташтын “Муну Алеппо жана Сирия үчүн жасап жатабыз. Силер биздин аймакта жасаган бардык ишиңер үчүн жооп бересиңер”, деп түрк-араб тилдеринде кыйкырганынан улам ал Сириядагы радикал террордук топтор менен байланышта болгон деп дагы болжолдонууда.

Ошондой эле ал “Биз жихад жүргүзөбүз деп Мухаммед пайгамбарга убада бергенбиз” деп айткан. "Бул сөздөрдү адатта Сириядагы "Ан-Нусра" террордук тобу пропагандалык маанайдагы видеолорунда кеңири колдонот" деп жазат түркиялык "Хурриет" гезити.

XS
SM
MD
LG