Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:26

Трамптын жарлыгы соттон өтпөй калды


АКШда апелляциялык сот президент Дональд Трамптын администрациясынын иммиграциялык жарлык боюнча арызын колдогон жок. Сот чечимине ылайык, талаштуу жарлык аткарылбашы керек. Анткен менен талаштуу маселеге соңку чекитти Жогорку Сот гана коет.

Апелляциялык соттун президент Трамптын дүйнөнүн жети мусулман өлкөсүнөн АКШга келчүлөргө убактылуу тыюу салган жарлыгын четке кагышы жаңы администрация үчүн олуттуу сокку катары каралууда.

Сан-Францискодогу сотто администрациянын апелляциялык арызын караган үч судья мындай чечимди бир добуштан кабыл алышты.

Буга чейин Сиэтл шаарындагы федералдык судья президент жарлыгынын аткарылышын токтотуп, натыйжада жети мусулман өлкөсүнөн АКШга кире албай калгандарга кайрадан жол ачылган эле.

Баштапкы инстанциянын бүтүмү апелляциялык соттон да колдоо тапканы кандай таасир калтырганын Ак үй алдындагы маалымат жыйынында өлкө башчысынын өзү мындайча чечмеледи:

- Бул - саясий чечим. Бизде өлкөбүздүн коопсуздугу тараза ташына коюлган кырдаал болуп жатат. Бул өтө олуттуу кырдаал. Мен азыр эле айткандай биз доо арыз бергендер менен сотто көрүшүүнү чыдамсыздык менен күтөбүз.

Президент Трамптын жарлыгын мыйзамсыз деп эсептеген тарап соттун чечимин олуттуу жетишкендик катары мүнөздөөдө:

- Бул - Вашингтон штатынын толук жеңиши. Биз мыйзамдардын мамлекетибиз. Эң башынан тарта эле айтканыбыздай, бул мыйзамдар баарына, анын ичинде президентке да тиешелүү. Биз президент жарлыктарды чыгарууга келгенде абдан кеңири укуктарга ээ экенин урматтайбыз, бирок баары Конституцияга шайкеш болушу керек, - дейт АКШнын Вашингтон штатынын башкы прокурору Боб Фергюссон.

Вашингтон жана Минессота штаттары сотко кайрылууда президент Трамптын иммиграциялык жарлыгынын Конституцияга шайкештигинен да күмөн санашкан болчу.

АКШны “чет элдик террорчулардан” коргоо максатында делип, 27-январда кол коюлган жарлыкка ылайык, Иран, Ирак, Ливия, Сирия, Сомали, Судан жана Йемен жарандарынын АКШга кирүүсү 90 күнгө, текшерүүнүн жаңы эрежелери иштелип чыкканга чейин токтотулмак. АКШ ошондой эле 120 күнгө качкындарды кабыл алууну, ал эми сириялык качкындарды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө токтотмок.

Апелляциялык сот чечиминде АКШнын жогорудагыдай тыюуга каршы чыккан штаттары диний дискриминация боюнча “олуттуу айыптоолорду, маанилүү конституциялык суроолорду көтөрүшкөнүнө", ошондой эле Трамптын администрациясы коомдук коопсуздук тобокелчиликте турганы боюнча далилдерди келтире албаганына көңүл бурулган.

Судьялар белгилегендей, администрация тизмедеги жети мамлекеттен кимдир бирөө АКШда “террордук кол салуу” жасаганы боюнча далилдерди келтире алган эмес.

Ал эми жарлыкты жактырбагандар талаштуу документ Ак үй ислам динин тутунгандарга каршы багытталган эмес деп ырастаганы менен, президенттин “мусулмандарга тыюу салуу” ниети боюнча “бир нече билдирүүлөрүн” далил катары алып чыгышкан.

Президент Трамптын иммиграциялык жарлыгына тосмо койгон чечимди колдогон апелляциялык соттун үч судьясынын экөө мурдагы демократ президенттер Жимми Картер жана Барак Обама, бирөө республикачыл президент Жорж Буш тарабынан дайындалган. Талаш эми Жогорку Сотто чечилмекчи.

АКШ президентинин администрациясында апелляциялык соттун чечимин Жогорку Сотко берүүгө 14 күн убакыт бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG