Ак үй сенаторлордун катына кескин жооп кайтарды. "Сенаторлордун кайрылуусу президент Обама жүргүзгөн тышкы саясатка залака кылууну көздөгөн саясий оюн жана Иран менен ядролук келишим түзүүгө каршылардын көз карашын чагылдырат" деп билдирди Ак үйдүн өкүлү.
9-мартта Ирандын жетекчилигине жөнөтүлгөн катта республикачыл-сенаторлордун тобу ушу тапта Ирандын ядролук программасы боюнча талкууланып жаткан келшимди Конгресс жактырбай салса, 2017-жылы Барак Обама президенттиктен кеткенден кийин ал күчүн жоготушу мүмкүн деп айтылат. Себеби, Конгресс береги келишимди президент Обама жана Ирактын руханий көсөмү, Аятолла Али Хаменеи башындагы “аткаруу бийликтери ортосунда кол коюлган” деп эсептейт.
Тегерандын талаштуу ядролук программасы боюнча Р5+1 форматындагы сүйлөшүүгө бир тараптан АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция, Германия, экинчи жактан Иран катышууда.
Ак үйдүн өкүлү Жош Эрнест ошол эле күнү журналисттер алдында сүйлөп, республикачыл-сенаторлордун катын 31-мартка чейин Тегеран менен келишимдин жалпы негизи боюнча мунасага жетишүү аракетине бут тосуу аракети деп сыпаттады.
- Мен бул катты президенттин тышкы саясатты жүргүзүү жана улуттук коопсуздук боюнча кызыкчылыктарыбызды глобалдык масштабда алга түртүү жөндөмүнө каршы багытталган партиялык стратегиянын уландысы деп мүнөздөмөкмүн.
Барак Обама 47 сенаторду Иран жетекчилигине кат жазып, Тегеран өз позициясында бекем турсун деген ирандык саясатчыларды колдошууда деп сындады.
- Конгресстин кээ бир мүчөлөрүнүн Ирандагы ийилбес саясий багыттын тарапкерлери менен иштешкиси келгени адатта жок көрүнүш деп ойлойм. Бул таңкалычтуу коалиция. Менин оюмча, биз азыр келишимге жетебиз же жок деген маселеге көңүл бурганы жатабыз.
Жекшемби күнү Барак Обама Тегерандын ядролук ишканаларын эл аралык көзөмөлгө алууга мүмкүн болгон келишим түзүлбөсө, АКШ сүйлөшүүгө катышууну токтоторун билдирген.
Том Коттондун демилгеси менен даярдалган чуулгандуу катка Сенаттагы республикачыл көпчүлүктү түзгөн 54 сенатордун жетөө гана кол койгон эмес. Алардын бири Сюзан Коллинс айым: "Аятолла Сенаттын мүчөлөрүнүн катына өтө эле ишенип кетет деп ойлобом” десе, аризоналык республикачы Жефф Флекк: “Ядролук сүйлөшүү өтө катаал жүрүүдө. Ачыгын айтканда, бул кат пайдалуу деп ойлобойм” дейт.
Катка койгондордун бири-Жон Маккейн болсо, Конгресс Конституцияга ылайык, Ак үйгө кеңеш бере аларын эске салды:
- Бул деген Ак үйдүн "Конгресс кеңеш жана макулдук берүү боюнча конституциялык ролун аткарышы ыктымал" деп чочуп, ашыкча чый-пыйы чыгып жатканы эмеспи.
Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф республикачыл-сенаторлордун катын "юридикалык күчкө ээ эмес жана пропагандалык максатта жасалган шойкомдуу кадам” деп атады.
Былтыр 24-ноябрда Р5+1 жана Иран 2015-жылы март айында келишимдин негизин бүткөрүп, 30-июнга чейин аны үтүр, чекитине чейин тактап чыгабыз деп сүйлөшкөн. Иран келишимге тараптар кол коюшкандан кийин ага БУУнун Коопсуздук кеңеши кепил өтөт деген тилекте.
Тегерандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү 15-мартта Швейцарияда кайра уланат деп болжолдонууда. Дипломаттык булактардын айтышынча, сүйлөшүү Иран уранды байытууну 10 жылга токтотуусуна жетишүү жөнүндө болууда. Эгер Тегеран бул шартка көнсө, эл аралык коомчулук Иранга каршы финансы-экономикалык жана соода санкцияларын акырындап токтотууга тийиш болот.