Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Гуантанамо туткундардан арылууда


АКШнын Коргоо министрлиги дүйшөмбүдө Гуантанамодогу түрмөдөн 15 чет элдикти бошотконун маалымдады. Бошотулгандардын 12си Йемендин, үчөө Ооганстандын жарандары экени кабарланууда.

Гуантанамо аралындагы АКШнын абактан бошотулган 15 адамы Бириккен Араб Эмирлигине жөнөтүлдү. Бул Барак Обама 2009-жылы президенттикке шайлангандан бери аталган абак жайдан алгач жолу көп сандаган адамдын бошотулушу болуп калды.

Укук коргоочулар муну президент Обаманын өз мөөнөтү аяктагыча шайлоо алдындагы убадаларын аткаруу аракети катары баалашты.

Пентагондун маалыматына ылайык, учурда Гуантанамодо дагы 61 адам кармалууда. АКШнын Мамлекеттик департаментинин Кубадагы түрмөнү жабуу маселелери боюнча өкүлү Ли Волоски Араб Эмирлиги бийлигине бошотулган 15 адамды кабыл алууга макул болгонуна ыраазычылык билдирди.

Волоски белгилегендей, Гуантанамодогу база АКШнын улуттук коопсуздугуна шек келтирип, Вашингтондун өнөктөштөрү менен мамилесине залака тийгизет.

Гуантанамодогу АКШга караштуу деңиз базасындагы абак 2002-жылы, ошол кездеги президент Жорж Буштун учурунда ачылган. Бул абакка 2001-жылдын сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин АКШнын Ооганстандагы операциялары учурунда туткунга түшкөн 800дөй киши камалган. Алардын көбү "Талибандын" жана “ал-Каиданын” согушкери деп шектелген бир нече өлкөнүн жарандары эле.

Би-би-синин жазышынча, абактагылардын көбү эч кандай айып тагылбастан он жылдан ашык кармалып турат.

Гуантанамодогу абактан улам АКШга каршылаштары байма-бай сын айтып келет. Жыл сайын түрмөгө 445 млн доллар бөлүнөт.

Барак Обама абакты жабууну 2007- жылы президенттикке талапкер кезинде эле убада кылган. 2016-жылдын февраль айында болсо ал өз сунушун кайрадан конгресске киргизген. Ошол маалда абакта 91 туткун кармалып турган.

Президент 34 адамды башка өлкөлөргө өткөрүп берип, калгандарын камактагы мөөнөтү бүткөнгө чейин АКШга которууну сунуштаган.
Муну менен АКШ бюджети жылына 65-85 миллион доллар үнөмдөмөк.

- Бул жайды кармоо биздин баалуулуктарга каршы келет, дүйнөдөгү абалыбызга көлөкө түшүрүүдө. Мен бул көйгөйдү кийинки президентке ал ким болсо да өткөрүп бергим келбейт. Биз улут катары азыр бул маселени чече албасак, анда качан чечебиз? Биз бул абак жайды дагы 15, 20, 30 жыл кармап турууга даярбызбы?, - деп Обама февраль айында Конгрессте билдирүү жасаган.

АКШнын президенти Барак Обама.
АКШнын президенти Барак Обама.

Ушул жылдын 18-августунда АКШнын Коргоо министрлиги алгачкы жолу мыйзам чыгаруучулардын алдына Кубадагы Гуантанамо аралында жайгашкан абак тууралуу жашыруун документтерди ачыкка чыгарган. Анда 107 аскерий туткундун документтери бар. Бул документтерди жарыялоону АКШ сенатынын мүчөсү Келли Айотте козгогон. Нью-Гемпшир штатынан чыккан республикачы-сенатор бир нече жылдан бери Гуантаномо абагындагы кармалгандардын таржымалын жарыялоону талап кылып келген.

Associated Press агенттиги айрым туткундардын таржымалын жарыялады. Анда террорчулукка шектелип камалган айрым туткундардын соту он жылдан бери өтпөй турганы жазылган. Ал эми кээ бирөөлөрүнө эч айып тагылбастан бир нече жыл отуруп, кийин бошотулган. Мындан улам укук коргоо уюмдары бул туткундардын укуктары орой бузулганын айтып, АКШ бийликтеринен түрмөнүн жабылышын талап кылып келишет. Ал эми коопсуздук кызматтарынын жетекчилери бардык туткундар жетиштүү негиздер боюнча камалганын айтышат. Барак Обаманын маалында бошотулгандардын 13 пайызы жихадчылардын катарына кошулуп кеткендиги же террорчулукка шектелгени кабарланган. Ошол себептен Келли Айотте жана анын партиялаштары Ак үйдөн Гуантанамону жабууга шашылбоону талап кылып келишет.

XS
SM
MD
LG