Жаңы план, Обаманын ырасташынча, “дүйнөдөгү климаттын өзгөрүүсүнө каршы Америка кабыл алган абдан маанилүү кадам болот”.
Президент Барак Обама электр станциялардан чыккан зыяндуу газдарды кыскартуу боюнча Ак үйдүн планы жөнүндө 2-августта жасаган видеокайрылуусунда климаттын өзгөрүүсү заманыбызды түйшөлткөн үлкөн проблема экенин баса белгиледи.
- Биздин климатыбыз өзгөрүүдө. Анын өзгөрүүсү экономикабызга, коопсуздугубузга жана саламаттыгыбызга коркунуч туудурууда. Бул пикир эмес, бул факт.
Обаманын айтуусунда, эгер азыр туура чара көрүлбөсө, эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан 2022-жылдан ишке кирчү АКШнын Таза энергия планы глобалдык проблемага арналган.
- Климаттын өзгөрүүсү башка муундун маселеси эмес. Болбойт да. Американын таза энерегия планы - климаттын өзгөрүүсүнө каршы мурда-кийин кабыл алынган эң маанилүү кадам.
Сунуш кылынган план боюнча, көмүр жаккан электростанциялардан чыккан көмүрдүн кычкылтеги 2030-жылга дейре 2005-жылга салыштырмалуу 32% азайышы керек. Алардын ордун шамалдын жана Күндүн кубатын сиңирген соолбос энергия булактарын өндүргөн станциялар ээлейт. Мындай соолбос энергия булактары 2030-жылы өлкөдөгү керектөөнүн 28% канааттандырышы керек. Ошондо дем алуу органдарынын дарты, көк жөтөл сыяктуу ооруларды пайда кылчу 870 миллион тонна көмүрдүн кычкылтеги абага кошулбайт, деп билдирди Б.Обама видеокайрылууда.
АКШнын Энергетика министрлигинин маалымдашынча, 2014-жылы көмүр жаккан электростанциялар өлкөдө керектелген электр кубатынын 39% өндүргөн. АЭСтер өлкөнүн электр муктаждыгынын 20%, көгүлтүр отун жагынан 30% камсыздаган.
Көмүр көп пайдаланылган жана көмүр жакчу электрстанциялар жайгашкан штаттардан шайланган конгрессчилер жана тармакка тиешелүү өнөр жай топтору планга ылайык иштелип чыккан Айлана-чөйрөнү коргоонун жаңы стандартына каршы сот аркылуу күрөшкө камданышууда.
Алардын ырасташынча, көмүр пайдаланган электр станцияларды жабуудан жумушсуздук арбыйт; керектөөчүлөр жана экономика туруксуз электр булактарына “көгөндөлөт”; электр энерегиясы кымбаттайт, анын кесепетинен америкалыктардын кирешеси төмөн катмары жабыркайт.
Президенттикке талапкер, республикачыл Жэб Буш жогорудагыдай мияткер топторду коштоп, Ак үйдүн планы “эсепсиз элди жумушсуз калтырат жана ар бир адам энергия үчүн көп төлөй баштайт” деп чыкты. Бирок демократ талапкер Хиллари Клинтон планды “климаттын өзгөрүүсү жараткан коркунучту токтотууга багытталган маанилүү кадам” катары сыпаттады.
Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун АКШ президентинин Таза энергия планын колдоп, климаттын өзгөрүүсүнө арналган ушул жылдын декабрында өтчү Париж жыйынына “багыт көрсөтчү” маяк сыяктуу маанилүү милдет өтөрүн белгиледи. “План Кошмо Штаттар климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүүгө, ошондой эле акчаны үнөмдөөгө жана экономиканы өстүрүүгө чечкиндүү киришкенин көрсөтөт”,-деп билдирди Пан Ги Мундун өкүлү Стефан Дюжарик.
Европа биримдиги АКШда көмүр жаккан электростанциялардын үчтөн бирин жабуу планын көмүр кычкылын кыскартууга багытталган “чыныгы” аракет деп баалады.