Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

АКШ Сенаты Гонконг боюнча мыйзам кабыл алды


АКШ Сенаты 19-ноябрда Гонконгдогу адам укуктарын коргоо жөнүндө мыйзам долбоорун бир добуштан кабыл алды.

Бул - Гонконгдо бир канча айга созулган, Бээжин колдогон жериликтүү бийлик менен адам укуктарынын корголушун, демократиялык эркиндиктердин сакталышын талап кылган демонстранттардын тиреши күчөп турган маалга туш келди.

Ал эми Кытайдын бийлиги АКШ Сенатында Гонконгдогу адам укуктарына байланышкан мыйзам долбоорунун кабыл алынышын сындап, өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп баалап жатышат.

АКШ Сенаты кабыл алган мыйзам мамлекеттик катчыны жылына кеминде бир жолу Конгрессте Гонконгдогу кырдаал боюнча баяндама жасоого милдеттендирет. Ошондой эле шаар жетиштүү автономияга ээ болгондо гана Кошмо Штаттар ага соода жеңилдиктерин узартып турмакчы. Документте Гонконгдогу адам укуктарын бузууга тиешеси бар кызмат адамдарына санкция салуу ыктымалдыгы да каралган.

- Гонконгдогу адам укуктары жана демократия жөнүндө мыйзам абдан маанилүү. Бул эки партия колдогон мыйзам. Гонконгдун эли эркиндик үчүн маанилүү күрөштү баштан кечирүүдө,- деди сенатор Тед Круз.

Сенатор Тед Круз.
Сенатор Тед Круз.

Буга чейин ушуга окшош эле мыйзам долбоору Өкүлдөр палатасында кабыл алынган. Эми эки палата мыйзам долбоорунун акыркы текстин макулдашуусу керек. Ага президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. “Америка добушу” кабарлагандай, Ак үй азырынча документ боюнча так позициясын аныктай элек. Администрациядагы айрым жогорку кызматкерлер ал Кытай менен соода келишимине тоскоолдук жаратат десе, башкалары Гонконгдогу адам укуктарынын абалы боюнча катуу көз карашты карманууну жакташат.

Мындан тышкары, Сенат Гонконг полициясына айрым техникалык каражаттарды, анын ичинде көздөн жаш агызуучу каражаттарды, желим ок жана электрошокерлерди экспорттоого тыюу салды.

Ал эми Кытайдын бийлиги АКШ сенатында Гонконгдогу адам укуктарына байланышкан мыйзам долбоорунун кабыл алынышын сындап, өлкөнүн ички ишине кийлигишүү деп баалап жатышат.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гэн Шуан:

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Гэн Шуан.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Гэн Шуан.

- Кытай бул мыйзам аркылуу фактыларды четке кагууну катуу айыптайт. Бул жерде ак менен караны бурмалоо, адилеттиктен четтөө, кош стандарт оюн жүргүзүү, Гонконгдун жана Кытайдын ишине ачык кийлигишүү, эл аралык укукту жана эл аралык байланыштын негизги эрежелерин бузуу болуп жатат.

Гэн Шуандын айтымында, демонстранттардын радикалдык, зордук-зомбулук жана кылмыш аракеттери беш айдан бери коопсуздукка жана адамдардын мүлкүнө коркунуч жаратып, мыйзам үстөмдүгүн, коомдук тартипти бузуп, Гонконгдун өнүгүүсүнө жана туруктуулугуна коркунуч жаратууда.

Ушул күндөрү шаардагы Политехникалык университетте өкмөткө каршы нааразылык акциясына чыгып жаткан студенттер менен полициянын тиреши уланууда. Бул окуу жайын бир канча күндөн бери жүздөгөн активист жаштар ээлеп алып, алдын тосуп, полицияга каршылык көрсөтүүдө.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы Кытайдын курамына демократияга жана эркиндикке кепилдик берилип, кеңири укуктагы автономия макамы кошулган. Анын өз парламенти, шайлоо системасы бар. Башкача айтканда, “бир өлкө - эки система” эрежеси менен жашаган Гонконг Кытайдын кеңири автономия укугуна ээ административдик району. Шаардын тургундары бийлик өкүлдөрү Бээжиндин айтканын аткарбастан, элдин үнүн угушу керек деп, ал үчүн жалпы шайлоо укугун киргизүүнү талап кылышууда.

Политехникалык университеттин жанында. 18-ноябрь, 2019-жыл
Политехникалык университеттин жанында. 18-ноябрь, 2019-жыл

Шаарда бир канча айдан бери миңдеген адамды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору негиз болгон. Шаардын жетекчилиги документти парламенттен биротоло кайтарып алган. Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган жетекчилердин иштен кетишин, калайман нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылып жатышат.

Гонконгдогу толкундоолорго жана кагылышууларга байланыштуу ал жакта окуган кыргыз студенттери чыгарылып жатат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 27 студент 18-19-ноябрда Гонконг-Алматы-Бишкек жана Гонконг-Москва-Бишкек багыттары аркылуу Кыргызстанга жиберилген. Студенттерди аэропортко чейинки жеткирүү чыгымы Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдуктун кызматкерлеринин чөнтөгүнөн төлөнгөн. Калган студенттер 21-22-ноябрда чыгарылат.

Бир нече күн мурда Гонкондо билим алып жаткан студенттердин ата-энелери президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан. Алар аймактагы саясий абалга, соңку кагылышууларга байланыштуу балдарын Кыргызстанга аман-эсен кайтарууга жардам берүүнү суранышкан. 15-ноябрда үч кыргызстандык студент коопсуз жакка чыгарылган. Гонконгдогу окуу жайларда 42 кыргызстандык студент билим алат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG