Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:20
Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШнын жаңы президенти кызматка киришти

АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын жана вице-президенти Майк Пенстин кызматка кирүү аземи өттү. Салтанатка кызматын тапшырып жаткан президент Барак Обама жана вице-президент Жо Байден үй-бүлөлөрү менен катышты. Ошондой эле аземге экс-президенттер Жимми Картер, кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон жубайы, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон катышты.

Обама менен Трамптын жолугушуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:52 0:00

Барак Обама менен Дональд Трамптын унаалары Капитолийге келди. Инаугурациянын алдында кара кийимчен активисттер көчөдө чуркап баратканын, таштанды ташталган урналарды жыгып, банктын терезесин сындырып жатканы теледен көрсөтүлдү. Видеодон полиция кызматкерлери активисттерге мурч чачып жатканын көрүүгө болот.

Республикачыл Майк Пенс Трамптын администрациясында вице-президент болот.

Саясатка келгенге чейин Пенс юрист жана радио берүүлөрдүн алып баруучусу болчу: ал саясат маселелерине арналган “Майк Пенстин шоусу” программасын алып барчу.

Пенс Индиана штатынын губернатору болуп турганда салыктарды кыскартып, муну менен бюджеттин профицитин камсыздаган.

АКШнын шайланган президентинин инаугурациясына каршы чыккан, кара кийимчен жана беткапчан адамдар тобу дүкөндөрдү талкалап, жол боюнда турган машинелердин жана Bank of America’нын кеңсесинин терезелерин талкалап салышты. “Рейтер” агенттиги тарткан видео.

Вашингтон: ант берүү алдындагы нааразылык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG