Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

АКШ-ЕБ: соода согушунун жаңы карааны


Бельгиядагы болот өндүрүүчү завод. 22-май, 2018-жыл.
Бельгиядагы болот өндүрүүчү завод. 22-май, 2018-жыл.

АКШнын эң жакынкы соода өнөктөштөрү эми ага каршы да чектөөлөрдү киргизерин эскертишүүдө. Ага чейин Кошмо Штаттардын өкмөтү Евробиримдикте, Канадада жана Мексикада өндүрүлгөн болот менен алюминийге жаңы бажы тарифтери күчүнө кирерин жарыялаган.

Кошмо Штаттардын Соода министрлиги жарыялагандай, Евробиримдик өлкөлөрүндө, коңшулаш Канада менен Мексикада өндүрүлгөн болотту АКШга алып келүүдө 25%, ал эми алюминий үчүн 10% өлчөмүндө жаңы тариф 1-июндан тарта күчүнө кирди.

- Бүткүл дүйнөдө болотту ашыкча өндүрүү жана ашыкча өндүрүш кубаттуулугу бар. Андыктан глобалдык чара көрүш керек. Жалгыз өлкө менен иш кылуу жарабайт, - деди АКШнын соода министри Уилбур Росс 31-майда Парижден сүйлөгөн сөзүндө.

Президент Дональд Трамп өзү Кошмо Штаттарга сырттан ташылган болот менен алюминийге кошумча бажы салыгын киргизүүнү караган чечимге быйыл 8-мартта кол койгон. Ал мындай кадамын “улуттук коопсуздукту” коргоо жана соодада “калыстык” орнотуу аргасы катары түшүндүргөн. Ошол чечим эми күчүнө кирип жатат.

Президент Дональд Трамп болот менен алюминийге бажы салыгын киргизүүчү чечимге кол коюп жатат. Вашингтон, 8-март, 2018-жыл.
Президент Дональд Трамп болот менен алюминийге бажы салыгын киргизүүчү чечимге кол коюп жатат. Вашингтон, 8-март, 2018-жыл.

Вашингтондун соода өнөктөштөрү АКШнын жарыясын дароо сын жана доомат менен кабыл алып, ага жооп иретинде чара көрүлөрүн эскертишүүдө.

- Бул дүйнөлүк соода үчүн кара күн. Евробиримдик буга реакция кылбай коё албайт. Андыктан биз талашты жөнгө салыш үчүн дароо эле Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылабыз. Жакынкы сааттарда эсепти теңдештирүү боюнча чараларыбызды ачыкка чыгарабыз. Анын кылганы биздин да колубуздан келет. Дүйнөлүк соодада кайсы бир өлкөнүн бир тараптуу чара көрүшү таптакыр алгылыксыз, - деди Еврокомиссиянын төрагасы Жан Клод Юнкер Брюсселден.

Айткандай эле 1-июнда Евробиримдик Дүйнөлүк Соода уюмуна АКШ менен талашты жөнгөрүү боюнча өтүнүч жолдоду. Биримдиктин Соода комиссары Сесилия Малмстромдун айтымында, алар АКШнын жаңы тарифтеринин мыйзамдуулугун териштирүүнү көздөөдө.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Вашингтондун чечимин “мыйзамсыз” жана “жаңылыштык” деп мүнөздөп, президент Трамптын өнөктөштөргө каршы тариф киргизиши иш жүзүндө “башка сүйлөшүүлөргө эшикти жаап жатканын” белгиледи.

Немис канцлери Ангела Меркел Евробиримдик АКШга “жөндүү, чечкиндүү жана бирдиктүү” жооп берерине токтолду.

Германияда өндүрүлгөн болот. 9-март, 2018-жыл.
Германияда өндүрүлгөн болот. 9-март, 2018-жыл.

АКШнын түндүктөгү жана түштүктөгү коңшулары, аны менен Түндүк Америка эркин соода келишиминде (NAFTA) турган Мексика менен Канада да жооп иретинде чара көрүлө тургандыгын эскертишти.

- АКШ администрациясынын бүгүнкү чечимине биз өкүнөбүз жана жооп катары чара көрөбүз. АКШ менен Канаданын экономикасындай чырмалышуу башка эч бир эки мамлекетте жоктугун түшүнүү менен мунун ордуна биз өнөктөштүккө бириксек кыйла жакшы болмок, - деди Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо. Ал баштапкы жооп катары АКШнын 13 миллиард доллардык экспортуна жаңы бажы салыгын киргизип жатканын жарыялады.

Бирок АКШнын соода министри Евробиримдиктин, Канаданын, Мексиканын тарифтери Кошмо Штаттардын экономикасына олуттуу таасир тийгизбей турганын айтты.

"Дүйнөлүк болот ассоциациясы" деген уюмдун эсебинде, былтыр дүйнөдө өндүрүлгөн 1 миллиард 690 миллион тонна болоттун 49% же 830 миллион тоннасы Кытайдын үлүшүнө туура келген.

Өндүрүштүн көлөмү жагынан жылына 170 миллион тоннага жакын болот өндүргөн Евробиримдик экинчи орунда, андан кийин Жапония, Индия, АКШ турат.

Бешинчи орундагы АКШнын өндүрүштөгү үлүшү Кытайга караганда он эсе аз, 80 миллион тоннанын тегерегинде. СNN телеканалынын маалыматына караганда, АКШ былтыр сырттан 29 миллиард долларга болот импорттогон.

Ал арада "эми Кошмо Штаттар менен анын Батыштагы өнөктөштөрүнүн ортосунда соода согушу чыгабы?" деген кооптонуудан улам 31-майда, АКШнын өзүндө, 1-июнда Азиянын биржаларында баалуу кагаздар арзандап кеткен учур болду. Адистер фондулук базарда чыңалуу жаралганын белгилешти.

Буга чейин "АКШ менен Кытайдын ортосунда соода согушу чыгабы?" деген чочулоо да болгон.

Бирок он чакты күн мурда эки өлкө Бээжин менен Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдөн кийин соода талашы боюнча макулдашууга жетишип, анын натыйжасында “соода согушуна" бөгөт коюлганы маалымдалган.

Анткен менен эгер “АКШ тариф киргизсе, Кытайда да ошондой чара көрөт” деген сөздөр Бээжинден ушул аптада да айтылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG