Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:00

Клинтонду беймаза кылган кабарлар


Хиллари Клинтон
Хиллари Клинтон

АКШда президенттик шайлоо өтөрүнө аз калганда ФБР Клинтондун мамкатчы кезиндеги кат алышуусу боюнча ишти дагы көтөрдү.

Трамп муну өткөн кылымдагы Уотергейт окуясынан да чоң чатак деп атоодо. Бул арада сурамжылоолор Клинтондун кадыры түшүп баратканын көрсөтүүдө.

АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күндөрү Демократтардын талапкери Хиллари Клинтон үчүн жагымсыз жаңылыктар удаа чыкты. 28-октябрда АКШ Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Клинтон мамлекеттик катчы кезде жеке электрондук почтасын жумушчу каттар үчүн колдонгону боюнча иликтөөсүн кайра жандандырды.

Буга иликтөөгө тиешелүү жаңы электрондук каттар табылганы себеп болгонун айтты ФБР жетекчиси Жеймс Коми. Деген менен ачыкка чыгып кетсе, ал каттарда мамлекетке зыян алып келе турган жашыруун маалыматтар бар же жок экени али белгисиз. Коми аны эми аныкташарын кошумчалады.

Ал эми Клинтондун тарапташтары, тагыраагы Сенаттагы демократтардын лидери Гарри Рид ФБР акыркы билдирүүсү менен мыйзам бузушу мүмкүндүгүн айтты. Ал эске алган мыйзамга ылайык, аткаминерлердин шайлоо өнөктүгүнө таасир этүүсүнө тыюу салынган.

Хиллари Клинтон болсо Флоридадагы эл менен жолугушууда ФБР жетекчисине кайрылып, тапкан фактысын ачык алып чыгууга чакырды:

- Бул терең кооптонуу жаратат. Анткени, шайлоочулар фактылар камтылган, толук маалыматтарды алууга акылуу. Ошон үчүн биз директор Комини дароо баарын тактап-түшүндүрүүгө чакырабыз. Баарын үстөлдүн үстүнө койгула.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

ФБР буга азырынча жооп кайтара элек. Ал эми атаандаш талапкер, республикачы Дональд Трамп мүмкүнчүлүктү текке кетирген жок:

- ФБР менен Юстиция министрлигинин мурда кетирген оңбогондой катасын оңдоого кайраты жетерин көрсөтүп жатканын өтө урматтайм. Хиллари Клинтондукундай коррупцияны мурда көргөн эмеспиз. Биз анын ушул кылмыштуу схемаларын Сүйрү кабинетке ала киришине жол бербешибиз керек.

Ошондой эле Трамп муну 70-жылдары АКШ президенти Ричард Никсонду кызматтан оодарган Уотергейт чатагынан да ашкан иш деп баалады.

Трамптын беделин түшүргөн айып

Трамптын беделин түшүргөн айып

АКШда республикачылардын талапкери Дональд Трамптын дарегине сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча дооматтар айтылууда. Соңку саясий өнүгүүлөрдөн кийин Клинтон менен Трамптын рейтингинде айырма көбөйүп баратат.

Бирок, байкоочулар демейде мындай маалыматтарды иликтөө алдын ала ачык жарыяланбай, тымызын жүргүзүлүп келгенин белгилешүүдө.

Быйыл июль айында ФБР Клинтон жашыруун маалыматтарды жеке почтасында сактаганын айтып, бул жеткен шалаакылык деп баалаган. Бирок, АКШнын кызыкчылыгына реалдуу зыян келтирилген эмес делип, кылмыш иши козголгон эмес. А Клинтон айым ишиндеги катачылыгы үчүн кечирим сураган.

Хиллари Клинтон үчүн дагы бир жагымсыз жаңылык - ABC News жана Washington Post биргелешип өткөргөн акыркы сурамжылоосунда анын рейтингинин түшүп баратышы болду.

24-27-октябрда жүргүзүлгөн сурамжылоодо Клинтонду жактаган шайлоочулар 47, ал эми Трампты колдогондор 45% болгон. Бир жума мурда эле Клинтон Трамптан 12% алдыда келаткан.

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрга белгиленген.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG