Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:36

АКШ: республикачылардын сынга кабылган долбоору


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ Сенатында республикачылар коронавирус пандемиясынын кесепетин азайтыш үчүн бир триллион долларлык долбоор сунуш кылышты.

Демократтар болсо андагы чаралар, жардам жетишсиз экенин айтып, долбоорду «супсак чайга» теңеп, сынга алышты.

Кошмо Штаттар коронавируска кабылган жана андан ажалы жеткен бейтаптардын саны боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунда турат. Өлкөдө COVID-19 жуккан жарандардын саны 4,3 миллионго жеткени калды, өпкөнү сезгенткен оорудан 148 миңден көп бейтап көз жумду.

Сенаттагы республикачылардын лидери Митч Макконнелл долбоор тууралуу маалымат берип жатып, андагы чаралар ириде жарандардын жумуш менен камсыз болушуна, мектептердин, окуу жайларынын кайра ачылышына багытталганын белгиледи.

Митч Макконнелл.
Митч Макконнелл.

«Америка элине кошумча жардам керек, - деди ал. - Биз так эсептелген, максаттуу долбоор даярдадык. Ал биздин өлкө кабылган каатчылыктарга туруштук берет. Сөз балдардын мектепке кайтышы, жумушчулардын ишке чыгышы, саламаттык сактоо тармагынын коронавирусту жеңиши тууралуу болуп жатат».

Республикачылардын планы боюнча, америкалыктардын ар бирине дагы бир жолудан 1200 доллардан төлөнүп берилет. Чакан ишкерликти колдоого, тактап айтканда, 300дөн кем эмес адам иштеген, пандемия маалында катуу жабыркаган фирмаларга 500 милллиард доллар бөлүнөт. Мектептерди, жогорку окуу жайларын кайра ачууга болсо 100 миллиард доллар каралган. Ошондой эле коронавируска каршы вакцина даярдоого, дарылоо ыкмаларын жакшыртууга 26 миллиард доллар жумшалат.

Бирок бул долбоордо федералдык бийлик органдары жумушсуздар үчүн караштырган жөлөкпулдун көлөмү кыйла кемийт. Мисалы, ишсиз жарандар азыр апта сайын 600 доллар алышса, бул долбоордо ал 200 доллар болуп азайган.

Республикачылар жумушсуздук үчүн берилген жөлөкпул өтө көп экенин, ушундан улам ал америкалыктардын иш издебей эле үйдө отурушуна шыкак болорун айтып келишкен.

Кошмо Штаттарда жумушсуздук боюнча мамлекеттик жардамдан сырткары, федералдык өкмөттөн жөлөкпул төлөп берүү 1-апрелде башталган жана анын мөөнөтү 31-июлда аяктамакчы. Ушундан улам учурда миллиондогон жарандар тынчсызданып турушат.

Республикачылар долбоор тууралуу Ак үй менен орток пикир табышты, эми алар демократтарды ынандырышы керек.

Демократтар болсо мындай планды дароо сынга алышты. Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер батирине акча төлөй албай, үй-жайынан ажырап калуудан чочулаган, дагы башка төлөмдөрүнө акчасы жок кыйналган америкалыктарга жардам берүүдө республикачылардын чаралары жетишсиз жана өтө жайбаракат жүрүп жатканын айтты:

Чак Шумер.
Чак Шумер.

«Республикачылардын планы - бул супсак чай. Биздин маселелерди чечүүдө мындан да коюу суусундук керек».

Өкүлдөр Палатасындагы демократтар май айында саламаттык сактоо тармагын колдоого, экономиканы калыбына келтирүүгө үч триллион доллар бөлүп берүү боюнча долбоор сунуш кылышкан. Бирок аны Сенаттагы республикачылар колдобой коюшкан.

АКШ өкмөтү ушул кезге чейин коронавирус пандемиясынын кесепетин азайтууга 3,7 триллион доллар коротту.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG