Арктикалык кеңешке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Финляндиянын Рованиеми шаарында өткөн саммитинде Кытай талкуу жараткан темалардын бирине айланды.
Саммитке катышкан Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 6-майдагы билдирүүсүндө Арктика атаандаштыктын аймагына айланганын белгилеп, Кытай менен Орусия бул чөлкөмдө "агрессивдүү" саясат жүргүзүп жатканын билдирди.
Арктикалык кеңешке сегиз мамлекет: АКШ, Орусия, Канада, Дания, Финляндия, Исландия, Норвегия жана Швеция мүчө. Кытай Индия сыяктуу эле бул кеңеште байкоочу макамына ээ.
Майк Помпео Бээжиндин аракеттери Түндүк муз океанын Түштүк Кытай деңизи сыяктуу эле милитаризация менен аймак талаштын чордонуна айлантышы мүмкүндүгүн кыйытты.
"Бээжин өзүн Арктикага жакын мамлекет деп мүнөздөп жатат. Бирок бул өлкөнүн түндүккө эң жакын чекити Арктика аймагынан бир жарым миң чакырымдай алыс. Дүйнөдө арктикалык мамлекеттер жана арктикалык эмес мамлекеттер бар. Үчүнчү категория жок. Кытай Арктикадагы жарандык изилдөөлөрүн аймактагы аскердик кудуретин бекемдөө үчүн колдонушу мүмкүндүгүн өткөн аптада Пентагон эскертти", - деп билдирди Помпео.
Дүйнөнүн булуң-бурчунда байкалган сыяктуу эле Арктикадагы температуранын жылдан жылга көтөрүлүшү жана жүздөгөн жылдардан бери кебелбеген муздун эрип жатышы аймакта мунай жана газдын жаңы корун өнүктүрүүгө жол ачып жатат.
Ошондой эле Түндүк муз океанында муздун эриши кеме аркылуу Тынч океанынан Орусияны айланып, Атлантика океанына тез арада өтүүгө да мүмкүнчүлүк берүүдө.
АКШнын мамлекеттик катчысы Кытай 2012-жылдан 2017-жылга чейин Түндүк уюл чөлкөмүнө 90 миллиард долларга чукул каражат салганын, Бээжин Арктикадагы деңиз жолдорунан пайдалангысы келип жатканын айтты.
Кытай менен Орусия Бээжиндин "Бир алкак - бир жол" экономикалык демилгесинин алкагында Түндүк деңиз жолун жакшыртууну көздөп жатканы белгилүү.
Бирок 2013-жылдан бери Арктика кеңешинде байкоочу макамын алып жүргөн Кытай америкалык башкы дипломаттын соңку билдирүүсүн кескин сындады:
"Кытайдын аракеттери тууралуу америкалык бир аткаминердин комментарийи чындыкка толугу менен каршы келет. Биз бул чөлкөмдө тынч кызматташтык идеясын карманып келебиз. АКШ өз кызыкчылыгы үчүн акты кара деп атап жатат. Экологияны коргоону алга сүрөп, бардык тараптарды орток пайда алып келген кызматташтыкка чакырабыз", - деп билдирди 7-майда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Ген Шуан.
Американын башкы дипломаты Финляндиядагы сөзүндө Орусияны да Арктикада "чагымчыл аракеттерге барып жатат" деп айыптап, Москва аймакты кайрадан милитаризациялоо планын ишке ашырып жатканын айтты.
Владимир Путин бийликке келгенден бери Москва Советтер Союзу ыдыраганда каралбай калган Арктикадагы айрым базалардын ишин жандандырып, чөлкөмдөгү аскердик кудуретин күчтөндүрүүгө аракет кылып келет.
Деген менен өткөн айда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул аракеттер башка өлкөлөргө коркунуч жаратпай турганын билдирген:
"Биз өз өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылуудан башка эч нерсе менен алек болгон жерибиз жок. Арктика чөлкөмүндө кылып жаткан бардык аракетибиз Орусиянын башка аймактарындагыдай эле дал ушул максатты ишке ашырууга багытталган. Биз эч кимге коркунуч жаратпайбыз".
Арктиканын дээрлик үчтөн бир бөлүгү Орусиянын аймагына туура келет.
Түндүк муз океанынын жээгинде жайгашкан сегиз мамлекеттин 7-майда жыйынтыкталган саммитинде бирдиктүү декларация кабыл алынган жок.
Буга документтеги климаттын өзгөрүшү тууралуу сөздөргө Америка тараптын каршы чыкканы себеп болгону кабарланды.