Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:52

Пентагон түрк армиясы менен сириялык күрттөрдүн кармашын айыптады


Сирия түндүгүндөгү түрк армиясы
Сирия түндүгүндөгү түрк армиясы

Пентагон 29-августта жасаган билдирүүсүндө Сириянын түндүгүндөгү түрк армиясы менен АКШ колдогон сириялык күрттөрдүн салгылашууларын айыптады. Түрк куралдуу күчтөрү кошуна өлкөнүн чек арасын 23-августта кесип өткөн.

Андай кармаштар “Ислам мамлекети” радикал уюмунун согушкерлеринин чырагына гана май тамызып, Түркия, АКШ жана башка өлкөлөргө каршы теракттарды пландоого мүмкүндүк берүүдө деп белгилейт АКШнын аскерий мекемеси.

Мунун алдында 29-августта Түркиянын куралдуу күчтөрү жана Анкара колдогон "Султан Мурад" деген сириялык козголоңчу топ Ефраттын батыш тарабында, Манбиж шаарынын жанында сириялык күрттөрдүн кошуундарына каршы урушуп жатканы кабарланган.

"Султан Мурад" уюмунун кол башчысы анын күчтөрү Манбижди күрттөрдөн алууну көздөп жатышканын жекшембиде айткан.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сириянын түндүгүндө “Ислам мамлекети” радикал уюмуна каршы күрөшүп келаткан күрттөрдүн кошуундары Ефраттын чыгышынан дароо чегинүүгө тийиш, андай болбосо түрк армиясынын чабуулдарына дагы туш болоорун эскерткен.

Түрк куралдуу күчтөрү кошуна өлкөнүн чек арасын 23-августта кесип өткөн.

Анкара сириялык күрттөрдүн Элди коргоо бөлүктөрү деп аталган кошуундарын террорчулар деп билет жана Түркия менен чек ара аймагынын ошол куралдуу уюшмалардын көзөмөлүнө өтүүсүн алдын алууга аракеттенүүдө.

- Сириялык күрттөрдүн кошуундары Кошмо Штаттар убада кылгандай, Ефраттын чыгыш жээгине карай жылууга тийиш. Же болбосо түрк армиясынын бутасына айланып калат. Ошол эле маалда Манбиж шаарындагы жана ал тараптагы аймакта жашаган арабдарга тийбейбиз. Баарыбыздын максатыбыз - чөлкөмдү ИМден тазалоо.

Ал ортодо Сириядагы оппозициялык топтор Түркия колдогон сириялык козголоңчулар өлкө түндүгүндөгү бир топ шаар-кыштактарды ээлеп алышканын, Манбиж шаарынын айланасындагы турумдарды алууга аракет көрүп жатышканын маалымдашты.

Калаа эки жума мурун 10 айга созулган операциядан кийин "Ислам мамлекети" террордук уюмунан күрт кошуундарынын колуна өткөн эле.

Шаарды экстремисттерден кайтаруу операциясын абадан колдогон АКШ күрт кошуундарын радикалдарга каршы өнөктүктө маанилүү стратегиялык өнөткөш катары баалайт. Пентагон Түркиянын “Ислам мамлекти” террордук уюмуна каршы гана аракеттерин колдооруна басым жасап келатат.

Ал эми күрттөрдүн Элди коргоо бөлүктөрүнүн өкүлү Редур Хелил Манбиж шаарына кошумча күчтөр жөнөтүлгөнүн жокко чыгарып, алар Ефраттын чыгышына которулбасын, өз мекени болгон батыш тарапта кала беришерин билдирген.

XS
SM
MD
LG