Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:45

АКШ абактагы кыргыз саясатчыларын эстеди


Адам укуктарына арналган, 13-мартта жарыяланган Мамлекеттик департаменттин жылдык баяндамасы 200гө чамалуу өлкө жана аймактагы жагдайларды камтыйт. Анын ичинде Кыргызстандын абактарындагы саясатчылар тууралуу да айтылат.

АКШ кытайлык мусулмандарды куугунтуктады деп Бээжинди айыптады.

Кытайдын Шинжаң аймагындагы кырдаалга өзгөчө маани берилүүдө. Адам укуктарынын бузулушуна келгенде “Кытай өзүм билемдиктен тайбай турганын» баяндаманын бет ачарында мамлекеттик катчы Майк Помпео баса белгиледи:

"2018-жылда эле Кытай мусулман азчылыктарын рекорддук санда кармоо ишин күчөттү. Бүгүнкү күндө миллиондон ашык уйгурлар, казактар жана башка мусулмандар аларды диний жана этникалык насилинен ажырата турган кайра тарбиялоо лагерлеринде кармалып турат. Өкмөт христиандарды, тибеттиктерди жана бийликти колдобогон же өкмөттүн алмашканын каалаган көз караштагыларды да куугунтукка алууну күчөтүүдө", - деди Помпео.

Кайра тарбиялоо лагерлеринде кыргыздар да бар. Такталбаган, бейрасмий маалыматта алардын саны 50 миңге чамалуу экени айтылат.

Мурдараак Помпео уйгурлардын укуктарын бузууга тиешеси бар кытайлык аткаминерлерге санкция салуунун жолдорун караштырып жатканын билдирген жайы бар.

Вашингтондун баяндамасын Бээжин дароо «сокур ишенимдеги негизсиз
айыптоого толгон» деп четке какты. Адаттагыдай эле Тышкы иштер
министрлигинин маалымат катчысы Лу Канг жооп менен чыкты:

"Кошмо Штаттарды адам укуктары жаатындагы маселени Кытайдын ички саясатына кийлигишүү үчүн колдонууну токтотууга чакырабыз. Ошондой эле АКШга өзүндөгү адам укуктары боюнча маалыматтарга кылдат көңүл буруп, адегенде өздөрүнүкүн жөнгө салып алууга кеңеш беребиз".

Мындан тышкары АКШ мамлекеттик катчысы Иран, Түштүк Судан, Никарагуада режимдер адамдарды өлтүрүп, митингдер учурунда аёосуз кармоодон кайра тартпаганын баса белгиледи. Орусия, Венесуэла, Түркмөнстан, Пакистан, Ооганстан да бийликтин саясий атаандаштарын куугунтуктаганы, ЛГБТ менен балдар, аялдарды басмырланып жатканы, түрмөдөгү кыйноолор, сот акыйкатсыздыгы ж.б. укук бузуулар боюнча кескин сынга алынгандар арасында.

Кыргызстанда абактардагы кыйноолор, улуттук жана сексуалдык азчылыкты куугунтуктоо, ала качуунун токтобой жатышы, Бурулай Турдаалы кызы анын курмандыгы болгону так белгиленет.

Соттун акыйкатсыздыгы тууралуу дооматтардан улам абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду, сотту күтүп жаткан мурдагы эки премьер-министр Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевди байкоочулар, укук коргоочулар саясий негизде кармалган деп эсептешери белгилеген.

Президенттик шайлоодон кийин андагы талапкер Өмүрбек Бабановго кылмыш иши ачылганы, ал азыр чет өлкөдө экени да кошумчаланат.

Мамлекеттик департамент көйгөйлөрдү аныктаган соң Американын таасирин колдонуу менен адам укуктары жаатындагы абалды оңдоону максат кыларын белгилейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG