Флорида штатынынын Бока-Ратон шаарындагы Линн университетинде бир жарым саатка созулган телетаймашта Барак Обама атаандашы Митт Ромнини өлкөнүн "башкы командачысы болууга даяр эмес" саясатчы катары сыпаттоону көздөдү.
Ромни болсо Обаманын лидерлиги алдында "Американын эл аралык аброюн алсырады" деген пикир жаратууга умтулду.
Обаманын пикиринде, мурда губернаторлук кызматты аркалаган республикачыл атаандашын тышкы саясатта Сирия, Иран, Ирак, Кытай болобу туруктуу жана ырааттуу туруму жок же аны карманбайт.
Иран тууралуу
Барак Обама өз тарабынан АКШнын тышкы саясатындагы эң башкы маселелердин бири - Ирандын талаштуу өзөктүк программасына токтолуп, эл аралык санкциялардын күчөшү бул өлкөнүн экономикасына олуттуу таасир тийгизгенин белгиледи:
-Иран маселесине токтолсок, мен АКШнын президенти болуп турганда, Иран өзөктүк куралга ээ боло албайт. Мен муну кызматка киришкенимде эле ачык айткам. Андан кийин биз күчтүү коалиция уюштурдук, Ирандын тарыхындагы эң күчтүү санкцияларды киргиздик жана бул алардын экономикасына олуттуу сокку урду. Алардын валютасы 80%га чейин нарксызданды. Мунай өндүрүшүнүн көлөмү, алар 20 жыл мурда Ирак менен согушкан кездегидей эң ылдыйкы деңгээлге түштү. Муну менен алардын экономикасы алсырап жатат. Мунун баарын биз өзөктүк куралы бар Иран, биздин улуттук коопсуздукка, Израилдин улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурарына байланыштуу жасадык.
Ал эми Ромни Иран өткөн төрт жылда өзөктүк куралга ээ болуу мүдөөсүнө жакындаганын айтып, Обаманы буга катаал турумун көргөзө албаганы үчүн сындады.
Ромнинин көз-карашында, АКШ үчүн башкы тышкы коркунуч – Иран. Обама андай коркунуч катары терроризмди атады.
Ооганстан, Орусия, Пакистан
Тышкы саясаттын тигил же бул маселеси боюнча талапкерлердин көз карашы кайчы, ошондой эле окшош чыккан учурлар да болду.
Маселен, Ооганстандан АКШ аскерлерин мурда мерчемделгендей эле 2014- жылдын аягына карата чыгарууга Обама менен катар Ромни да макул.
Ошондой эле Ооганстандын коңшусу Пакистан менен АКШнын мамилесинде татаалдык бардыгын эки талапкер тең мойнуна алды.
Республикачыл Митт Ромни Вашингтон менен Исламабаддын мамилесине токтолуп, Пакистандын ички бүлүнүшү өзгөчө коркунучтуу экенин белгиледи:
-Пакистан аймак үчүн, бүткүл дүйнө үчүн, биз үчүн да маанилүү. Анткени Пакистанда 100 өзөктүк дүрмөт бар жана алар мунун санын көбөйтүүнү көздөөдө. Жакынкы келечекте эле Пакистандын өзөктүк дүрмөттөрүнүн саны Улуу Британияныкынан көп болуп калат. Аларда ошондой эле "Хаккани" [террордук] түйүнү бар, "Талибан" да ушул өлкөнүн ичинде аракеттенүүдө. Андыктан Пакистандын бөлүнүп-жарылып, алсыз мамлекетке айлануусу, Ооганстан жана биз үчүн өзгөчө коркунуч болмок. Демек биз Пакистандын стабилдүү өкмөттү карай багытын колдоп, жардам көргөзүүнү улантуубуз керек.
Пакистан боюнча эки талапкердин пикири окшош чыкканы менен Орусия боюнча кайра эки ача болду.
Ромни орус президенти Путин менен мамиледе ийкемдикти эмес, катаалдыкты көргөзөөрүн айтса, Обама муну менен ал “кансыз согуш” доорундагы саясатты сунуш кылып жатканын сындады.
Соңку үчүнчү телетаймаш тышкы саясатка арналганы менен талкуу учурунда талапкерлерге шайлоочуларды эң көп тынчыздандырган экономика, салык, бюджет маселелерине да кайрылууга туура келди.
Ким жеңди?
Телетаймаштан кийинки сурамжылоого тартылгандар бул ирет да артыкчылыкты Барак Обамага ыйгарышты. Экинчи телетаймаштан кийинки сурамжылоо да Обама алдыга чыкканын көргөзгөн, бирок биринчи эрөөлдө Митт Ромни утуп чыккан.
Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр боюнча Вашингтондогу борбордун эксперти Стефани Санок "Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде телетаймаштын жыйынтыгын мындайча баалады:
- Мени таңкалдырганы эки талапкерде тең АКШнын лидерлиги тууралуу кеңири сөз кылууга мүмкүнчүлүк болду, бирок мен андайды көрө алган жокмун. Демек бул - тең чыгуу. Мен алардын бири да ачык жеңишке жетти деп ойлобойм.
АКШдагы президенттик шайлоо 6 -ноябрда өтөт. “Вашингтон Пост” гезити жазгандай, алдыдагы эки аптада эми талапкерлер жана алардын шайлоо штабдары негизги көңүлдү маанилүү штаттарга буруп, али бир чечимге келе элек шайлоочуларды өз тарабына тартууга умтулушмакчы.
Коомдук пикирди сурамжылоонун соңку жыйынтыктары, Обама Ромниден 1-3% алдыда, кээ бир сурамжылоор 47% эки талапкер дээрлик тең келе жатканын көргөзүүдө.

(Талапкерлердин 3-телетаймашынын видеосу - англис тилинде)