Серепчилердин сөзүнө караганда, өлкөнүн тышкы саясатына арналган бул телеэрөөл илең-салаң пикирдеги шайлоочуларга 6-ноябрда кайсы талапкер үчүн добуш бергенге көмөктөшөт. Экинчи телетаймаштан кийин Си-Эн-Эн телеканалы өткөргөн сурамжылоо, тышкы саясат маселесинде Обаманы шайлоочулардын 49 проценти, Ромнини болсо 47 проценти колдогонун көрсөткөн.
Чечүүчү үчүнчү телетаймаш Флорида штатынын Бока-Ратон шаарчасында өтөт. Модератор 90 мүнөт ичинде талапкерлерге берилчү суроолорду беш топко бөлүп койгону айтылууда. Атап айтканда, АКШнын дүйнөдөгү ролу; Ооганстандагы жана Пакистандагы коогалаң; Израил жана Ирандын ядролук программасы; Жакынкы Чыгыштагы жаңы кырдаал жана терроризмдин жаңы жүзү, ошондой эле Кытайдын кемелине толуп баратканы жана эртеңки дүйнө.
Серепчилер Барак Обама президент ирети тышкы саясат маселесинде жакшы такшалып калгандыктан, дебатты ээн-эркин жүргүзөт дешет. Бизнесмен жана экс-губернатор Митт Ромни тышкы саясатта тажрыйбасы жок болгондуктан, телетаймашта жаңылыштыктарды кетирери ажеп эмес.
Стефани Санок айым Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун Эл аралык коопсуздук программасынын директорунун орун басары. Анын оюнча, Барак Обама шайлоочуларды төрт жыл президент катары тышкы саясатты кынтыксыз жана ийгиликтүү жүргүздүм деп ишендиргенге аракет кылат:
- Президент тышкы саясаттагы ийгилигине: Усама бин Ладенди жок кылгандан тартып, Араб жазын кандай колдогонуна чейин кенен айтып берет жана мунун баарын кылдат мерчемделип жасалган кадам ирети мүнөздөйт деп ойлойм. Ал менимче, көңүлдү Американын кубатына буруп, Тынч окендагы күчтөрдү баланстоо жана Жакынкы Чыгыш тууралуу сүйлөйт. Бул региондордогу өз жетишкендиктерине токтолот. Ирактан аскерлер ийгиликтүү чыгарылганы жана 2014-жылдын аягына АКШ күчтөрү Ооганстандан чыгарылып кетилери күн тартибине киргизилгени жөнүндө сүйлөйт.
Кээ бир талдоочулар Ливия жана Сирия кризиси талкууланганда, же Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу жөнүндө кеп козголгондо, же өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо маселесинде, Ромни Обамага жакшы эле чабуул жасайт деп боолгошот. Ошондо да Митт Ромни Ооганстан жана Пакистандагы согуш жөнүндө кеп кылганда маселени дүңүнөн уруп салбай, анын өзгөчөлүктөрүн талдап айтып бергени оңдуу болот, дейт Санок айым:
- Губернатор Ромни президент Обамадан айырмаланып, АКШ аскерлеринин Ооганстандагы келечеги жөнүндө эмне деп ойлойт? Эгер 2014-жылдын аягына Ооганстандан аскерлер чыгарылса, Ооганстанды кантип колдойт? Оогандар өзү эмнени каалайт? Анан АКШнын Пакистандагы саясаты кандай болууга тийиш?
Митт Ромни буга чейин Иранга байланыштуу сүйлөгөн сөздөрүндө Тегерандын ядролук курал жасагандай мүмкүнчүлүккө ээ болушуна жол бербесин айткан. Барак Обама болсо Ирандын ядролук куралга кимдир бирөөлөрдүн жардамы менен ээ болгонуна жол бербейм деген. Эки талапкер тең мына ушул сөздөрүн эл түшүнгөндөй кылып, кенен-кесир айтып бериши шарт.
- Бул маселеде эки талапкер тең мурда айткан сөздөрүнө тактык киргизүүсү зарыл, - дейт Стефани Санок. - Экөө тең Иран боюнча пландарын ачык айтышы керек. Алар аскер колдонуу жөнүндө эмне ойлошот? Иран ядролук державага айланып баратат деген кеп чынбы? Иран ядролук технологияга ээ болгондон кийин ядролук держава деп эсептелип калабы? Менимче, эки талапкер тең Улуттар Уюмунун ролу жөнүндө өз оюн айтышы абзел.
Барак Обама 2009-жылы Ак үйгө келгенден кийин Иранга өзүнөн мурдакы президент Жорж Буш кезде киргизилген финансылык санкцияны дагы катуулаткан. Ошол эле маалда Иранды мунасага барууга көндүргөнгө аракет кылган. Же “токоч жана камчы” саясатын жүргүзгөн.
Эксперттердин айтышынча, непада Ромни президенттикке шайланып калса, азыркы эле саясатты улантат; анткени Иранга сокку урам же согуш жарыялайм десе, ал үчүн мыйзамый колдоо алуу дээрлик мүмкүн эмес.
Экөө тең Иран боюнча пландарын ачык айтышы керек. Алар аскер колдонуу жөнүндө эмне ойлошот? Иран ядролук державага айланып баратат деген кеп чынбы?