Америкалык саясатчы, демократ Дебби Динжелл "Жогорку сот президент Дональд Трамптын талаштуу буйругун колдоо аркылуу америкалык баалуулуктарга кол салды" деп билдирди. Ал мындай оюн Вашингтондогу мусулмандарды колдогон акция учурунда айтты:
- Бүгүн Жогорку сот бизге - америкалыктарга кол салды. Биз буга каршылык көрсөтөбүз.
Судьялар 26-июнда Ирандын, Сириянын, Судандын, Сомалинин, Ливиянын жана Йемендин жарандарынын АКШга киришине чектөө киргизген Трамптын былтыр чыккан буйругун колдогон. Ушундан кийин Жогорку соттун имаратынын алдына ондогон адамдар жыйналып, чечимге нааразы экенин билдиришти.
Бул сыяктуу нааразылык акциясы Нью-Йорк шаарында да өттү. Анын катышуучусу бири Жен Ноборикава:
- Мындай нерсе менин өлкөмдө болуп жатканына уялып турам. Мен бул нерсе менен макул эмес экенимди, башкаларды колдоорумду көрсөткүм келди. Колдоого муктаждардын баарына тиешелүү жардамыбызды бере аларыбызга үмүттөнөм, - деди.
Сенаттагы демократтардын өкүлү Чак Шумер да Жогорку соттун токтомун “туура эмес” деп баалап, ал “бизди коопсуз кыла албайт” деп билдирди. Ал кошумчалагандай, бир канча мусулман өлкөсүнөн келгендерге тыюу салуу "Америкага коошпогон" чечим болуп калды.
Ал эми Жогорку соттун башкы судьясы Жон Робертстин маалыматына караганда, президенттик администрация улуттук коопсуздукту камсыз кылууну негиз кылып, ага жетиштүү далил келтиргендиктен, соттор буйрукту колдогон.
АКШнын президенти Дональд Трамп болсо Жогорку соттун чечимин америкалыктардын жана Конституциянын “чоң жеңиши” катары баалап, судьяларга ыраазычылык билдирди:
- Жогорку соттун бүгүн чыккан чечими - чоң ийгилик, Америка элинин жана биздин Конституциянын чоң жеңиши. Биз катаал болушубуз керек, ошондой эле биз коопсуз болушубуз зарыл. Жок эле дегенде биз өлкөгө кирип жаткан адамдарга ишенерибизге ынанышыбыз керек. Биз бул жакка кимдер келип жатканын билишибиз абзел. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана демократтардын айыптоолору жаңылыш жана туура эмес болгонун көрсөтөт.
Ак үй былтыр буйрукту жарыялаган учурда ал “радикал исламчыл террорчулар карасанатай иштери үчүн пайдалана алган жана пайдаланып жаткан” талылуу жерлерди жоюуну көздөй турганын айткан.
Ошондой эле Вашингтон тизмедеги үч өлкө террорчулукту сүрөөнгө алып келатканын, калган үчөө өз аймактарын көзөмөлдөөнү "ал-Каида" же "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмдарына тарттырып жиберишкенин жүйө келтирген.
Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) маалыматы боюнча, качкын болуп келген 300дөн ашуун киши террорчулук менен болжолдуу байланышы бар иштер боюнча тергөөгө алынган.
АКШдагы мусулмандардын таанымал өкүлү, Америка - Ислам байланыштары кеңешинин башчысы Нихад Авад Жогорку соттун чечимине өкүнүч билдирип, муну дискриминация катары кабыл алды:
- Жогорку соттун чечими бул президент жана талапкер ушул жердеги жана чет жердеги так бир диний коомду - мусулмандарды бутага алганын эске албай койду. Тилекке каршы, сөз бирдей коргоо жана америкалык идеялар менен жашоо тууралуу болгондо бизге мамлекет катары дагы узак жол басууга туура келет.
Президент Трамп алгачкы иммиграциялык буйругуна былтыр 27-январда кол койгон. Ага ылайык, Ирактын, Ирандын, Сириянын, Судандын, Сомалинин, Ливиянын жана Йемендин жарандарына АКШга кирүүгө 90 күнгө тыюу салынып, сириялык качкындар белгисиз мөөнөткө чейин АКШга кабыл алынмак эмес. Дароо күчүнө кирген буйрук аэропорттордо адамдардын кармалышына, АКШнын шаарларында ири демонстрацияларга жол ачкан. Акыры Сиэтлдин соту бул чечимди "Конституцияга каршы келет" деп токтотуп койгон.
Көп өтпөй Ак үй жаңы буйрук даярдап, аны президент былтыр 6-мартта чыгарган. Документте тизмеден Ирак алынып салынган жана “жашыл картасы” бар адамдардын Америкага киришине уруксат берилген.
Ошондой эле сириялык качкындардын өлкөгө келишине тыюу салган чечим жокко чыгарылган.
Бирок 15-мартта Гавайидеги федералдык судья Деррик Уотсон, 16-мартта Мэриленддин судьясы Теодор Чанг "Конституцияга туура келбейт" деген негиз менен президенттин буйругун убактылуу токтотуп коюшкан.
Жогорку соттун токтому - акыркы чечим жана эми аны талашып, ага каршы арызданууга болбойт.