Иран АКШнын пилотсуз учагын атып түшүргөндөн бери Вашингтон менен Тегерандын ортосунда кайым айтышуу күчөдү. 23-июнда АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Иерусалимдеги жолугушуусунда Тегеранга эскертүү берди.
Ал эч ким Иранга «Жакынкы Чыгышта аңчылык кылуу укугун» бербегенин айтып, бул өлкөнүн бийлигин Вашингтондун «этияттыгын» «алсыздык» катары кабыл албоого үндөдү.
20-июнда Тегеран америкалык чалгын дронун атып түшүргөндөн кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга сокку уруу планын жактырып, бирок ал операцияны кайра токтоткону кабарланган.
Трамп 22-июнда бул мааалыматты ырастап, операцияны токтотуу боюнча чечимине бир америкалык генералдын аба соккуларынан 150 ирандык каза табышы мүмкүн экенин айтканы себеп болгонун билдирген.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон президент Трамп Иранга каршы «соккуларын ушул жолу гана токтотконун» эскертти.
Тегеран АКШнын дрону өлкөнүн аба мейкиндигин бузганы үчүн атып түшүрүлгөнүн билдирсе, Америка тарап бул пилотсуз учак Ормуз кысыгынын айланасындагы эл аралык акваторияда бутага алынганын белгилеп келет.
Кантсе да дрон атып түшүрүлгөндөн бир нече саат өтпөй, Кошмо Штаттар Ирандын аскердик компьютердик системасына киберчабуул койгону эми белгилүү болууда. «The Washington Post» басылмасы аты аталбаган америкалык расмий өкүлгө шилтеме кылып, мындай киберчабуулдарга президент Дональд Трамп макулдук бергенин жазып чыкты. Басылманын маалыматы боюнча, мындай чабуулдардан кийин Ирандын ракеталарды учуруучу системасынын иши үзгүлтүккө учураган.
«Associated Press» жаңылыктар агенттиги бул чабуулдар өзгөчө Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусун бутага алганын маалымдады. Пентагон бул маалыматты ырастаган жок.
Дональд Трамп ишемби күнкү сөзүндө Иран менен тез арада кепке келүүгө даярдыгын ишарат кылып, бул кадам АКШнын финансылык чектөөлөрүнөн улам кризиске кептелген Ирандын экономикасын кайра жандандырууга жардам берерин айтты. Ал эгер Иран өзөктүк куралынан баш тартса, бул өлкөнүн «эң мыкты досу» болууга даяр экенин да белгиледи.
Америка тараптын мындай сыны менен сунуштарына 23-июнда Ирандын президенти Хасан Роухани жооп кайтарып, АКШны «чөлкөмдөгү чыңалууну күчөтүп жатат» деп айыптады. Ал Кошмо Штаттардын Жакынкы Чыгыштагы аскердик күчтөрү чөлкөмдөгү кырдаалга жооптуу болоорун эскертти.
Ушул эле күнү Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командири Голамали Рашид да Жакынкы Чыгышта жаңжал чыкса, аны көзөмөлдөө кыйын болоорун айтты. Ал өз өлкөсү согушту каалабай турганын, бирок «коркунучтун жана агрессиянын» бардык түрүнө жооп берүүгө даяр экенин, президент Трамптын администрациясы «америкалыктардын өмүрүн сакташ үчүн жоопкерчиликтүү болушу керек экенин» белгиледи.
Айтор, Оман булуңунда мунай ташыган кемелерди бутага алган чабуулдан жана америкалык дрон атып түшүрүлгөндөн бери Жакынкы Чыгышта абал чыңалып турат. 23-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш да Перс булуңунда кырдаалды курчутуудан карманууга чакырды.
2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган.
Былтыр 8-майда президент Дональд Трамп АКШ макулдашуудан чыгып жатканын жарыялап, бул кадамынын себеби катары келишимге Ирандын баллистикалык ракеталарды чыгаруу программасы кирбей калганын, Тегеран Жакынкы Чыгыштагы террордук топторду колдоп жатканын көрсөткөн. Аны улай Иранга карата санкциялар кайра жандандырылып, Вашингтон менен Тегерандын алакасы начарлай баштаган.
Иран өзөктүк келишимдин шарттарын аткарып жатканын билдирип, АКШнын андан бир тараптуу чыкканын сынга алып келет.