Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Алабаманын Сенаты абортко тыюу салат


Алабама Сенатынын чечимине каршы чыккандар. 14-май, АКШ.
Алабама Сенатынын чечимине каршы чыккандар. 14-май, АКШ.

АКШнын Алабама штатында бойдон алдырууну дээрлик толугу менен тыйган мыйзам жактырылды. Губернатор документке кол койсо, мыйзам алты айдан кийин күчүнө кирет.

Жаңы мыйзам боюнча аял зордуктоого туш болсо, жада калса жакын туугандарынын зомбулугунан улам боюна бүтүп калса да, абортко уруксат берилбейт. Эненин саламаттыгына коркунуч туулган учурда гана бойдон алдырса болот.

Мыйзам долбоору 14-майда Алабама штатынын Сенатында депутаттардын 25и колдоп, алтоо каршы добуш берди. Республикачыл губернатор Кей Айви документке кол коюп койбой турганын ачык айткан жок, бирок ал абортко каршы позициясы менен белгилүү.

Аялдардын улуттук уюму бул чечим Конституцияга каршы келерин айтып, «саясатчылар муну менен эмки шайлоодо упай топтоого аракет кылып жатышат» деп сындады.

Активисттер жобону Жогорку соттун 1973-жылкы чечимин бетке кармап талашса болоруна ишенишет. Сот ал жылы Кошмо Штаттардын аймагында аборт жасатуу укугун мыйзам түрүндө бекиткен.

Үй-бүлөнү пландоо уюмунун мүчөсү Стейси Фокс мыйзам долбоорун кабыл алууну «Алабамадагы жана өлкөдөгү бардык аялдар үчүн кайгылуу күн» деп сыпаттады.

Тыюу киргизүүнү сүрөгөн республикачыл Терри Коллинз белгилегендей, «мыйзам долбоорунда жатындагы түйүлдүк тирүү адам болуп саналары айтылат».

Демократтардын сенатору Бобби Синглтон жаңы жобону «эркектердин аялдарга өз денесин эмне кылыш керек экенин айтып берүү аракети» катары сүрөттөдү.

«Талкуу алдында демократ Рожер Смитерман «биз иш жүзүндө атасы же бир тууганы зордуктап боюна бүтүп калган 12 жаштагы өспүрүмгө «анын тандоосу жок» деп айтып жатабыз» деген пикирин ортого салды.

Мыйзам түйүлдүктүн жүрөгү соккону аныкталгандан кийин (адатта бул 6 аптадан кийин болот) аны алдырууга тыюу салат.

Мыйзам күчүнө кирсе, аборт жасоого аракеттенген дарыгерлер 10 жылга чейин кесилиши ыктымал, ал эми андай процедураны жасагандар 99 жылга соттолот. Ал эми боюнан алдырган аял сот жообуна тартылбайт.

Алабама - абортко тыюу салган АКШнын биринчи штаты эмес. Негизинен мындай жоболор республикачылар көзөмөлдөгөн жерлерде кабыл алынган. Кентукки жана Айова штаттарында сот мыйзамдын күчүнө киришине тыюу салган.

Жакында Виржиния штатында демократтар төрөткө аз калганда бойдон алдырууга уруксат берүүнү караган мыйзам долбоорун кабыл алууга аракеттенип, бирок документ өтпөй калды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG