Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:38

Украиналыктар Ухандан келгендерге каршы


Украина Кытайдан 73 чет өлкөлүктү алып чыгып кетти. 20-февраль, 2020-жыл.
Украина Кытайдан 73 чет өлкөлүктү алып чыгып кетти. 20-февраль, 2020-жыл.

Украинада Полтава облусунун тургундары Кытайдан алынып келген украин жарандарынын жергиликтүү ооруканага жаткырылышына каршы чыгышты. Ал арада коңшу Казакстанда да коронавируска байланыштуу нааразылык акциясы өттү.

Украина 20-февралда Кытайдын Ухань шаарынан 73 адамды, анын ичинде 45 украиналыкты чыгарып кетти. Алар Полтава облусундагы «Новые Санжары» медициналык борборуна эки жумага карантинге жаткырылары маалымдалган. Бирок буга оорукана жайгашкан айылдын тургундары каршы чыгышты. Алар бейшембиде страгегиялык маанидеги кан жолду тороп, чиркегичтер менен тосуп салышты. Полициянын жолду ачуу аракетинин аягы кагылышуу менен аяктады. Жергиликтүү бийлик эгер тургундар жолду ачышпаса, Кытайдан келгендерди борборго чейин жөө алып өтөрүн билдирди. Каршы болгондор оорукана толуп изоляцияга алынарына ишенишпейт. Ушундан улам алар кокус келгендердин арасынан вирус чыкса, ал жайылып кетеринен кооптонушат.

Бирок президент Владимир Зеленский Улуттук гвардияга караштуу «Новые Санжары» медициналык борбору жакынкы эки жума ичинде өлкөдөгү эң катуу кайтарылган обьект болоруна убада берди.

Ага чейин митингчилер менен Полтава облусунун губернатору Олег Синегубов жолугуп кеткен. «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу ал калкты сабырдуулукка чакырды:

«Бул адамдардын ордунда ар бирибиз болуп калышыбыз мүмкүн эле. Алар үйлөрүнө кайтып келатышат. Алар да кимдир-бирөөлөрдүн балдары, ата-энелери, жакындары. Баары кытайлык жана украиналык медиктердин текшерүүсүнөн өттү. Эч кимисинен респиратордук инфекциянын белгилери табылган жок».

Коронавируска байланыштуу нааразылык акциясы коңшу Казакстанда да болду. Бирок ал жакта эл «илдетке кабылган Кытай жарандары алардын өлкөсүндө дарыланат экен» деген имиштерден улам көчөгө чыкты. Бейшембиде алар Чыгыш Казакстан облусундагы Зайсан районунун акимчилигинин алдына топтолуп, Кытай менен чек араны толук жабууну талап кылышты.

«Мына, өкмөттүн буйругу чыкканына бир айдан ашты. Биздин бажы бекеттерибиз дагы эле ачык. Силер убада бересиңер, ал эми эл чек арадан ачык эле кирип-чыгып жүрөт», - деди Болот аттуу жергиликтүү тургун. Аларга облус башчысы Даниял Ахметов чыгып, чек арадан Кытайдын бир да жараны өтпөй турганын белгилеп, бирок коңшу мамлекеттен келген казакстандыктар текшерүүдөн өткөрүлүп карантинге алынарын кошумчалады.

Мурдараак облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Илияс Мухаммежандын «Фейсбуктагы» баракчасында аймакта 835 орундук стационар даярдалып жатканы тууралуу маалымат чыгып, көп өтпөй эле өчүрүлгөн. Саламаттык сактоо министрлиги «кытай жарандары ооруканаларга жаткырылат» деген маалыматтарды четке какты.

Казакстан менен Кытайдын чек арасы февралдын башында эле жабылган. Бирок жүк жана товарларды алып өтүүгө эч кандай чектөө жок.

20-февралга карата коронавирустан көз жумгандардын саны 2100дөн ашты. 16 миңден көп адам айыгып кетти. Жаңы инфекция декабрдын соңунда Кытайда жайыла баштаган. 20-февралдан тартып кытайлыктарга Орусияга кирүүгө тыюу салынды. Ал эми андан мурдараак Кытай менен Орусиянын ортосунда авиакаттамдар убактылуу токтотулган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG