Евроинтеграциянын миңдеген жактоочулары бул жерде декабрдын 15ине оогон түнү да таң атканча акциясын улантышты.
"Азаттыктын" кабарчылары Жанар Акаев менен Улан Асаналиев ушу күндөрү Украинада жүрөт. Алар 14-декабрдын түнүндө Киевге жетээри менен түз эле Евромайданга барды.