Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Украиналык ырчы Вакарчук депутаттык мандаттан баш тартты


Украиналык рок-ырчы, саясатчы Святослав Вакарчук.
Украиналык рок-ырчы, саясатчы Святослав Вакарчук.

Украиналык рок ырчы, депутат Святослав Вакарчук парламенттеги мандатынан баш тарта турганын, бирок саясатта кала берерин билдирди.

45 жаштагы Вакарчук Жогорку Радага былтыр июлда өткөн шайлоодон кийин, өзү негиздеген «Голос» партиясы менен келген.

Ал 11-июнда өткөргөн маалымат жыйында «укмуштуудай фракцияны» парламентке алып келүү менен миссиясы жарым-жартылай аткарылгандыктан депутаттыктан баш тартууну чечкенин билдирди.

Үч ай мурда ал өз партиясынын жетекчилигинен кеткен.

Вакарчук мындай кадамга биринчи ирет барып жаткан жери жок. "Океан Эльзы" рок-тобунун лидери 2007-жылы "Биздин Украина – Элдик коргонуу" кыймылы менен парламентке келип, бир жылдан соң мандатын өткөрүп берген.

Учурда Жогорку Радада “Голос” партиясынын 20 депутаты бар.

XS
SM
MD
LG