Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:33

Украина: Эски менен жаңынын күрөшү


Украинада жергиликтүү шайлоо 26-октябрда өттү.
Украинада жергиликтүү шайлоо 26-октябрда өттү.

Украинада өткөн жекшембидеги жергиликтүү шайлоонун расмий жыйынтыгы али чыга элек. Айрым байкоочулар Украинада азыр эски менен жаңынын күрөшү жүрүп жатканын айтышууда.

26-октябрда жарыяланган төрт экзит-поллдун эсеби жергиликтүү шайлоодо президент Петро Порошенконун өкмөтү өлкөнүн борбордук бөлүгү менен батыш аймагында үстөмдүк позициясын сактап калганын көрсөттү. Өлкө түштүгү менен чыгышындагы шайлоочулар 2014-жылдын башында нааразылык акцияларынан кийин бийликтен куулган мурдагы президент Виктор Януковичтин “Региондор” партиясынын мүчөлөрүнөн куралган “Оппозициялык блок” партиясына артыкчылык берген.

Президент Порошенко экзит-поллдун жыйынтыгын кубаттады:

- Бул шайлоо Москванын Украинада орусиячыл беишнчи колонна түзүү аракеттерин жокко чыгарды. Бул шайлоо менен украин эли, украин коомчулугу өткөнгө кайтуу ыктымалдуулугун биротоло жокко чыгарган чекти басып өттү.

Петро Порошенко
Петро Порошенко

Украинадагы жергиликтүү шайлоого 130дан ашуун партия катышты. 25-октябрдагы шайлоодо украиналыктар шаар башчылары жана жергиликтүү кеңештер үчүн добуш беришти. Шайлоо чыгыштагы Донецк жана Луганск облустарынын орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн райондору менен Орусия аннексиялап алган Крымдан башка аймактардын баарында өттү.

Порошенконун партиясы жана ага шериктеш коалиция бул шайлоо аркылуу жер-жерлерде өз таасирин күчөткүсү келген. Бирок шайлоо бул оңой эместигин көрсөттү.

Чыгыш аймактарда мурдагы жикчилер “Оппозициялык блок” партиясы менен шаар башчылыгы үчүн күч сынашты. Шайлоо ошондой эле жер-жерлердеги олигархтар да өз кишилерин бийликке алып келүү менен таасирин сактап калууга күч үрөгөнүн көрсөттү.

Маселен, стратегиялык маанилүү жерде жайгашкан порт шаар – Мариуполдогу шайлоо үзгүлтүккө учурашы да буга далил. Ага Украинадагы эң бай деп саналган, бир канча ишканалардын ээси Ринат Ахметовдун шайлоодон өз кишисин алып өтүү аракеттери да себеп болгондой. Шаардын шайлоо комиссиясы “Оппозициялык блокту” колдогон олигарх Ахметовго таандык компания баскан бюллетендерди сапаты начар деп албай койду.

"Оппозициялык блок" партиясы утулуп калышынан коркуп, шайлоого кийлигишти деп, бул үчүн өкмөттү айыптады. Саясий чатактар чыгыштагы Красноармейск жана Сватов шаарларында да шайлоону үзгүлтүккө учуратты. Бул үч шаарда шайлоо эми качан өтөрү белгилене элек.

Лондондогу Chatham House эл аралык мамилелер институтунун украиналык форумунун башкаруу комитетинин төрагасы Роберт Бринкли өлкөдө эски менен жаңынын күрөшү жүрүп жатканын айтат:

- Украинада азыр эски менен жаңынын күрөшү жүрүүдө. Тактап айтканда бул коррупциялашкан, авторитардык ыкмалар менен иш жүргүзүүнү каалагандар менен демократиялык айкындыкты жана эркин базарды жактагандардын күрөшү.

Бул шайлоого көз салган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочу миссиясы шайлоо жалпысынан жакшы уюштурулуп, атаандаштык негизде өткөнүн, бирок шайлоо жараянын мындан ары да реформалоо зарылдыгы бар экенин белгиледи. Уюм Киев мындан ары шайлоого олигархтардын кийлигишүүсүнө, алар жасай турган ыкмаларга чек коюу керек деген да кеңеш берди.

Киевдин мэри Виталий Кличко
Киевдин мэри Виталий Кличко

"Ассошейтед Пресс" агенттигинин кабарына караганда, Киев баштаган бир канча ири шаарларда шайлоонун экинчи айлампасы өтөрү белгилүү болуп калды. Анткени бир да талапкер 50 пайыз добуш ала алган жок. Канткен менен алдын-ала сурамжылоолор баш калаа Киевде азыркы мэр, бокстан саясатка келген, дүйнө чемпиону Виталий Кличко алдыда экенин көрсөтүүдө. Дагы бир ири шаар Днепропетровскиде жергиликтүү магнат Игорь Коломойскийге таандык делген партия шаардык кеңешке келатат жана ал колдогон талапкер шаар башчылыгы үчүн экинчи айлампага чыкчудай.

Бул шайлоодо украиналыктар облус губернаторлору үчүн добуш берген жок. Аларды өкмөт дайындайт. Муну элдик демократияны чектөө деп сындагандар да бар. Киев бул нерсе азыркыдай шартта өлкө бүтүндүгүн сактоо үчүн зарыл деп эсептейт.

Жергиликтүү кеңештер жана шаарлардын башчылары үчүн добуш берүүнүн жыйынтыгы 4-ноябрга барып чыгары күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG