Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:40

Журналист Аркадий Бабченко тирүү болуп чыкты


Аркадий Бабченко (ортодо) Киевдеги басма сөз жыйынында. 30-май, 2018-жыл.
Аркадий Бабченко (ортодо) Киевдеги басма сөз жыйынында. 30-май, 2018-жыл.

Киевде журналист Аркадий Бабченконун өмүрүнө кол салуу атайын операция болгону ал өлтүрүлдү деп кабарлангандан дээрлик бир күндөн кийин айтылды.

Украинанын Коопсуздук кызматында иштин чоо-жайы түшүндүрүлгөн басма сөз жыйынга шаршембиде журналист өзү дагы катышты. “Украинанын Коопсуздук кызматына менин өмүрүмдү сактап калганына ыраазчылык айтам. Мага белгилүү болгондой, бул операция эки ай даярдалган. Менин өмүрүмдү сактап калышты, бул үчүн дагы бир жолу ыраазымын, бирок ири масштабдагы теракттар алдын-ала токтотулду”, - деди журналист.

Аркадий Бабченко (ортодо) Киевдеги басма сөз жыйынында. 30-май, 2018-жыл.
Аркадий Бабченко (ортодо) Киевдеги басма сөз жыйынында. 30-май, 2018-жыл.

Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Васил Грицактын билдиргенине караганда, алар Бабченкону өлтүрүүгө Орусиянын Коопсуздук кызматтары буюртма бергенин бир нече ай мурда билген жана бул ишке тартылган украин жараны атайын операциянын натыйжасында кармалды. “Биз атайын операциянын аркасында Бабченкону өлтүрүү аракетин алдын-ала токтото алдык”,- деди Грицак.

​Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова буга байланыштуу Москва Бабченконун тирүү болуп чыкканына кубанычта экенин, бирок украин бийликтери жалган окуяны “пропаганда” катары жайылтканын белгиледи.

Азырынча маалым болгондой, Украинанын атайын кызматы бул иш боюнча кармаган эки адам тең Украинанын жарандары. Кылмышты ишке ашырууга макул болгон адам башынан эле киевдик коопсуздук кызматы менен жашыруун байланышта болгон. Бабченко өлдү деп жарыялаган жасалма оюн журналистти өлтүрүүнү заказ берген кишини кармаш үчүн уюшулган. Атайын операциянын жыйынтыгында ал киши Орусиянын атайын кызматтары, президент Путиндин администрациясы менен байланышта болгону аныкталды. Ал адамдын колу менен жок кылына турган дагы отуздай кишинин тизмеси маалым болду. Украинанын коопсуздук кызматы Аркадий Бабченкону өлтүрүү операциясы атайлап ишке ашырылып жатканын анын аялы билген. Интернетте аны өлтүрүүгө буюртма берген адам менен аткаруучунун машиненин ичинде сүйлөшкөн сөзүнүн аудиосу жарыяланды.

Буга чейин украин полициясы Бабченко 29-майда кечинде Киевдеги үйүнүн кире беришинде атып өлтүрүлгөнүн, ал жонуна үч ирет ок тийип, ооруканага алып бара жатышканда тез жардам унаасынын ичинде каза тапканын кабарлаган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров украин бийликтеринин орусиялык журналист Аркадий Бабченконун Киевде атып өлтүрүлүшү үчүн Москва жоопкер деген билдирүүлөрүн четке каккан.

“Украинанын премьер-министри муну Орусиянын атайын кызматтары жасаганы жөнүндө айтып жатат, иликтөө иштери али баштала элек. Эл аралык иштерди алып баруунун мындай модасы өтө өкүнүчтүү”, - деген эле Лавров шаршембиде Москвадагы басма сөз жыйында.

Ал эми ФСБнын башчысы Александр Бортников украин тараптын “Бабченкону өлтүрүүнүн артында Орусия турат” деген айыптоосун “чагым “ жана “нонсенс” деп атаганын “Интерфакс” маалымдаган.

Украинанын премьер-министри Владимир Гройсман Аркадий Бабченконун Киевде өлтүрүлүшү үчүн Орусия жоопкер деп эсептеген. “Москвада журналисттин “чынчылдыгын жана принципиалдуулугун” кечиришкен жок, Украинанын чыныгы досу дүйнөгө орусиялык агрессия тууралуу чындыкты айтып турган”,- деп жазган Гройсман өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына.

Бабченконун өлтүрүлүшү артында Кремл турат деген пикирин мурдараак Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин дагы билдирген.

Аркадий Бабченко Орусиядан Украинага былтыр көчүп кетип, мунун себебин Кремлди сындаганы үчүн коркутууларга кабылып жатканы менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG