Москва соңку он күндөн бери украин шаарларына учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку уруп жатат. Расмий Киев билдиргендей, Орусия негизинен Иранда чыгарылган "Шахид 136" (Shahed 136) деп аталган "жанкечти" дрондорун колдонууда. Тегеран болсо Москвага дрон сатканын четке кагууда.
Кремль да Украинада бир гана орус техникасы колдонулуп жатат деп ишендирип жатат. Эксперттер Орусиянын согушта Иранда өндүрүлгөн дрондорду колдонуп жатышы "Москвада курал-жабдык таңкыс экенинин далилдейт" деп эсептейт.
Иранда чыгарылган бул учкучсуз аппараттар бутага жетип урунганда жарылып кетет. Андыктан мындай аппараттарды "камикадзе" же "жанкечти дрон" деп атап коюшат. Ал эми Орусияда булар "Геран-2" деген атка конгон.
Бул дрондордун көбү абадан атып түшүрүлүп жатканы менен Киевдин тургундарын чочутпай койгон жок.
Айрым карапайым украиндер аларды өз алдынча атып түшүрүүнүн жолун издешсе, кайсы бири өз билгендерин башкаларга үйрөтө башташты. Бирок, Украинанын Улуттук полициясы жарандарды коопсуздук маселесинен улам мындай кадамга барбоого чакырды.
Дрон жүз чакырымдан кем эмес аралыкка уча алат. Анын күркүрөгөн үнүнөн улам украиндер "мопед-шахид" деп коюшат.
Алгач ирет бул аппараттарды Орусия Украинада август айында колдонгон. Ал эми 10-октябрдан бери "жанкечти" дрондор менен карапайым адамдардын турак жайларына чабуул коюлуп, бир нече кишинин өмүрү кыйылды. Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Ирандан кадимки дрондордун алуу менен Кремль аскердик жана саясий жаатта алсыз экенин көрсөткөнүн белгилейт.
"Ондогон жылдардан бери алар аскердик-өндүрүш комплексине миллиарддаган долларларды салышты. Аягында кадимки жөнөкөй дрондорду жана ракеталарды сурап Тегеранга кайрылышты", - деди Зеленский 19-октябрга караган түнү жасаган кайрылуусунда.
Дрондун канаттары жайылганда эки жарым метрге чейин жетет. Аппарат 40 килограммга чейинки салмактагы дүрмөттү алып жүрө алат.
"Жанкечти" дрондун бир даанасынын баасы салыштырмалуу арзан, 100 миң долларга чейин турат.
Чалгындын маалыматтарына караганда, Москва Тегерандан мындай дрондордон 2400 даана алган.
Беш аппаратты бир учурса болот. Бир дрон бутага алынган обьектиге жетпей калса, экинчиси жетиши толук мүмкүн. Ошондой эле алардын баарын азыркы абадан коргонуу системасы жок кылууга үлгүрбөй калышы ыктымал. Анын үстүнө бул жанкечти дрондор өтө бийик учпагандыктан, айрым абадан коргонуу системалары аларды оңой-олтоң таба албай жатат.
Абадан коргонуу системасы демекчи, НАТО жакынкы күндөрү Украинага дрондордон коргонуу системаларын жеткирип бермей болду. Бул тууралуу аскердик альянстын башчысы Йенс Столтенберг билдирди. Аскердик эксперт Сергей Грабский бул кандай системалар экенин "Настоящее время" каналына курган маегинде чечмеледи:
"Бул - дрондордун учуусуна тоскоолдук жараткан системалар. Алар дронду башкарууну үзгүлтүккө учураткандыктан дрон башкаруусуз калып, конууга аргасыз болот", - дейт Грабский.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия Ирандан дрон алганы тууралуу маалыматты четке кагып, Украинада орусиялык техника гана колдонулуп жатканын айтты. Расмий Тегеран дагы Москвага дрон сатканын моюнуна албай жатат.
"Буга чейин бир нече ирет айтылгандай, Иран Ислам республикасы Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун бир дагы тарабында эмес. Иран Ислам республикасы согушуп жаткан бир да тарапка курал-жабдык экспорттогон эмес", - деди Ирандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Насер Канаани.
Анткен менен Британиянын чалгын кызматы Москва Киевге Иранда өндүрүлгөн дрондор менен сокку уруп жатканын 18-октябрда дагы бир ирет бышыктады. Вашингтон Тегеранды "калп айтканы үчүн" айыптап, буга чара көрүлөрүн билдирди.