Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:37

Украинадагы мобилизация: оор күндөгү оңой эмес чечим


Прагада жашаган украиндер эгерде Украина парламенти өкмөт сунуштаган мобилизация тууралуу мыйзамды кабыл алса, алар аскердик каттоого турбаса ала албай турган документтерди тариздөө үчүн кезекте турушат.
Прагада жашаган украиндер эгерде Украина парламенти өкмөт сунуштаган мобилизация тууралуу мыйзамды кабыл алса, алар аскердик каттоого турбаса ала албай турган документтерди тариздөө үчүн кезекте турушат.

Украина өкмөтү өлкөдө мобилизациянын жаңы эрежелерин сунуштап жатат. 2024-жылы Куралдуу күчтөрдүн катарына 400–500 миң адам чакырылышы күтүлүүдө.

Январь айынын орто ченинде Министрлер кабинетинин сунуштары Жогорку Радада каралат (Украин парламентинин басымдуу бөлүгү президенттик партия "Слуга народадан" турат). Парламенттик оппозиция жана укук коргоочулар мыйзам долбоорунун айрым пункттары Конституцияга каршы келерин жана Орусиянын Украинага каршы уланып жаткан согушу менен да актоого болбойт деп эсептешет.

Мобилизациянын жаңы баскычы үчүн кандай жаңы эрежелер сунушталып жатат жана андан качкандардын жоопкерчилиги кандай болушу мүмкүн?

Украина президенти Владимир Зеленский 19-декабрдагы жыйынтыктоочу маалымат жыйынында аскер башчылар менен жолугушуулардын биринде 450–500 миң адамды мобилизациялоо сунушталганын билдирди.

Бул үчүн мамлекет кошумча 500 миллиард гривенди (13 миллиард доллардан ашык) бөлүп берүүгө тийиш жана мындай каражатты бийлик азырынча кайдан табары белгисиз. Ошого карабай 25-декабрда Министрлер кабинети Жогорку Радага эки мыйзам долбоорун жөнөттү.

Биринчиси – №10378 - "Мобилизациянын, аскердик каттоонун жана аскерде кызмат өтөөнүн кээ бир маселелерин жакшыртуу үчүн Украинанын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө".

Экинчиси – №10379 - "Аскердик укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жөнүндө Украинанын Административдик укук бузуулар кодексине жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө".

Мобилизация жана аскердик кызмат жөнүндө мыйзам долбоорунда кандай сунуштар бар?

  • Мобилизация боюнча чакыруу курагынын төмөнкү чегин 27 жаштан 25 жашка чейин түшүрүү;
  • Аскердик кызматтын бир түрү катары мөөнөттүү аскердик кызматты жоюу;
  • Мөөнөттүү аскердик кызматтагы бардык жоокерлерди камга чыгаруу. Анын ордуна 18 жаштан 25 жашка чейинки украин жарандары үчүн негизги аскердик кызматты киргизүү, ошондой эле билим берүү мекемелеринде үч айга чейинки негизги жалпы аскердик даярдыкты киргизүү.

Украинанын 18 жаштан 60 жашка чейинки бардык жарандары, анын ичинде чет өлкөдө жашагандар да аскердик каттоого турушу керек (Украинанын 2022-жылга карата Мамлекеттик статистика кызматынын маалыматында 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектердин саны 11 миллиондон кем эмес. – РС). Аскердик же медициналык билими бар аялдар да аскердик каттоого турат.

Ар бир аскерге чакырылуучуга, аскерге милдеттүүгө жана камда турганга электрондук түрдө аскердик каттоо документи түзүлөт. АЖБга [Аймактык жамдоо борборуна] келүү тууралуу чакыруу кагазы аскерге чакырылуучуга, аскерге милдеттүүгө жана камда турганга чакырылуучунун электрондук кабинети же электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.

Чакыруу кагазы анын өзүнө АЖБнын имаратында же жашаган жеринде, иштеген жеринде жана коомдук жайларда берилиши ыктымал. Жарандын АЖБга күн тартибинде көрсөтүлгөн мөөнөттө келбей калышына табигый тоскоолдуктар, жарандын оорусу же жакын тууганынын өлүмү жүйөлүү себеп деп эсептелет.

Киев, согуш мезгилиндеги аскердик кызматтын мөөнөтүн чектеген жана аскерлердин ротациясын кепилдеген мыйзамды кабыл алууну Жогорку Рададан талап кылган аскер кызматкерлеринин жакындарынын нааразылык акциясы, 2023-жыл, 12-ноябрь
Киев, согуш мезгилиндеги аскердик кызматтын мөөнөтүн чектеген жана аскерлердин ротациясын кепилдеген мыйзамды кабыл алууну Жогорку Рададан талап кылган аскер кызматкерлеринин жакындарынын нааразылык акциясы, 2023-жыл, 12-ноябрь

III топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн эч кандай кийинкиге калтырууга болбойт. Кийинкиге калтыруу укугуна I же II топтордогу майыптар жана Украинанын Жогорку Радасынын учурдагы депутаттары гана ээ болот. Мындан тышкары, согуштук абалда кызмат өтөп, камда турууга бошотулгандар аскердик кызматтан бошотулган күндөн тартып эки жылга чейин мобилизацияланбайт. Туткундан азат болгондор да чакырылбайт. Ошол эле учурда Украинанын экономикалык коопсуздук бюросунун, Украинанын мамлекеттик аткаруу кызматынын жана прокуратурасынын кызматкерлери кийинкиге калтыруу укугунан ажыратылат.

Аскердик-медициналык комиссиялар [АМК] жарандардын аскердик кызматка жарамдуулугун же жарамсыздыгын гана аныктайт. АМК мындан ары аскерге милдеттүүлөрдү "чектелген жарамдуу" деп тааныбайт.

Мобилизация учурунда чакыруу боюнча кызмат өтөп жаткан жоокерлер согуштук абал учурунда бир нече негиздер боюнча, атап айтканда, аскердик кызматта болуунун чектик курагына жеткенде, ден соолугуна байланыштуу, үй-бүлөлүк себептерден же кызмат мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу – аскердик абал учурунда 36 айга үзгүлтүксүз кызмат кылган учурда - аскердик кызматтан бошотулушу мүмкүн.

Украинанын чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрү аскерге чакырылуучулар, аскерге милдеттүү же камдагы жоокерлер деп эсептелген 18 жаштан 60 жашка чейинки эркектерге аскердик-каттоо документтери болгондо гана консулдук кызматтарды көрсөтөт, анын ичинде украин же чет элдик паспортторду да тариздейт.

Эгерде аскерге милдеттүүлөр жана камдагы жоокерлер мыйзам талаптарын аткарбаса, алар карызкорлордун Бирдиктүү реестрине киргизилет жана алардын укуктары чектелет. Мындайда чет өлкөгө чыгууга жана мүлкүн пайдаланууга тыюу салынат, айдоочулук күбөлүк алууда жана унаа айдоого чектөө болот, насыя ала албайт жана мамлекеттик жеңилдиктер менен кызматтардан да пайдалана албайт.

Жаңы айыптар жана темир тор артында болуп калуунун жаңы шылтоосу

Мобилизациянын жаңы эрежелери жөнүндөгү мыйзам долбоору менен бирге Украина өкмөтү Радага аскердик каттоого алуу, аскерге чакыруу жана мобилизациянын эрежелерин бузганы үчүн жазаны катаалдаштыруу жөнүндө мыйзам долбоорун киргизди.

Мобилизациядан качканы үчүн азыр үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгерде жаңы мыйзам кабыл алынса, аскердик-медициналык комиссиядан өтүүдөн баш тарткандар ошол эле мөөнөткө түрмөгө камалышы мүмкүн.

Аскердик каттоого алуу эрежелерин бузганы үчүн, атап айтканда, каттоого туруудан качканы үчүн айыпты 8500дөн 17000 гривенге чейин (226дан 453 АКШ долларына чейин) көбөйтүү сунушталууда. Азыр айыптын суммасы 3400дөн 5100 гривенге чейин (91 доллардан 136 долларга чейин).

Ошондой эле жарандарга коргонуу, аскердик милдет жана аскердик кызмат жана мобилизация тууралуу мыйзамдарды бузганы, анын ичинде согуштук абал учурунда аскерге чакыруудан баш тарткандыгы үчүн 34 миңден 51 миң гривенге чейин (910 доллардан 1360 долларга чейин) айып салуу сунушталууда,

Мобилизация жөнүндө мыйзам долбоору – Кремлдин пландарына жооппу?

26-декабрда УККнын башкы командачысы Валерий Залужный атайын маалымат жыйынында президент Зеленский мурда айткандай чындап эле 400–500 миң адамды мобилизациялоо зарылбы деген суроого жооп берүүдөн баш тартты. Ошол эле учурда генерал так сан ачык талкууланбаш керектигин, мобилизация 2024-жыл аралыгында белгилүү бир мезгилдерде акырындык менен пландаштырылып жатканын белгиледи. Залужныйдын айтымында, мобилизация эрежелерин жаңылоонун негизги себеби – учурдагы аскер бөлүктөрүнүн санын толуктоо, жаңы бөлүктөрдү түзүү жана 2025-жылы Орусия жапырт кол салган алгачкы күндөрдөн тартып согушуп жаткан аскерлерди бошотуу.

Валерий Залужный
Валерий Залужный

Киевде келерки жылдын март айында Орусияда боло турган президенттик шайлоодон кийин анын бийлиги мобилизациянын дагы бир толкунун жарыялай турганына күмөн санашат. Украинанын чалгын кызматынын эсебинде Кремль Украинадагы согушка дагы 400 миңден кем эмес кишини жөнөтө алат. Валерий Залужный өкмөт тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун Москванын күтүлүп жаткан аракеттерине "жарым-жартылай жооп" деп атады.

Ошондой эле УККнын башкы командачысы фронтто жагдай оорлошпосо жана майдандагы аскерлердин ордун алмаштыра тургандар болсо гана кызмат мөөнөтүн мыйзам долбоорунда каралган 36 ай менен чектелиши өкмөт менен мунаса кылууга жол ачат деп билдирди. Ошол эле учурда Залужный фронттогу ротация жөнүндөгү (мисалы, ар бир алты ай сайын) мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыккан. Анткени бул үчүн аскер күчтөрүнүн күжүрмөн курамын эки эсеге жакын көбөйтүү зарыл.

Конституцияга шайкештик жана экономикалык тобокелдиктер

Өкмөт тарабынан сунушталган мобилизация тууралуу мыйзам долбоору Украинанын Конституциясына каршы келген ченемдерди камтыйт деп билдирди 27-декабрда Жогорку Раданын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Дмитрий Лубинец улуттук телемарафондун эфиринде.

Кеп кыймылсыз мүлк менен байланышкан иш-чараларга тыюу салуу, өз автоунаасын башкаруу, акча каражатын пайдалануу сыяктуу качкандарга карата бир катар чектөөлөр жөнүндө жүрүп жатат.

"Бул Конституциянын түздөн-түз ченеми: адамдын укуктарын чектөөгө болбойт. Мисалы, адам расмий түрдө үйгө ээ болсо, анда биз мыйзамга ылайык ага үйүн сатууга тыюу сала албайбыз. Бул Конституцияга түздөн-түз карама-каршы келет. Ооба, согуштук абал шарттарында укуктарды чектөөгө ачык уруксат берген ченем бар, бирок бул укуктар ашкере чектеле бербеши керек", – деди Лубинец.

Жогорку Раданын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн айтымында, согуштук абалга карабастан, Украина өлкөдө мыйзамдар да, ченемдер да иштебей, ал эми Конституция жөн эле кагазга айланган абалга жетпеши керек.
Мобилизацияны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору өлкө үчүн экономикалык тобокелдиктерди жаратышы мүмкүн деп жазды Фейсбукка украиналык экономист жана каржы талдоочусу Алексей Кущ.

"Стратегиялык тобокелдик – бул коом менен мамлекеттин жиктешүүсү. Коомдун басымдуу бөлүгү өзүн мамлекеттик институттар менен байланыштырган тармактардан толугу менен кол үзүп, "катакомба абалына" өтөт. Коомдун бир бөлүгүнүн мамлекеттик институттарга каршы тура башташы – согуш учурунда чоң коркунуч болуп саналат", - деп белгилейт эксперт.

Кущтун айтымында, мобилизациянын жаңы эрежелери жөнүндө мыйзам долбоорунун азыркы редакциясынын кабыл алынышы төмөнкү кесепеттерге алып келет: жарандар карталардан, эсептерден, депозиттерден накталай акчаны жапырт чыгарып ала баштайт, банктардагы элдин каражаты азаят. Мындан тышкары, жарандар жумуштан бошонуп, жумуштарга кайра легалсыз орношушу мүмкүн, натыйжада мамлекет салыктын ири бөлүгүн жоготот.


Украин экономисти Борис Кушнирук мобилизация боюнча бийликтин жаңы демилгелери экономика үчүн кейиштүү натыйжаларга алып келиши ыктымал экендигин айтты:

"Качкандардын банк эсептерин, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн бөгөт коюуга байланышкан жоболор – такыр туура эмес. Кесепеттери [экономика үчүн] эң жаман болушу мүмкүн. Жарыя кылынган мыйзам долбоору бийликтин кесипкөй эмес экендигинин ачык мисалы болуп саналат. Украинанын Конституциясына ылайык, жарандардын банк эсептерин аскердин эмес, соттун чечими менен гана бөгөттөөгө, камакка алууга, жабууга болот. Бийлик качкандардын банк эсептери жана мүлкү боюнча жүз миңдеген сот жараяндарын өткөрүүгө даярбы?
Өкмөттүн мыйзам долбоорунун көптөгөн жоболору аларды ишке ашыруу жана Негизги Мыйзамга дал келтирүү жагынан күмөндүү экени мага маалым. Мобилизациянын жаңы толкуну ишмердүүлүгү улуттук экономика үчүн маанилүү болгон көптөгөн ишканалардын жабылышына алып келебейби?

Мобилизациялоо жөнүндө мыйзам долбоору Радага Министрлер кабинети эмес, Украинанын президенти тарабынан киргизилүүгө тийиш болчу – бул ошонун жоопкерчилигиндеги милдет. Бирок мамлекет башчысы коомдун реакциясынан жана жоопкерчиликтен чочулап, муну кылган жок.

Мыйзам долбоору бул турушунда кабыл алынбайт деп ишенем. Долбоор олуттуу түзөтүүлөрдү талап кылат, анткени мен буга чейин айткандай, ал Украинанын Конституциясынын жоболоруна шайкеш келбейт. Дагы бир жагдай. Жүз миңдеген украин жарандары чет өлкөлөрдө жашайт. Алардын айрымдары экинчи жарандыкты алышкан. Аталган мыйзам долбооруна ылайык, Украина алардын мүлкүн тартып алат. Ал адамдардын көбү Украинадан согушка чейин – беш-жети жана андан көп жыл илгери чыгып кеткен. Украина аталган адамдарынан түбөлүк кол жуушу мүмкүн. Сокур кишиге да бул талаштуу маселе экендиги түшүнүктүү.

Өлүп же майып болуп калам деп, эч ким согушка баргысы келбей турганы анык. Ал эми жарандардын өз өлкөсүн коргоо милдети жөнүндөгү ченем - эгерде ал мобилизациялангандарды [позицияларга кол салуу үчүн] бөөдө өлүмгө түрткөн Орусия сыяктуу тоталитардык мамлекет болбосо - мыйзамдуу, демократиялык мамлекетте өтө кылдат иштелиши керек. Мындай мыйзам долбоорун иштеп чыгууда ал экономикага чоң зыян алып келбеши үчүн биринчи кезекте камчы менен токочтун катышын кантип туура келтирүү керектиги жөнүндө ойлонуу зарыл", – дейт Борис Кушнирук.

Мобилизациянын жаңы эрежелери качан күчүнө кириши мүмкүн?

Мобилизация жана аскердик кызмат ошондой эле аскердик укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорлору парламенттин тармактык комитети тарабынан бекитилгенден кийин Украинанын Жогорку Радасынын депутаттары 2024-жылдын 10-январынан 14-январына чейин биринчи окууда карашат деп күтүлүүдө.

Акыркы, экинчи окууда, болжол менен эки-төрт жумадан кийин, документтерге олуттуу түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Укук коргоочулар жана депутаттар жаңы эрежелердин ичинен эң талаштуулары катары качкандардын укуктарынын чектелишин, электрондук чакырууларды жана III топтогу майыптыгы бар адамдарды мобилизациялоону аташат.
Парламенттик оппозиция мобилизациянын жаңы эрежелери боюнча бийликтин бир катар сунуштарын Конституцияга каршы келет жана согуш менен актоого болбойт деп эсептейт.

"Өкмөттүн мыйзам долбоорунун кээ бир ченемдери аймактык жамдоо борборлоруна муну кыянаттык менен пайдалануу үчүн жол ачат, анткени алардын чечими менен аскерлерге бир катар чектөөлөр колдонулат жана бул украин эркектеринин жашоосун тозокко айландырышы мүмкүн. Бийликтин демилгелери мобилизацияны эмес, биздин резервдерди түзүүгө тоталитардык мамилени күчөтөт", - деп жазды өзүнүн Телеграм-каналында оппозициялык "Европейская солидарность" фракциясынын депутаты Ирина Геращенко.

Социалдык тармактардагы комментарийлерге караганда, парламенттик "Слуга народа" фракциясынын көптөгөн өкүлдөрү да Министрлер кабинетинин мыйзам долбооруна каршы чыгышууда. Бирок Жогорку Раданын коргоо комитетинин мүчөсү Соломия Бобровская (оппозициялык "Голос" фракциясы), Forbes Ukraine журналы цитата келтиргендей, президенттик партиянын депутаттары аларды сунуш кылынган документтерди минималдуу түзөтүүлөр менен баштапкы түрүндө колдоого ынандырууга аракет кылышарын жокко чыгарбайт.

Экинчи окууда жактырылгандан кийин эки мыйзам тең Украинанын президенти Владимир Зеленскийге кол коюуга жөнөтүлөт жана кол коюлчу болсо, алар бир айдан кийин күчүнө кирет. Ошентип, мобилизациянын жаңы эрежелери жаздан кийин иштей баштайт.

Украинанын каржы министри Сергей Марченко 27-декабрда Forbes Business Breakfast долбоорунун алкагында Украинада мобилизациянын жаңы толкуну үчүн керектүү акча барбы деген суроого жооп берип жатып мындай деди:

"Мен УККнын Башкы штабына Коргоо министрлиги менен бирге бул маселеде жол таап, алар чыгымдарды кантип оптималдаштырууну көрө тургандыгы жаатында чечимдерди сунушташына мүмкүнчүлүк бермекмин...
Анткени мен буга чейин бир нече жолу айтканымдай, аскердик муктаждыктарды каржылоо боюнча биздин ички дараметибиз түгөнгөн, ал эми жасалма, шарттуу түрдө сумманы көбөйтүүдөн эч майнап чыкпайт".

Марченко Каржы министрлиги мобилизациянын масштабы, мөөнөтү жана зарыл чыгымдар тууралуу маалымат күтөрүн айтты.

"Свобода" радиосунун макаласы орус тилинен которулду

XS
SM
MD
LG