Максаттын (аты өзгөртүлдү) 1-июндагы иш күнү али күнгө чейин эсинде. Кечки саат 23:00 чамасында 100 чакырым жерге жеткирүүгө буйрутма түшүп, үч эркек машинесине отурган.
Мигрант жигит алардын экөө мас экенин байкаганын айтып берди. Жолду катар жүргүнчүлөр Украинадагы согушта көргөн коркунучтуу окуялары тууралуу кеп кылышкан.
“1-июнь күнү узак сапарга тапшырык алгам. Люберцыдан бир топ алыс Борбордук унаа жолуна чейин бармакмын. Кечки сапар болчу. Болжол менен түнкү 11:00 болчу. Үч киши түштү, артта отурган экөө мас болчу. Алардын агрессиясы дароо байкалды. Артыңда мас адамдар отурса бир аз кооптонот экенсиң. Менде ошол учурда эле өмүрүмө коркунуч келет деген сезим жаралды".
Максат жолдо баратканда кардарларынын сөзү аны кооптондурганын айтат. Жүргүнчүлөрү Украинадагы согушта көргөн-билген кандуу окуяларын мактанып айта баштаган.
“Биз четте мекенибизди коргоп согушуп жүрсөк, бул жакта башка улуттар келип иштеп, эс алып, балдарды, аялдарды өлтүрүп, кадимкидей жүрөт” дегенде, экинчиси “Жашырып эмне кыласың. “Крокуста” болуп жаткан нерсени ачык эле айтыш керек да” деп коштоду. Ошондон кийин мен ыңгайлуу жерди карап, машинени токтоттум. Биринчиден, мен өз өмүрүм үчүн корктум. Экинчиден, төлөм накталай болуп калган. Алардын картасында акча жок болгондуктан биз жүрө баштагандан кийин дароо накталай төлөмгө алмашып калган. Мен машинеден түшүп, сылык суранып, эшикти ачып берип, “башка такси чакырып коюңуздар” дедим. Машинеден түшүп эле мага атырылып, түрткүлөштү. Экөө келип, бирөө уруп, бирөө түрткүлөдү. Кол сала баштаганынан мен нес болуп калдым. Ал жерде кетип бара жаткан машинелерден жардам сурадым. Алар мени машинемден ары түртүп салышкан. Автоунаама такыр жакындай албай калдым. Машинеде калган телефонумду алып, 102ге чалып, жардам сурайын дегем. Жолдо бараткандардын бири токтоп, мен бир аз жылып, анан 102ге чалдым".
Социалдык тармактарда тараган видеолордо эки адам Максаттын артынан кууп, бири ал учурду видеого тартып жатканы көрүнөт. Кадр сыртындагы адам:" Атайын операциянын катышуучулары экенибизди угуп алып, бизди машинеден түшүрүп салды" деп айткан.
Бул окуяны орус медиасы "кыргызстандык мигрант согуштун катышуучуларына сый мамиле кылган эмес” деп чагылдырган.
Окуядан эки күн өткөндөн кийин Максатты полиция кармап кеткен. Мигрант жигитке полиция бөлүмүндө да басым болгон.
"Тергөөчүгө алып барып, дароо эле сурак башталып кетти. Мага жактоочу дагы, котормочу дагы берген жок. Эки сааттан кийин гана котормочу келди. Болжол менен төрт сааттай суракка алышып, анан изоляторго камап салды. Ал жакта бир күн жаттым. Эртеси дагы суракка алышып, кечинде кое беришти. Мен ал жерде мага коюлган айыптарды деле бир түшүнүп, бир түшүнбөй жаттым. Өзүмдү толук коргой алган жокмун. Мен туурасын айтам, мындай болгон деп, алар аны жазбайт. “Сен алдап жатасың, мындай болгон, андай болгон” дешет. Котормочу да, жактоочум да жок, эмне кыларымды билбей калдым. “Мен бул жерге макул эмесмин” деп баш тарткан жерин айтсам, “макулсуң, кол кой” деп кол койдуруп салышты.
Орусиянын тергөө органдары аталган факт боюнча кыргызстандык таксистке “жек көрүүнү, кастыкты козутуу, адамды кемсинтүү” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин ишти өз көзөмөлүнө алганы кабарланган.
"Бул факт боюнча Орусиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча тергөө органдары тарабынан Кылмыш кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Орусиянын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Виталий Саксинге кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшү жана аныкталган жагдайлар боюнча баяндама берүүнү тапшырды" деп жазылат маалыматта.
Максат Орусияга келгенине үч жыл болгон. Ал өмүрүнө корккунуч жаралган учурга биринчи жолу дуушар болгонун, өз окуясы боюнча Орусиядагы Кыргызстандын элчилигине, кыргыз диаспорасына кабар бергенин айтты:
"Суракка келгенге чейин элчиликке кабар бергем. Сыртта мени юристтер күтүп туруптур. Алардын жардамы менен кайра паспортумду колго алдым. Менин укугумду коргоп берсин деп жактоочу жалдадым. Эч эскертүүсүз суракка алып кирип, камагандан кийин менде коркуу сезими пайда болду. Чынын айтсам азыр деле өз өмүрүм үчүн кооптонуп жатам".
Максаттын жактоочусу Эрланбек Токтосунов мигранттын ишине бийлик кийлигишкенин билдирди:
"Бул жерде биздин мигранттын аракеттеринде эч кандай кылмыштын курамы жок болгондуктан бошоду. Андан кийин Бастрыкин кайра тапшырма берип, “камагыла дебедим беле” дегенден кийин кайра телефондорун текшерди. “Экстремисттик уюмдарга акча которгонбу” деп карап, “ошол иш боюнча кылмыш ишин козгогула” деп тапшырма берди. Каттоосу жасалма экен, “ошол боюнча кылмыш ишин козгогула” деп да тапшырма берди. Жалпысынан ушундай кылып басмырлап, кечээ аябай эле жаман нерселер болду. Бастрыкин жеке өзү бул ишке киришип, тергөөгө басым жасап жатат. Өзү төрага болсо да андай тапшырма бергенге акысы жок эле. Ал “тергөө калыс жүрүшү керек” деп айтышы керек болчу".
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги таксистке укуктук жардам көрсөтүлүп, “ишти ар тараптуу карап берүү” өтүнүчү менен Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жибергенин маалымдады.
7-июнда Кыргызстандын тышкы иштер мекемеси кыргызстандык таксистке козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирди.
Быйыл мартта “Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин Орусияда мигранттарга карата ксенофобиялык (ишенбей, чочулаган) маанай күчөгөн. Өлкөнүн ар кайсы аймактарында укук коргоо кызматкерлери чет элдик жумушчулардын жашаган жана иштеген жерлерин текшере баштаган. Мигранттарды аскер комиссариатында каттоого алган учурлар да көбөйгөн.
Аз күн мурун кыргыз өкмөтү мекенине кайткан мигранттар тууралуу маалымат берип, чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттардын саны дээрлик 300 миң адамга азайганын айтып чыкты.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, кыргызстандык мигранттардын саны соңку жылы Орусияда, андан кийин Түркияда кыскарган.