Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:54

Украина-Орусия кризиси: АКШ Европага аскер жөнөтөт


АКШнын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
АКШнын аскерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

Украин-орус чек арасындагы чыңалууга байланыштуу АКШ өз аскерлерин Европадагы өнөктөштөрүнө жөнөтө турган болду. Батыш Орусия Украинага жакын арада чабуул жасашы мүмкүн деп кооптонууда.

Москва муну төгүндөгөнү менен украин чегине жакын топтолгон 100 миңдей аскерин артка кайтара элек. Ал тургай Беларус менен чогуу машыгуу баштаганы турат.

АКШнын жүрүшү

Кошмо Штаттар үч миңдей жоокерин Европага жөнөтөрүн Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби 2-февралда маалымдады. Алардын эки миңи Польша жана Германияга барат. Учурда Германияда жайгашкан миң аскер Румынияга которулмакчы.

Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби.
Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби.

Куралдуу күчтөрдүн жиберилиши “Путинге жана дүйнөгө” биз НАТОнун өнөктөштөрүн “коргоого даярбыз деген ишарат болмокчу”, - деп кошумчалады Кирби журналисттерге берген билдирүүсүндө. Ал АКШ чыңалууну дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө дагы деле ачык экенин белгилеп, чатак сөзсүз болот деп эсептебей турганын да айтып өттү.

Мунун артынан эле билдирүү жасаган президент Жо Байден бул Түндүк Атлантикалык аскердик альянстын (НАТО) жамааттык коргонуу жөнүндөгү келишиминин 5-беренесинин негизинде ишке ашып жатканын айтты. Ал ошондой эле мындай аракеттер болорун мурдараак Орусиянын президенти Владимир Путинге эскерткенин да маалымдады.

Жо Байден.
Жо Байден.

“Ал (Путин) агрессивдүү кадам жасап жаткан чакта, биз НАТОдогу жана Чыгыш Европадагы өнөктөштөрүбүздүн жанында болорубузга ишендирип жатабыз. Ошондой эле 5-берене биз үчүн ыйык милдеттеме экенин көрсөтөбүз”,- Байден 2-февралда CNN телеканалынын кабарчысына.

НАТОго кирген мамлекеттердин 1949-жылы Вашингтондо кабыл алынган келишиминин 5-беренеси жамааттык коргонуу боюнча негизги шарт болуп саналат. Анда уюмга мүчө кайсы бир өлкөнүн эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жаралса, бирикменин бардык мүчөлөрү ага жардам бериши керек.

Украина НАТОнун мүчөсү эмес. Бирок АКШ аскерлерин жайгаштырганы жаткан Польша, Германия жана Румыния бирикменин курамында. Алардын баары Украинага жакын турат, Польша менен Румыния аны менен чектешет.

АКШ өз аскерлерин жөнөтө турган мамлекеттер кызыл менен белгиленген. CNN телеканалынын видеосунан алынган скриншот.
АКШ өз аскерлерин жөнөтө турган мамлекеттер кызыл менен белгиленген. CNN телеканалынын видеосунан алынган скриншот.

30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Буга каршылык билдирген Орусия Украинанын чек арасына 100 миңдей аскерин тарткан. АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган.

Бир тараптан АКШнын, Европа Биримдигиндеги мамлекеттердин, НАТОнун, экинчи тараптан Орусиянын өкүлдөрүнүн ар кайсы деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок. Президенттердин, министрлердин деңгээлиндеги диалогдон кийин да тараптар өз позицияларында кала берген.

Дипломатиялык фронтто 2-февралда АКШ президенти Жо Байден менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон телефондон сүйлөшүп, Орусиянын Украинага ыктымал чабуулуна карата жооп чаралар талкууланды. Анда Макрон жакын арада Путин менен сүйлөшүүнү пландап жатканын айткан.

Германиянын канцлери Олаф Шольц жакын арада Москвага барып, Путин менен жолугушу мүмкүн экенин журналисттерге айткан. 2-февралда орус президенти менен Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кыска сүйлөшкөн. Анда Жонсон Украинага кандай гана чабуул болбосун анын арты оор болорун Путинге эскерткени маалымдалды.

Орусиянын позициясы жана кыймылы

Америкалык аскерлердин Европага тартылышы боюнча Москва билдирүү таратып, “аскердик чыңалууну күчөткөн жана саясий чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүктөрдү азайткан деструктивдүү кадам” деп айыптады. Мындай позиция 2-февралда Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушконун “Интерфакс” маалымат агенттигине берген комментарийинде айтылды.

3-февралда Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге буларды билдирди:

Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

"Биз америкалык контрагенттерди Европа континентиндеги чыңалууну күчөтпөөгө үндөп келебиз. Тилекке каршы, америкалыктар бул аракетин улантып жатышат. Бул жолу “жакында согуш башталганы жатат, же бардыгыңар жооп бересиңер” деген жөн эле чакырыктар жөнүндө эмес, биздин чек арабызга жакын жайгашкан европалык мамлекеттерге америкалык аскерлерди жөнөтүү жөнүндө сөз болуп жатат. Бул чыңалууну жөнгө салууга багытталган кадамдар эмес. Мындай аракеттер тескерисинче кырдаалды дагы да курчутат”,-деди Песков.

Ал ортодо Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 3-февралда Беларуска барып, ушул айда өтүүчү орус-беларус аскерлеринин машыгуусу тууралуу маалымат берди. Ал Беларустун башында турган Александр Лукашенко менен жолугары күтүлүүдө.

Биргелешкен машыгуунун алкагында Орусия Беларуска канча аскердик техника жана канча жоокер алып келгени белгисиз. Бирок кеминде 13 миңдей жоокерин, 3,5 миңдей десантын, 300 танкын жана 500дөй брондолгон техникасын жөнөтөрү маалымдалды. Мурдараак Москва С-400 зениттик ракеталык комплекстерин, “Панцирь” ракетасын, Су-35 үлгүсүндөгү тик учактарын Беларуска алып келгенин расмий кабарлаган.

Орусиянын Украинанын чек арасына жакын тартылган аскерлери жана аскердик техникасынын картасы.
Орусиянын Украинанын чек арасына жакын тартылган аскерлери жана аскердик техникасынын картасы.

Биргелешкен аскердик машыгуу 10-февралда башталып, 10 күнгө созулары айтылган. Машыгуулар Беларустун батыш жана түштүк чек араларында – Польша жана Украина менен чектешкен жерлерде өтөт. Бул жагдай Батышты жана Украинаны кооптондурууда.

Орусиянын президенти Владимир Путин соңку кризиске байланыштуу биринчи жолу 1-февралда пикирин билдирген.

Ал Украина НАТОго кошулуп калса, анда алар Крымда же Донбасста аскердик операцияларды баштап жибериши мүмкүн экенин эскерткен. Путин анда “Орусия НАТО менен согушуп калабы?” деп суроо салган.

Владимир Путин
Владимир Путин

“Ошол эле АКШ Украинанын коопсуздугуна кабатыр болуп жатканын айтканы менен бул алар үчүн экинчи планда турат. Алардын башкы милдети - Орусиянын өнүгүүсүн артка тартуу. Украина ошол максатка жетүүчү курал болуп жатат. Ал үчүн ар кандай жол бар. Бизди кандайдыр бир согуштук аракеттерге аралаштырып туруп, Европадагы өнөктөштөрү менен кайрадан санкцияларын көбөйтөт. Болбосо Украинаны НАТОго кошот, алар Донбасска чабуул жасайт, соңунда кайра эле бизди аралаштырышат”,- деди Путин.

Украинанын Крым жарым аралын Орусия 2014-жылы мыйзамсыз аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Ал эми Донбасс деп аталган эки облус – Донецк менен Луганскидеги жикчилдер Украинадан көз карандысыздык жарыялап алышкан. Бул чөлкөмдөгү орусиялык жикчилдер менен украин өкмөттүк армиясынын кагылышуусунан ушу кезге чейин 13 миңдей адам каза болду.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG