Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:34
Сумы шаары. 17-ноябрь, 2024-жыл
Сумы шаары. 17-ноябрь, 2024-жыл

Түз ободо Сумыда каза тапкандардын саны 11ге жетти

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

05:41 7.3.2022

Netflix жана TikTok компаниялары Украинадагы согушту чагылдырууга байланыштуу орус бийлигинин чектөөлөрүнөн улам Орусиядагы кызматтарынын көбүн токтотту.

TikTok жаңы видеолорду жүктөө жана түз эфир өткөрүү мүмкүнчүлүгүн убактылуу чектеди. Компания бул чечим кызматкерлердин жана колдонуучулардын коопсуздугун сактоо жана Орусиядагы “жалган маалыматтар” жөнүндө жаңы эреженин талабын аткаруу максатында кабыл алынганын билдирди. Кыска видеолорду бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн бул тиркемеге кытайлык ByteDance технология компаниясы ээлик кылат.

Катталуучуларга кино, сериал, видео программаларды сунуштаган Netflix Орусиядагы ишмердигин токтотконун жарыялаганы менен анын чоо-жайын так билдирген жок. Буга чейин баш кеңсеси АКШда жайгашкан бул компания Орусиядан программаларды кабыл алууну убактылуу токтоткон болчу.

Орусиянын маалымат тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси 4-марта Facebook жана Twitter социалдык түйүндөрүн чектеген. Андан бир күн мурда президент Владимир Путин Орусиянын куралдуу күчтөрү тууралуу “жалган маалыматтарды” тараткан адамдарды 15 жылга чейин эркинен ажыратууга мүмкүнчүлүк берген мыйзамга кол койгон.

Мындай талаптардан улам BBC, CNN, Bloomberg, CBS сыяктуу ири эл аралык медиа компания Орусиянын аймагында ишмердигин токтотууга аргасыз болду.

06:15 7.3.2022

АКШ жана анын Европадагы өнөктөштөрү Орусиядан мунай импорттоого тыюу салууну караштырып жатат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 6-мартта америкалык NBC телеканалындагы маегинде айтты.

“Азыр биз орус мунайын биздин өлкөлөргө импорттоого тыюу салуу боюнча европалык өнөктөштөр менен активдүү талкууларды жүргүзүп жатабыз. Албетте, ошол эле учурда дүйнөлүк алкакта мунай менен камсыздоонун туруктуулугун сактоо менен”, - деди Блинкен.

Ал кандай жаңы чектөөлөр күтүлүп жатканын так айтпаса да, кандайдыр бир кадамдар таштала турганын четке каккан жок.

Орусиянын мунайына байланыштуу мындай болжолдуу чаралар АКШда бензиндин баасы 2008-жылдан берки эң жогорку чегине жеткен учурда талкууланып жатат.

Былтыр Кошмо Штаттар Орусиядан айына орто эсеп менен 20 миллион баррелден ашык мунай жана кара май продукцияларын импорттогон. Бул АКШнын суюк күйүүчү майды керектөөсүнүн 8 пайыздайын түзөт.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден кийин Батыш өлкөлөрү Москвага бир катар экономикалык санкцияларды жарыялады. Азырынча Орусиянын мунай жана көгүлтүр отун тармагына чоң чектөөлөр киргизиле элек. Буга чейин Канаданын өкмөтү Орусиядан мунай импорттоого тыюу саларын жарыялаган болчу.

07:45 7.3.2022

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын чабуулунан эң көп жабыркаган Харьков, Чернигов, Мариуполь, Херсон, Гостомель жана Волноваха шаарларына “баатыр-шаар” деген макам берди. Бул тууралуу Зеленский жекшембинин кечиндеги видео кайрылуусунда айтты.

Ал ошондой эле орус күчтөрү менен күрөшүп жаткан бул жана башка бир катар шаарлардын мэрлерине “Эрдик” орденин, айрым облус жетекчилерине Богдан Хмельницкий атындагы орден ыйгарды.

“Биздин баатырлар, биздин баатыр-шаарлар, мен атайын наам ыйгарууну чечтим. Мурда да буга окшош кол салууну жеңгенде боло келгендей”, - деди Зеленский.

Ал соңку кайрылуусунда Орусиянын чабуулдарынан Украинада жөн-жай тургундар каза таап жатканын белгилеп, Батыштын Москвага каршы санкциялары жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Андан бери Украинанын бир катар шаарларында аткылоолор жана бомбалоолор уланууда. Киев менен Москванын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы 7-мартта өтөрү кабарланган болчу.

12:10 7.3.2022

Орусия менен Украинанын делегацияларынын сүйлөшүүсүндөгү макулдашууга мүмкүн болбогон чоң маселе - Крым, Донецк жана Луганск боюнча. Бул тууралуу украиналык делегациянын мүчөсү, “Эл кызматчысы” фракциясынын төрагасы Давид Арахамия билдирди.

Анын айтымында, Москва украин бийлигинен Крымдын аннексиясын, “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасын” таанууну талап кылууда.

Орусиянын башка талаптары, тагыраагы Украинанын аскердик нейтралдык макамы тууралуу талабы жөнүндө Арахамия "НАТО өз катарына кошууну жакынкы 5-10 жылда талкуулаганга даяр эместигин", ал эми "Украина уюмга кошулуу үчүн арыз тапшырбай турганын" айткан.

Жекшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Путин аскердик операцияны токтотуу үчүн Киев Орусиянын бардык талаптарын аткарууга, ошондой эле орус аскерлерине каршы согуштук аракеттерди токтотууга тийиш экенин, болбосо аскердик операция аягына чейин улантыларын айткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG