Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23
Запорожье шаары соккудан кийин. Украина, 8-январь 2025-жыл.
Запорожье шаары соккудан кийин. Украина, 8-январь 2025-жыл.

Түз ободо Запорожьеге урулган соккудан кеминде 13 киши каза болду

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

19:02 22.12.2024

Орусиянын бир нече шаарларында эл көп топтолгон жерлерде пиротехника жарылды. Анын бири Москвадагы "Форт" соода борборунда жайгашкан көп функционалдуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү имаратында болуп, адамдар эвакуация болгонун "Свобода" жазды. Көп өтпөй фейерверкти жергиликтүү пенсионер атканы аныкталып, аны ошол жердеги адамдар кармап, полицияга өткөрүп беришкен. Ички иштер министрлигининин маалыматына караганда, пенсионер аял мурдараак ага 120 миң рубль которгон белгисиз адамдардын айтканын аткарган.

Подмосковьеде "Гелиос" соода борборунда петарда жарылып, күбөлөр бир нече айнек күбүлүп, шып күйүп кеткенин кабарлашты. Жабыркагандар жок экени айтылды. Фейерверк аткан 63 жаштагы киши кармалганы кабарланды.

Москва облусунун Химки шаарында белгисиз адам почтанын бөлүмүндө пиротехника күйгүзгөн. Санкт-Петербурда банкомат жарылганы кабарланып, күбөлөр ага жакын жердеги банктын бөлүмүндө өрт тутанганын билдиришти.

Телеграм-каналдар Петербургдагы банкоматты жардырууга шектүүнүн сүрөтүн жана видеолорун жарыялап жатышат. Ага караганда, улгайган аял күйүүчү зат куюлган идиш менен банктын бөлүмүнө кирип, аны банкоматка куюп өрттөп жиберген деп болжолдонууда.

Ушундай эле окуя бир күн мурда Красноярск шаарында катталганын "Азаттык" радиосунун "Сибир Реалии" басылмасы жазды. Полиция 19 жаштагы кызды алдамчылар алдап, кол салууну уюштурганын билдирди. Ал 2-даражадагы күйүк алып, ооруканада дарыланууда.

Буга чейин Avtozak LIVE укук коргоо долбоору Орусия Украинага бастырып киргенден бери 547 киши аскер бөлүктөрүн, административдик имараттарды же темир жол транспортторун өрттөөгө айыпталганын тактаган.

12:20 22.12.2024

Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, жекшембиге караган түнү украиналык 42 дрон атып түшүрүлдү.

Министрликтин Телеграм каналында жазылган маалыматка караганда, 20 дрон Орлов, сегизи Ростов жана Брянск, бешөө Курск, бирөө Краснодар аймагында жок кылынды.

Буга чейин Орлов облусунун облусунун губернатору Андрей Клычков Стальной конь айылында мунай базасына кайрадан сокку урулуп, өрт чыкканын жана кийин өчүрүлгөнүн билдирген.

Ростов облусунда дрондор мунай базалары жайгашкан Таганрог жана Новошахтинск кыштактарына чабуул койгон.

Жабыркагандар тууралуу расмий маалымат жок. Украина тарап бул маалыматтарга комментарий берген жок. Согуш кырдаалында кабарлардын чын-бышыгын ыкчам тактоо мүмкүн болбой турат.

11:01 22.12.2024

Орусия аннексиялап алган Крымдын Керч кысыгында мазут ташыган танкер чөгүп кеткенден кийин өзгөчө кырдаал жарыяланды. Мазут сууда жайылып, жээк тазаланып жатканын РИА Новости билдирди.

Керч шаарынын Орусия дайындаган башчысы Олег Каторгин 21-декабрдын түнү жээкти жазалоого жардам берүүгө жашоочуларды чакырды.

15-декабрда Керч кысыгында орусиялык эки "Волгонефть 212" жана "Волгонефть 239" танкери кыйраган. Орусия буга аба ырайын жана экипаждын шалаакылыгын болжолдуу себеп катары көрсөткөн.

Танкерлерде 9 миң тоннага жакын мазут бар болгону айтылды. Булганган суу аянты 54 чакырымга жетти. Тазалоо иштерине жүздөгөн киши тартылды.

Greenpeace изилдөө лабораториясынын жетекчиси Пол Жонсон Meduza агенттигине билдиргендей, кырсык Кара деңиздеги эң ири техногендик кырсыктардын бири болуп калышы мүмкүн.

13:39 21.12.2024

Казан шаарындагы турак үйлөргө дрондор тийди

21-декабрда эртең менен Орусиянын Казан шаарындагы турак үйлөргө дрондор тийип, өрт чыкканын мэрия билдирди.

Мэриянын маалыматына караганда, Казандын үч районунда дрондордон улам өрт чыккан. Дрондор "Лазурные небеса", "Манхэттен" турак жай комплекстерине жана төрт кабаттуу үйгө урунган. Жалпысынан сегиз учур катталган, алардын алтоо турак үйлөргө тийген. Алгачкы маалыматтар боюнча жабыркагандар жок деп билдирет ТАСС агенттиги.

Премиум-класстагы 37 кабаттуу "Лазурные небеса" турак жай комплекси эки дрондун чабуулуна кабылган. Бул тууралуу видео Shot телеграм-каналы аркылуу жарыяланды. Үйдүн айланасы курчоого алынды. Жашоочулар тепкич аркылуу эвакуацияланып, убактылуу жайлар жана ысык тамак-аш менен камсыздалган. Өрттүн аянты 120 чарчы метрди түзөт, аны өчүрүү иштери уланууда.

Ошондой эле Astra агенттиги жергиликтүү тургундардын маалыматына таянып, төрт кабаттуу үйдө дрондун урунгандан кийин өрт чыкканын билдирди. Дагы бир дрон "Манхэттен" турак жай комплексине келип тийген. Shot өз булагына шилтеме берип, үч адамдын сынган айнектерден жаракат алганын жазды.

Казандын үстүндө дрондордун учуп жүргөнү жана алардын сыныктары тууралуу видеолор жарыяланды. Казан жана Ижевск аэропорттору ишин убактылуу токтотту – учактарды кабыл алуу жана жөнөтүү жүргүзүлбөйт. Айрым мектептер менен колледждерден окуучулар эвакуацияланып, соода борборлору жабылган. Жекшембиге пландалган бардык массалык иш-чаралар токтотулду.

Бүгүн, 21-декабрда, Орусиянын Коргоо министрлиги Татарстандын аймагында украин дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, бул окуя Москва убактысы боюнча саат 7:50дө болгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG