Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05
Запорожье. 2025-жылдын 8-январы.
Запорожье. 2025-жылдын 8-январы.

Түз ободо Запорожье аза күтүүдө, АКШ Украинага жардамын жарыялады

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

18:10 22.11.2024

Казакстан Украинага байланыштуу соңку кырдаалды эскалация деп мүнөздөп, ички коопсуздук чараларын күчөтүүнү чечти. Казак президентинин басма сөз катчысы Берик Уали 22-ноябрда жарыялаган маалыматында мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев премьер-министрге, президенттик администрациянын башчысына, бардык күч мекемелеринин жетекчилерине жана акимдерге "Украинанын айланасындагы кырдаалдын эскалациясына байланыштуу негизги аскердик жана жарандык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чукул чара көрүү" тапшырмасын бергени айтылды.

"Парламент палаталарынын төрагалары көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кабардар кылынды. Өлкөдөгү абал президенттин жеке көзөмөлүндө. Биздин мамлекет үчүн негизги стратегиялык максат – туруктуулукту, тынчтыкты, мыйзам жана тартип үстөмдүгүн сактоо", - деген Берик Уали Казакстан эки славян элинин ортосундагы согушту токтотуу маселесин чечүү керектигин бир нече жолу айтканын кошумчалады.

15:19 22.11.2024

Украинада бүгүн 22-ноябрда Орусиянын дрон чабуулунан дагы эки кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.

Өлкөнүн түндүк-чыгышында, Орусия менен чектеш тилкеде жайгашкан Сумы облусунда бир нече жолу катуу жарылуу болду. Сумы шаарынын мэри Артем Кобзардын айтымында, каза болгон эки кишиден тышкары 12 киши ар кандай жараат алды, жеринде куткаруучулар, дарыгерлер иштеп жатышат. Ал дрон соккусу уланып жатканын белгилеп, жергиликтүү тургундарды коопсуз жерлерге бара турууга чакырды.

Сокку Shahed учкучсуз учактары менен шаардагы кичи райондордун бирине урулганы маалымдалды.

Мындан тышкары, Украинанын Аскер-аба күчтөрү билдиргендей, орус аскерлери согуштук дрон менен Киев, Чернигов жана Житомир облустарын бутага алды.

Ал эми Орусия бүгүн украиндер учурган 23 дронду атып түшүргөнүн кабарлады. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, жумага караган түнү учкучсуз учак чабуулуна Брянск, Калуга жана Курск облустары кабылды. Кыйроолор, жабыркагандар бар же жогу тууралуу маалымат бериле элек.

Орусия Украина аймагына орто аралыкка атылуучу өзөктүк эмес баллистикалык ракета менен сокку урганын 21-ноябрда орус президенти Владимир Путин билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский Путин кырдаалды курчутууга ушуну менен экинчи кадам жасаганын белгилеп, биринчиси деп согушка Түндүк Корея аскерлерин тартканын атады.

12:37 22.11.2024

Учкучсуз учак соккусунан Сумыда эки киши каза болду

Орусиялык дрондордун турак жай районуна жасаган соккусунан Украинанын Сумы шаарында эки киши каза болуп, дагы 12 киши жаракат алды. Бул тууралуу облустук аскердик администрация жана шаардын милдетин аткаруучу Артём Кобзарь билдирди.

Өзүнүн телеграм-каналындагы видео билдирүүсүндө Кобзарь шаарда бир нече күчтүү жарылуу болгонун айтты. Алдын ала маалыматтар боюнча, турак жай кварталына "Шахед" дрондору менен соккулар урулган.

Украиналык мониторинг каналдары Сумы, Чернигов жана Киев облустарынын үстүндө жыйырмадан ашык дрон бар экенин билдиришүүдө. Полтава облусунда да аба коркунучу жарыяланды.

17-ноябрь күнү кечинде россиялык аскерлер Сумыдагы турак жай кварталына ракеталык сокку урушкан. 11 киши каза болуп, ондогон киши жабыркаган.

Украинанын Сумы облусу Орусиянын Курск облусу менен чектешет, анын аймагына 6-августта Украина Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрү кирген. Андан кийин Орусия тараптан Сумы облусуна жасалган аткылоолордун интенсивдүүлүгү кыйла күчөгөн. Жергиликтүү администрация алты миңге жакын киши жашаган 23 калктуу конушту милдеттүү түрдө эвакуациялоо жөнүндө жарыялаган.

12:31 22.11.2024

Путиндин жаңы ракета жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин президент Владимир Зеленский Украинанын өнөктөштөрүнө кайрылды

“Орусиянын Украинага каршы континенттер аралык баллистикалык ракетаны колдонушу бир жыл ичиндеги экинчи эскалация кадамы болуп саналат”, - деп билдирди президент Владимир Зеленский 21-ноябрь күнү кечинде.

Ушундайча ал Орусия президенти В ладимир Путиндин ракетаны колдонуу боюнча жасаган ачык билдирүүлөрүнө комментарий берди. Зеленский Днепрге жасалган ракеталык соккуну "бул согуштун масштабын жана катаалдыгын айкын жана олуттуу жогорулатуу" жана БУУнун Уставын бузуу деп атады.

Зеленскийдин пикиринде, мындай биринчи кадам Украинага каршы агрессия үчүн Түндүк Кореянын аскерлерин тартуу болгон.

"Путин бул эки кадамды тең дүйнөдөгү согушту кеңейтпөөгө чакырган бардык адамдарды этибарга албастан жасады. Ал Кытай, Бразилия, Европа өлкөлөрү, Америка жана дүйнөнүн башка бардык өлкөлөрү эмнеге чакырып жатканына көңүл бурбайт. Путин бул согушту – эч кандай себепсиз согушту баштаган жалгыз адам жана согуш миң күндөн ашык уланышы үчүн бардык аракеттерди жасап жаткан адам", – деп билдирди ал.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG