Путин Украинага каршы орто аралыкка атуучу курал колдонулганын айтты
Орусия Украина аймагына орто аралыкка атылуучу өзөктүк эмес баллистикалык ракета менен сокку урду. Бул тууралуу 21-ноябрда орус президенти Владимир Путин билдирди.
"Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын коргонуу-өнөр жай комплексине караштуу объектилердин бирине куралдын бир нече түрү менен сокку урушту. Күжүрмөн шартта орусиялык орто аралыкка атуучу эң жаңы ракеталык системалардын бири да сыноодон өткөрүлдү, анда өзөктүк эмес, өтө катуу ылдамдыктагы баллистикалык ракета колдонулду", - деди ал.
Путин Украинанын Днепропетровск шаарынын аймагындагы эң ири жана Советтер Союзунан бери белгилүү болгон, азыркы кезде ракеталык техника жана башка курал-жарак өндүрүлүп жаткан өнөр жай комплекстеринин бирине сокку урулганын айтты.
Путин бул 21-ноябрда Орусияга каршы америкалык жана британиялык алыска атуучу курал колдонулган соккуга жооп болгонун белгиледи.
Украина 19-ноябрда америкалык ATACMS ыкчам-тактикалык ракеталарынын алтоо менен, 21-ноябрда британиялык Storm Shadow жана америкалык HIMARS системалары менен Орусиянын Украина менен чек арасындагы Брянск жана Курск облустарындагы аскердик объектилерге ракеталык сокку урганын билдирген Путин абадан коргонуу системалары бул чабуулдардын мизин кайтарганын айтты.
Путиндин билдиришинче, Брянскиде курал-жарак сакталуучу кампада ATACMS ракетасынын сыныктары түшкөн жерде чыккан өрт өчүрүлдү, олуттуу зыян келтирилген жок. Ал Курск облусунда "Север" аскердик тобунун командалык пункттарынын бири бутага алынганын, ошол жердеги аскерлер арасында каза болгондор, жараат алгандар бар экенин, командалык жана ыкчам курам жабыркабаганын маалымдады.
Киев Москва континент аралык баллистикалык ракета менен сокку урган болушу ыктымал экенин 21-ноябрда эртең менен билдирген. Орус аскерлери Украинанын түштүк-чыгышындагы маанилүү өнөр жай аймагы Днепропетровск облусуна, анын борбор калаасы Днепрге чабуул койгонун, баллистикалык ракетадан тышкары Х-47М2 "Кинжал" ракетасын, ошондой эле Х-101 канаттуу ракеталарынан жетини учурганын кабарлаган.
Украинанын абадан коргонуу күчтөрү Х-101 ракеталарынан алтоону атып түшүрүшкөнү маалым болгон.
Днепропетровск облусунун башчысы Сергей Лысак Орусиянын эң оор соккусу бүгүн ушул облуска туш келгенин, бир нече өнөр жай объектиси талкаланып, эки жерде өрт чыкканын айткан.
Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын жаңы куралы ылдамдыгы жагынан да, бийикке учуу жагынан да баллистикалык ракетадай экенин белгилеген.
Түндүк Кореянын армия генералы Курскиде жарадар болду
Курск облусунда украин куралдуу күчөрүнө каршы согушуп жаткан орус аскерлеринин курамында Түндүк Кореянын жоокерлери жана офицерлери да бар экени кабарланды.
Маалыматты алгач The Wall Street Journal жазды. Батыштын расмий өкүлдөрү түндүк кореялык жогорку чиндеги офицер Украинанын Куралдуу күчтөрүнө каршы согушта жарадар болгонун ырасташты.
Бир күн мурда аталган журнал Курс облусунда түндүк кореялык аскерлерди өлкөнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары генерал Ким Ён Бок жетектеп жатканын жазган. Маалыматка ылайык, генерал аскерлерин Орусиянын армиясына көндүрүп, согушуунун жаңы усулдарын жана ыкмаларын үйрөтүүгө тийиш болгон.
The Wall Street Journal жазгандай, Ким Ён Бок мурда Түндүк Кореянын атайын багыттагы күчтөрүн жетектеп, көпчүлуккө белгисиз болчу. Анын аты Орусия менен Түндүк Кореянын мамилеси күч алган, быйыл июнда стратегиялык кызматташтык келишими кол коюлгандан тартып, тааныла баштады. Ошондон бери генерал расмий иш-чараларда өлкөнүн лидери Ким Чен Ын менен чогуу чыга баштаган.
АКШ Украинага жөө аскерлерге каршы колдонулуучу мина жагынан жардам берерин жарыялады. Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин 20-ноябрда билдиргендей, мындай чечим Орусия Украинадагы согушу боюнча тактикасын өзгөрткөнү себеп болду:
"Биз берели деп жаткан миналарды көзөмөлдөп турса болот. Алар украиндер өзүлөрү өндүрүп жаткан миналарга караганда кыйла коопсуз".
Остин Украина азыркы тапта фронтто орусиялыктардын алдыга жылуу аракетин токтотуш үчүн тийиштүү курал-жаракка муктаж болуп жатканын айтты.
Соңку кезде саны жагынан кыйла артыкчылыкка ээ орус аскерлеринин Украинанын Донецк облусундагы кысымы күчөөдө.
Жөө аскерлердин алдыга жылышына тоскоолдук жаратуучу минанын колдонулушуна гуманитардык уюмдар каршылыгын билдирип келатканы белгилүү. Алар минанын мындай түрү жайкын тургундардын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирерин айтышат.
Орусия Украинага каршы 2022-жылдын февралында согуш ачкандан бери мындай минанын кеминде 13 түрүн колдонуп жатканын Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму кабарлаган. Уюмдун маалыматына караганда, Украинада минанын жарылуусунан жүздөгөн адам каза тапты, көптөгөн айыл чарба жерлери пайдаланылбай турат.
Орусия бүгүн 21-ноябрда Украинанын аймагына жапырт ракеталык чабуул койгонун украин Куралдуу күчтөрү жана аймактык жетекчилер кабарлоодо. Кеминде эки облус бутага алынганы, ракета коркунучу тууралуу эскертүү бир нече саат бою угулуп турганы маалымдалды.
Континент аралык баллистикалык ракета колдонулган соккусун орус тарап Украина Улуу Британиядан алган Storm Shadow ракеталары жана АКШда жасалуучу ATACMS системалары менен Орусиянын аймагын бутага алганы тууралуу маалымат чыгып жаткан чакта урду.
21-ноябрда орус аскерлери Украинанын түштүк-чыгышындагы маанилүү өнөр жай аймагы Днепропетровск облусуна, анын борбор калаасы Днепрге чабуул койду. Баллистикалык ракетадан тышкары Х-47М2 "Кинжал" ракетасын, ошондой эле Х-101 канаттуу ракеталарынан жетини учурду.
Украинанын абадан коргонуу күчтөрү Х-101 ракеталарынан алтоону атып түшүрүшкөнү маалым болду.
Облус башчысы Сергей Лысак Орусиянын эң оор соккусу бүгүн ушул облуска туш келгенин, бир нече өнөр жай объектиси талкаланып, эки жерде өрт чыкканын айтты.
Ал эми Полтава облусунда Кременчуг шаарында жарылуу болгону кабарланды.
Орусия Украинанын аймагын учкучсуз учактар менен дээрлик күн сайын бутага алып келди. 21-ноябрда алгачкы жолу куралдын мындай түрү колдонулбаганы маалымдалды.
2022-жылы согуш ачкан Москва эгер Украина Батыштагы өнөктөштөрүнөн алган алыскы аралыкка атуучу куралын Орусияга каршы колдоно турган болсо кырдаал курчушу ыктымал экенин эскерткен.
Киев орус бийлигин Украинага каршы агрессиясын мажбурлап гана токтотсо болорун айтууда.