Орусиянын Одесса облусуна жасаган чабуулунан бир адам каза болду
Орус армиясынын Одесса облусуна жасаган чабуулунан бир адам каза болуп, дагы тогуз адам жаракат алды деп маалымдады Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы. Мекеменин маалыматына ылайык, жеке сектордогу үйлөргө зыян келтирилген, алардын экөөсүндө өрт чыккан.
Куткаруучулар соккудан ишкана аймагындагы кампаларда жана унааларда чыккан өрттөрдү да өчүрүштү. Ошондой эле окуу жайынын имаратына да зыян келтирилген.
7-ноябрда кечинде орус аскерлери Одесса районуна дрондор менен массалык чабуул жасашкан. Жергиликтүү бийлик жеке турак үйлөргө, окуу жайына зыян келгенин, газ түтүктөрүнүн герметикасы бузулганын кабарлады.
Украинанын борбор калаасы Киевдин беш районунда 7-ноябрдын таңында Орусиянын дрон чабуулунан өрт тутанып, имараттар талкаланганын шаар мэри Виталий Кличко Telegram каналына жазды. Анын айтымында, учкучсуз учак сыныктары түшкөн жерде эки киши жараат алды.
Киевдин борбордук райондорунун бири Печерскиде көп кабаттуу үйдүн үстү жагы өрттөндү.
Шаардын аскердик администрациясы жалпысынан 30дан ашуун дрон кармалганын, орус аскерлери дрондорун бирден жана топ-тобу менен, ар кандай бийиктикте учурганын кабарлады.
Одесса шаарында Кара деңиздеги портту бутага алган орусиялык согуштук дрон атып түшүрүлгөнүн, анын сыныктары түшкөн жерде бир адам жараат алганын, көп кабаттуу бир үй талкаланганын облус губернатору Олег Кипер маалымдады.
Одессадагы үй өрттөнүп жатканын Telegram каналдар жарыялашты.
"Левада" борбору октябрда жүргүзгөн социологиялык сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, орусиялыктардын 76 пайызы орусиялык куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы аракеттерин колдой турганы белгилүү болду.
Сурамжылоого катышкан респонденттердин 45 пайызы согушту “сөзсүз колдорун”, 31 пайызы “колдосо болорун” билдирген.
Социологдор белгилегендей, согушту колдогондордун көбү 55 жаштан жогорку курактагы эркектер (81 пайыз), колдобогондор 24 жашка чейинки жаштар (67 пайыз).
Ошол эле учурда орусиялыктардын 40 пайызы гана жакын адамынын согушка барышын туура көрөт. Респонденттердин 42 пайызы мындай чечимди жактырбайт.
"Левада" борборунун директору Денис Волков дагы 17 пайыз орусиялыктарга суроого жооп берүү кыйынга турган.
Волков жоопторду "канча орусиялыктар СВОну (Орусия Украинадагы согушун – атайын аскердик операция деп атайт – ред.) чындап колдоп жатканын жана канчасы бул жөнүндө айтып жатканын аныктоонун дагы бир жолу" деп эсептей турганын баса белгиледи.
"Жакынын согуш аймагына жөнөтүүнү жактыргандар оозеки колдоо көрсөтүү эмес, бир нерсени курмандыкка чалууга даяр адамдар" деп эсептейт Волков.
Ошол эле учурда орусиялыктардын 36 пайызы гана согуштук аракеттерди улантууну жакташат. 55 пайызы Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн убагы келди деп эсептешет.
2016-жылы Юрий Леваданын бейөкмөт аналитикалык борбору же такай социологиялык жана маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзгөн Левада борбору орус бийлиги тарабынан "чет элдик агент" деп табылган. Уюм буга макул эмес. Левада борборунун сурамжылоолорунун натыйжалары мамлекеттик социологиялык кызматтардын сурамжылоолорунун натыйжаларынан бир топ айырмаланары бир нече жолу белгиленген.
Орусия Украина менен чектеш тилкесиндеги Курск облусуна 45 000 аскерин жайгаштырганын, алар аталган аймактагы украин аскерлерин сүрүп чыгаруу максатында контрчабуул үчүн колдонулушу ыктымал экенин бүгүн 6-ноябрда Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырский билдирди. Анын айтымында, Москва күчүн Түндүк Кореядан барган аскер кызматкерлеринин эсебинен бекемдөөгө аракет кылууда.
Сырскийдин мындай билдирүүсү Орусияда парламенттин жогорку палатасы Федерация Кеңеши Пхеньян менен түзүлгөн аскердик жардам тууралуу келишимди ратификациялаганы белгилүү болгон күнү жарыяланды.
АКШ түндүк кореялык кеминде 10 000 аскер Орусияга барганы анык экенин маалымдаган.
"Душман ал жерге 45 000 аскерин жайгаштырды. Алардын санын дагы көбөйтүүгө аракет кылууда. Орусиянын өзүнүн аскери бул багыттта жетишсиз болууда, ошондуктан ал жакка Түндүк Кореянын аскерлерин тартууга аракет кылып жатышат", - деп жазды Сырский Telegram каналына.
Украина Орусиянын Курск облусунда 1 000 чарчы чакырым жерди ээлеп турганын айтууда. Ал жакка украин аскерлери быйыл 6-агустта кирип барышкан. Киев бул операциясынын негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да сездирүү экенин белгилеген.
Сырскийдин айтымында, Украина Курскиге кирген күндөн тартып 7 905 орус аскерин жок кылды, дагы 12 220сы жараат алды, 717си туткунга түштү. Согуш шартында бул маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.
6-ноябрда Украина Одесса, Николаев, Киев, Сумы, Кировоград, Житомир, Черкасск, Чернигов жана Запорожье облустарында Орусия учурган 63 согуштук дрондун 38и атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Запорожье облусунун жетекчилиги Орусиянын соңку ракета чабуулунан кийин каза тапкандар жети кишиге жеткенин, жараат алгандар 25 киши экенин билдирүүдө.