Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34
Украина.
Украина.

Түз ободо Трамп Путин менен жолугушууга даярдык тууралуу айтты, журналисттер майдандагы жоготуу тууралуу маалымат топтошту

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:07 1.11.2024

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бейшембиде Орусияда Түндүк Кореянын 10 миң аскери жүргөнүн, анын 8 миңи Курск облусуна жайгашып, жакын арада Украинадагы согушка тартылат деп күтүлүп жатканын билдирди. “Америка авазы” радиосу ал Кытайды таасирин колдонуп Пхеньянды Украинадагы согушка аралашуудан токтотуп калууга чакырганын жазды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Орусия Түндүк Кореянын аскерлерине учкучсуз аппараттарды колдонууну үйрөтүп жатканын айтты.

Түндүк Корея ушул эле күнү заманбап, континенттер аралык баллистикалык ракетаны сыноодон өткөргөнүн жарыялаган. Жапониянын Коргоо министрлиги ракета биринчи жолу миң метр бийиктикте 85 мүнөттөй учканын кабарлады.

Украинанын армиясы 6-августта Орусиянын Курск облусуна кирип барып, ал жакта жүздөгөн чарчы чакырым аймакты ушул күнгө чейин өз карамагында кармап турат.

АКШ түндүк кореялык аскерлердин жаңжалга тартылышына олуттуу карап, Кремлди бул кадамдан баш тартууга чакырып жатат.

Москванын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу элчиси Нью-Йоркто 30-октябрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Орусия менен Түндүк Кореянын алакасы эл аралык укукка каршы келбестигин жана “үчүнчү өлкөгө каршы багытталбаганын” айтты. Василия Небензя ошондой эле түндүк кореялык аскерлердин фронтко салынганы тууралуу кабарларды четке какты.

Түндүк кореялык аскерлер Орусияга жайгаштырылганы тууралуу маалыматты алгач расмий Сеул бир нече жума мурда билдирген. Кийин бул кабарларды украин бийлиги, андан соң НАТО ырастады. (

16:05 1.11.2024

Орусиянын Коргоо министрлиги 1-ноябрда эртең менен абадан коргонуу системалары өлкөнүн алты аймагында Украина учурган жалпысынан 83 согуштук дронду жок кылганын билдирди.

Мекеменин Telegram каналындагы маалыматында айтылгандай, учкучсуз учактардын 36сы Курск облусунда, 20сы Брянск облусунда, 12си Крымда, сегизи Воронеж, төртөө Орлов жана үчөө Белгород облустарында жок кылынды.

Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз дрондордун бири Брянск шаарында турак үйгө тийгенин, бир киши жараат алганын кабарлады.

Ставрополь крайында учкучсуз учак Светлоград шаарындагы мунай базасына барып тийгенин аймактын губернатору Владимир Владимиров Telegram каналына жазды.

Ал эми Украина Орусия учурган 31 согуштук дронду атып түшүргөнүн кабарлады. Мындан тышкары, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, орус аскерлери ракета менен да атышты.

Кара деңиздеги Одесса портунда ракетанын соккусунан өрт өчүрүүчү бөлүктөрдүн бири талкаланганын, натыйжада эки өрт өчүрүүчү кызматкер жараат алганын аймактын башчысы Олег Кипер маалымдады.

Украинанын Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшү 2022-жылдын февраль айынан бери уланууда.

16:54 31.10.2024

Харьковго авиасокку урулду, бир адам каза таап, 30 адам жарадар

Орусиялык аскерлер 30-октябрдын кечинде Харьковго авиасокку урду. Эки адам каза тапты, отуздайы жабыркады. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Олег Синегубов билдирди. Анын айтымында, 12 жаштагы бала чарчап калды. Аны уранды астынан башы жарылып, сөөк-саагы сынган абалда таап чыгышты. Уранды астында дагы 15 жаштагы эркек бала бар.

16:50 31.10.2024

АКШнын Коргоо министри Ллойд Остин Орусиянын Украинага каршы согушуна түндүк кореялык аскерлердин тартып жатышын "кооптуу жана дестабилдештирүүчү эскалация" деп атап, бул кадам жаңжалды дагы узартып жибериши мүмкүн деген пикирин бөлүштү.

Пентагондо 30-октябрда өткөрүлгөн маалымат жыйында Остин Орусиянын чыгышында 10 миңдей түндүк кореялык аскер жайгаштырылганын кошумчалады.

Маалыматка караганда, орус армиясынын формасын кийип, курал-жарагы менен жабдылган аскерлердин бир бөлүгү Курск облусуна багыт алды. Дагы бир бөлүгү Курск облусуна жайгаштырылды.

Украинанын армиясы 6-августта Орусиянын Курск облусуна кирип барып, ал жакта жүздөгөн чарчы чакырым аймакты ушул күнгө чейин өз карамагында кармап турат.

Кошмо Штаттар түндүк кореялык аскерлердин жаңжалга тартылышына олуттуу карап, Кремлди бул кадамдан баш тартууга чакырып жатат.

Москванын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу элчиси Нью-Йоркто 30-октябрда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында Орусия менен Түндүк Кореянын алакасы эл аралык укукка каршы келбестигин жана "үчүнчү өлкөгө каршы багытталбаганын" айтты.

Василия Небензя ошондой эле түндүк кореялык аскерлердин фронтко салынганы тууралуу кабарларды четке какты.

Түндүк кореялык аскерлер Орусияга жайгаштырылганы тууралуу маалыматты алгач расмий Сеул бир нече жума мурда билдирген. Кийин бул кабарларды украин бийлиги, андан соң НАТО ырастады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG