Украина орус аскерлери кеминде 93 согуш туткунун өлтүргөнүн билдирди
Украинанын укук коргоо органдарында Орусиянын аскерлери кеминде 93 украиналык аскер туткунун өлтүргөн деген маалымат бар экени кабарланды. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасынын Аскердик департаментинин башчысы Юрий Белоусов айтканын “Украинская правда” гезити жазды.
Юрий Белоусов туткунга түшкөн украиналык аскерлердин 80% ушул жылы өлтүрүлгөнүн, 2023-жылдын ноябрь айынан бери “орусиялык аскерлердин украиналык туткундарга мамилеси кыйла начарлап кеткенин” кошумчалады.
Орусия бул тууралуу комментарий бере элек. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Согуш туткундарын өлтүрүү согуштун курмандыктарын коргоо боюнча Женева конвенциясын бузуу болуп саналат. Туткундардын өмүрүнө же ден соолугуна каршы жасалган ар кандай зомбулук согуш кылмышы катары бааланат. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) буга чейин Украина да, Орусия да Женева конвенциясын бузган учурлар бар экенин билдирген. (BTo)
Украина: Түндө үч "Шахед" атып түшүрүлдү
5-октябрга караган түнү аба чабуулунун натыйжасында Одесса облусунда орустардын үч дрону атып түшүрүлдү.
"Дагы 10 учкучсуз учуучу аппарат өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндө локациядан жоготулду, жабыр тарткандар жана кыйроолор жөнүндө маалымат келген жок", - деп белгиледи Украина Куралдуу Күчтөрү.
Ошондой эле "2024-жылдын 5-октябрына караган түнү орус баскынчылары Курск облусунун – РФ жана басып алынган Крымдын аба мейкиндигинен үч башкарылуучу авиациялык Х-59/69 ракеталары менен соккуларды жасады", - деп айтылат билдирүүдө.
Украина Куралдуу Күчтөрүнүн маалыматы боюнча, "РЭБ каражаттарынын активдүү каршылык көрсөтүүсүнүн натыйжасында башкарылуучу авиациялык ракеталар өз максаттарына жете алган жок".
Украинанын Башкы штабынын маалыматы боюнча акыркы бир суткада фронтто 159 кагылышуу болгон. Купянск багытында Орусиянын чабуулдары Покровск багытына караганда көбүрөөк жүргөн.
Орус армиясы Николаевдеги инфраструктура объектисине чабуул жасады
4-октябрь күнү кечинде орус аскерлери Николаевдеги инфраструктура объектисине чабуул жасады деп билдирди облустук аскердик администрациянын башчысы Виталий Ким.
"Кечээ, 4-октябрда, саат 22:27 чамасында душман Николаев шаарындагы инфраструктура объектисине чабуул жасады", - деди ал.
Кимдин алдын ала маалыматы боюнча, "орустар Х-59/Х-69 типтеги канаттуу ракеталарды колдонушкан".
"Жабыр тарткандар жок", - деп белгиледи Виталий Ким.
Орус аскерлери ар кандай куралдарды - чабуул кылуучу учкучсуз учуучу аппараттарды, ракеталарды, авиабомбаларды колдонуп, Украинанын аймактарына үзгүлтүксүз чабуул жасап келе жатат.
Орусиянын жетекчилиги орус армиясы кеңири масштабдуу согуш учурунда Украинанын шаарларынын жана айылдарынын жарандык инфраструктурасына атайылап соккулар жасап, жарандык калкты өлтүрүп, ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды, энергетика жана суу менен камсыздоо объектилерин бузуп жатканын четке кагууда.
Украина бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын согуштук кылмыштары катары квалификациялап, алардын максаттуу мүнөзгө ээ экенин баса белгилешет.
НАТОнун жаңы башкы катчысы Марк Рютте 3-октябрда Украинага барып, борбор калаа Киевде өлкө жетекчилиги менен жолукту. Бул анын жаңы кызматтагы алгачкы эл аралык сапары.
Украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуудан кийин Рютте Киевдин НАТОго мүчө болуусу жакындап калганын айтты.
Альянстын негизги максаты ага мүчө өлкөлөргө жардам берүүдөн тышкары курал-жарак корун толуктоо экенин айткан Рютте Украина өзүн коргоого укуктуу, ал эми эл аралык укук украиндер тарапта экенин белгиледи.
Анын айтымында, Украинага союздаштары берип жаткан курал менен Орусиянын аймагына атууга уруксат берүү же бербөө маселеси 12-октябрда НАТОнун "Рамштайн" форматындагы кезектеги жыйынында талкууланат. Рютте Украинага аскердик техника жөнөткөн ар бир өнөктөш өлкө муну өз алдынча чечерин кошумчалады.
Зеленский өз кезегинде НАТО Украинанын аба мейкиндигин коргоп берүү боюнча позициясын өзгөртөрүнө үмүттөнүп жатканын айтты.
"Биз адамдарды союздаштардын биримдиги менен кантип коргоп калса болорун Жакынкы Чыгыштан көрүп жатабыз. Ирандын ракеталарын биргелешип атып түшүрүү Орусиянын ракеталары менен Ирандын «Шахеддерин» атып түшүрүүдөн эч айырмасы деле жок", — деген Зеленский союздаштар арасында бул маселеде бирдей пикир жок болуп жатканын, «Орусиянын терроруна каршы» чечкиндүүлүк керек экенин белгиледи.