Индиянын артиллериялык снаряддары Украинага жеткирилип турган
Индиянын артиллериялык снаряддарынын Украинага европалык ортомчулар аркылуу берилип жатканы тууралуу билдирүүлөр Орусия менен Индиянын ортосунда чыңалууну жаратууда деп жазат Америкалык согушту изилдөө институту (ISW) өзүнүн жаңы отчетунда.
Ал эми Reuters агенттиги 19-сентябрда индиялык жана европалык 11 чиновникке жана коргонуу тармагындагы анонимдүү булактарга шилтеме берип, Украинага индиялык артиллериялык снаряддар европалык ортомчулар аркылуу Орусиянын каршылыгына карабастан бир жылдан ашык убакыт бою жеткирилип келгенин маалымдады. Ага ылайык, Нью-Дели Москвадан түшкөн нааразылыктарга карабай, бул сооданы токтотуу үчүн аралашкан эмес.
Бирок 19-сентябрда Индиянын Тышкы иштер министрлиги Reuters агенттигинин маалыматын «болжолдуу жана адаштыруучу» деп четке какты.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди август айында Украинага барган. Визит учурунда ал Индия Украинада тынчтыкка дипломатиялык жол менен жетүүнү жактай турганын, ошол эле учурда мамлекеттин суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоону колдоорун билдирген.
Bloomberg басылмасы Модинин Киевге визити Вашингтон менен Москва ортосундагы байланышты тең салмактоо аракети экенин жазган.
Ага чейин июлда Моди Орусияга визит жасаган. Индиялык маалымат каражаттарынын маалыматы боюнча, ал Орусия лидери Владимир Путин менен орусиялык армияга жаңылыш кирип калган индиялык жарандардын бошотулушу тууралуу сүйлөшкөн.
Бул визитти Украина президенти Владимир Зеленский сынга алган.
Индия Вашингтон менен мамилелери чыңалып жатканына карабастан, Москвага каршы батыштын санкцияларына кошулуудан баш тартып, Орусия менен арзан мунай булагын алууда кызматташып келет.
Европарламент Украинага Орусиянын алыскы аймактарына сокку урууга уруксат берүүгө чакырды
Бул тууралуу резолюцияны Европарламент 19-сентябрдагы резолюция кабыл алды. Парламентарийлер ЕБ мамлекеттерин алар Украинага берген куралдарды Орусиянын аймагындагы мыйзамдуу аскердик буталар үчүн колдонууга коюлган чектөөлөрдү алып салууга чакырды.
Бул документти Европарламенттин 425 депутаты колдоп добуш берди, 131 каршы болуп, 63ү калыс калышты.
Резолюциянын текстинде, эгерде чектөөлөр алынбаса, Украина өзүн коргоо укугунан толук кандуу пайдалана албай калары, орус чабуулдарынын, анын ичинде жарандык буталарга соккулардын алдында калып кетери айтылган.
Ошондой эле резолюцияда Евробиримдик өлкөлөрүнүн Украинага аскердик жардам көрсөтүүсүнүн көлөмүнүн азайып жатканына тынчсыздануу билдирилген. Документте Германиянын Киевге "Taurus" ракеталарын берүүдөн бир нече жолу баш тартканы өзүнчө белгиленген.
Европарламент депутаттарынын пикиринде, Евробиирмдикке мүчө мамлекеттер жана НАТО боюнча союздаштар Украинага аскердик жардам берүү боюнча өздөрүнө милдеттенме алып, жыл сайын өз ИДПсынын 0,25 пайызынан кем эмес каражат бөлүүгө тийиш.
Владимир Зеленский Жо Байден менен 26-сентябрда жолугат
АКШнын президенти Жо Байден 26-сентябрда Вашингтондо Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушат. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы билдирди. Ошондой эле АКШнын вице-президенти жана демократтардан президенттикке талапкер Камала Харрис да Зеленский менен өзүнчө жолугушуу өткөрөт. Лидерлер Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун абалын, анын ичинде Украинанын стратегиялык пландарын жана АКШнын Украинаны коргоодогу колдоосун талкуулашат. Ак үйдүн билдирүүсүндө президент жана вице-президент Украинаны согушта жеңишке жеткенге чейин колдоп, бекем милдеттенме алаарын баса белгилешти.
Зеленскийдин басма сөз кызматына таянсак, украин президенти АКШга сапар учурунда президенттикке республикачылардан талапкер Дональд Трамп менен да жолугат.
"Владимир Зеленский АКШ президенти Жо Байден менен жолугуп, ага жеңиш планын сунуштайт. Украинанын мамлекет башчысы бул пландын деталдарын талкуулап, АКШнын Украинанын эркиндик үчүн күрөшүнө колдоосун алууну көздөйт", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Мындан тышкары, Украина президенти БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынында да сүйлөйт. Буга чейин Зеленский украиналык "жеңиш планы" толугу менен даяр экенин, эми негизгиси аны ишке ашырууга чечкиндүүлүк керектигин билдирген.
Киев жана Москва 19-сентябрга карата фронттогу жана Орусиянын Курск облусундагы абал боюнча эки башка маалымат берип жатышат.
Орусия өз аймагын украин аскерлеринен тазалоодо алдыга жылганын айтса, Украина орусиялыктардын контрчабуулуна бөгөт коюлганын кабарлоодо.
Орусиянын Коргоо министрлигинин Башкы аскердик-саясий башкармалыгынын башчысынын орун басары, чеченстандык «Ахмат» атайын бөлүгүнүн командири Апти Алаудинов орус аскерлери Курск облусундагы эки айылды бошотконун жарыялады.
Ал тапта Курскиде украиндер ачкан аскердик комендатуранын өкүлү Алексей Дмитрашковский Орусиянын «фланг маневру» токтотулганын AFP маалымат агенттигине билдирди:
"Кырдаал турукташты жана бүгүн баары көзөмөлдө, алар ийгиликке жете алган жок".
Украин аскерлери 6-августта Орусиянын Курск облусуна кирип барып, бир нече айыл-кыштагын ээлеген, соңку маалыматында жалпысынан 1300 чарчы чакырымдык жерди көзөмөлдөп турганын маалымдаган. Өлкө президенти Владимир Зеленский Украинада Орусиянын жерин ээлеп алуу ниети жок экенин, бирок сүйлөшүүлөрдө, туткун айырбаштоодо көбүрөөк мүмкүнчүлүк алууга жол ачыларын айткан.
Алаудинов орус аскерлери Курскинин Николаево-Дарьино жана Дарьино калктуу пункттарын өз карамагына кайтарып алганын, Украинанын чыгышында да алга жылуу бар экенин белгилеп: "Биздин бүт фронтубуз алдыга жылды",— деп кошумчалады.
Курскинин жанындагы Белгород облусу 19-сентябрда да украиндердин артиллерия жана дрон чабуулуна кабылганын, жабыркагандар жок экенин аймактын башчысы Вячеслав Гладков маалымдады.
Украина Орусиянын кечээтен берки соккуларынан бир нече киши каза болуп, жараат алганын, кээ бир аймактарда электр тармагынын иши үзгүлтүккө учураганын билдирүүдө.