Белгород шаарында сегиз тургун жаракат алды
16-сентябрда таң эрте Белгород шаарында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн аткылоосунан сегиз жергиликтүү тургун жабыркады, алардын бири өтө оор абалда. Бул тууралуу Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков маалымдады.
Анын айтымында, аткылоодон бир жеке үй жана 15 автоунаа өрттөнгөн. Ошондой эле газ түтүгү жабыркагандыгы кабарланууда. Жергиликтүү телеграм каналдар соккудан кийинки окуялардын видеолорун жарыялашты. Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматы жазды.
Белгород облусунда бир сутка ичинде ондон ашык калктуу пункттар аткылоого жана дрондордун соккуларына дуушар болгон. Козинка айылында беш жеке үй өрттөнсө, Разумное кыштагында жергиликтүү тургун жарылуудан улам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Москванын Украинага кеңири масштабдуу кол салуусунан кийин Орусиянын аймактары утур-утур дрондордун чабуулдарына дуушар болууда. Орусиянын Коргоо министрлиги Украина чабуулдарынын "мизи майтарылып", ракеталар жана дрондор жок кылынганы тууралуу маалымат берип келет. Көпчүлүк учурларда Киев бул билдирүүлөргө комментарий бербейт.
Украина: Орусиянын 53 дрону жок кылынганын билдирди
Украинанын куралдуу күчтөрү 16-сентябрга караган түнү Орусия тарабынан учурулган 53 дрондун жок кылынганын билдирди.
"Душман Shahed-131/136 үлгүсүндөгү сокку уруучу дрондор менен чабуул жасады. 15-сентябрдан 16-сентябрга караган түнү, саат 20:00дөн 06:00гө чейин Аба күчтөрүнүн радиотехникалык күчтөрү 56 дронду аныктап, байкоо салды (Курск жана Ейск шаарларынан учурулган). Негизги чабуул багыты – Киев облусу болду", – деп айтылат маалыматта.
Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Киев, Винница, Полтава, Сумы, Запорожье, Кировоград, Николаев, Днепропетровск жана Черкассы облустарында 53 дрон жок кылынган.
"Дагы үч душман дрону бир нече аймакта жок болуп кеткен, алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок", – деп билдиришти аскерлер.
Буга чейин Киев шаардык аскердик администрациясы 16-сентябрга караган түнү Киевге Орусиянын куралдуу күчтөрү массалык сокку урганын билдирген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Киевде жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
Ал эми 15-сентябрда Украинанын Харьков шаарында көп кабаттуу үйгө жасалган аба соккусунан бир киши набыт болуп, 40тан ашуун киши жаракат алганын, анын төртөө балдар экенин шаар мэриясы билдирген.
Орусия күчтөрү үзгүлтүксүз түрдө сокку уруучу дрондор, ракеталар, КАБ жана РСЗО менен Украинанын аймактарына чабуул жасап жатат.
Орусиянын жетекчилиги кеңири масштабдуу согуш учурунда Орусия армиясы Украина шаарлары менен айылдарындагы жарандык инфраструктураларга атайылап сокку уруп, жайкын тургундарды өлтүрүп, оорукана, мектеп, балдар бакчалары, энергетикалык жана суу камсыздоо объектилерин талкалап жатканын четке кагууда.
Украинанын бийликтери жана эл аралык уюмдар бул чабуулдарды Орусиянын аскердик кылмыштары катары квалификациялап, алар атайылап жасалганын баса белгилеп келишет.
Украинанын Харьков шаарында көп кабаттуу үйгө жасалган аба соккусунан бир киши набыт болуп, жараат алгандар көбөйүп, 40тан ашканын, анын төртөө балдар экенин шаар мэриясы билдирди.
Харьков облустук аскердик башкармалыгынын башчысы Олег Синегубов азыр жеринде тиешелүү кызматтар иштеп жатканын Телеграмга жазды.
Орусия сокку тууралуу комментарий бере элек. Украин тарап 12 кабаттуу үйгө бир дүрмөт тийгенин маалымдады. Алар тараткан сүрөт-видеолордо турак жайдын ортоңку бөлүгүндөгү бир подъездде 9-10-кабаттар күйүп жатканы тартылган. Өрт өчүрүү иши уланып жатканы кабарланды.
Президент Владимир Зеленский Батышта Украинага курал-жарак берүүнү азайтуу тууралуу талкуулар жүрүп жатканда АКШ баштаган өнөктөштөрүн Орусиянын баскынчылыгына каршы туруу үчүн Киевди курал-жарак жана ок-дары менен камсыздоо тууралуу макулдашууну “тезинен ишке киргизүүгө” чакырды.
14-сентябрда жарыяланган видео кайрылуусунда Зеленский “бардык мамлекеттер, анын ичинде Кошмо Штаттар Украина менен макулдашууларын тез арада жүзөгө ашыруусу өтө маанилүү экенин” айтты.
“Ал майданда сезилиши керек”, - деди Зеленский. “Ар бир аскердик жардам кечигип жатканы майданда терс таасирин тийгизет. Өз маалында, ыкчам жеткирилген жардам пайдалуу”, - деди украин лидери.
Ушул тапта Украинага мурда-кийин болуп көрбөгөндөй аскердик жардам уланууда. НАТОнун ичинде айрым мүчөлөрү Украинага курал-жаракты колдонууга коюлган чектөөлөрдү алып салууга жана заманбап жабдууларды берүүгө чакырууда.
Киев өзүн коргоо үчүн Орусиянын ичине алыс аралыкка сокку уруу маанилүү экенин белгилеген. НАТОнун ичиндеги айрым өлкөлөр Киевдин мындай сунушун колдогон.
13-сентябрда британ премьер-министри Кир Стармер АКШ президенти Жо Байден менен жолукканда Орусиянын ичиндеги буталарга жетүү үчүн Киевге алыс аралыкка атылчу курал колдонууга уруксат берүүнү талкуулаганы менен кандай өзгөрүү бардыгы жарыяланган жок.
Британия Украинага берген Storm Shadow ракеталарын Орусиянын аймагына сокку урууга колдонууга уруксат берген чечимге жакындап калганы кабарланды.
14-сентябрда Ак үйдүн коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан президент Байден “алдыдагы төрт айда [президенттик кызматтагы мөөнөтүн] Украинанын жеңишин камсыздоо үчүн болгон мыкты нерселерди жасоого чечкиндүү аракеттенет” деди.
Орусиянын экс-президенти Дмитрий Медведев ишембиде украин башкалаасына өзөктүк сокку урулса, 2 миллиондой эл жашаган шаар дүйнөнүн картасында “боз такка” айланарын айтып коркутту. Президент Путин баштаган Орусиянын жетекчилеринин ормон опузасы Батыштын Киевди колдоосуна каршылыгын көрсөткөндөй.
14-сентябрда Зеленский АКШ Конгрессинин делегация мүчөлөрү менен сүйлөшүп, “учурдагы кырдаал жана алдыдагы иштер тууралуу маалымат бергенин” айтты.
14-15-сентябрда Киев билдиргендей, орус армиясынын чабуулунан Одесса облусунун түштүгүндө жубайлар набыт болду.
Украин аскерлери абадан коргонуу күчтөрү Орусия учурган 14 дрондун онун атып түшүргөнүн билдирди. Ошондой эле эки “Искандер” баллистикалык ракетасы, Одессаны бутага алган башкарылчу авиациялык бомба жок кылынганы кабарланды.