Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Түз ободо Украина: Покровск, Кураховодо абал оор

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

15:55 12.9.2024

АКШда жайгашкан Согушту изилдөө институту (ISW) украин аскерлери айрым айылдарын ээлеп турган Курск облусунда Орусиянн соңку эки күндөн бери жүргүзүп жаткан контрчабуулу боюнча баяндамасын жарыялады. Бул операциянын кандайдыр бир жыйынтыгы тууралуу азырынча так айтуу мүмкүн эмес экенин белгилеген институт орус армиясы украиндер көзөмөлдөп турган райондорунда масштабдуу чабуулга камдана баштаганы болушу ыктымалдыгын эскертти.

Институттун 11-сентябрдагы маалыматына караганда, орус аскерлери Коренево кыштагынын чет жакасындагы Журавли деген калктуу пункттун чыгышындагы айрым позицияларды өз көзөмөлүнө кайтарып алышты. Бир күн мурда алар Снагость кыштагынын түндүк тарабында алдыга жылышкан.

Орусиянын расмий булактарына таянган эксперттер Курск облусунун украиндер кирип барган Краснооктябрьское, Комаровка, Вишневка, Апанасовка, 10-й Октябрь, Обуховка, Бяхово, Внезапное, Гордеевка жана Ольговка кыштактары азыркы тапта кайрадан орус армиясынын карамаганда.

Буга жооп катары, ISW маалымдагандай, Украина Снагость кыштагынын батыш тарабында жаңы чабуулдарды коюуга аракет кылды.

Институттун талдоочуларынын пикиринде, Орусия Курск аймагындагы украин аскерлерин бөгөттөп, андан кийин жакшыраак уюшулган жана мыктыраак техника менен камсыз кылынган чабуулун баштап, аларды толук сүрүп чыгарууга камынып жаткан болушу мүмкүн.

11-сентябрда украиналык DeepState OSINT-ресурсу Орусиянын Курск облусунун айрым жерлерин көзөмөлдөп турган украин аскерлеринин абалы оорлогонун жазган.

Украина Курскидеги соңку абал боюнча расмий маалымат бере элек.

Украин аскерлери Орусиянын чектеш Курск аймагына 6-августта кирип барышкан. Киев Курск операциясы башталгандан бери бул облустун дээрлик 1200 чакырымдай тилкесин көзөмөлгө алууга жетишкенин билдирген. Негизги максаты өз жерин Орусиянын чабуулдарынан коргоо үчүн “буфердик зона” түзүү, согуш жана жоготуу деген эмне экенин орус тарапка да жеткирүү экенин белгилеген.

Орусия айрым райондорун украиндер ээлеп алганын, бир нече жараны каза тапканын тастыктап, ал жакта өзгөчө кырдаал жарыялаган, жергиликтүү тургундарын эвакуациялаган.

14:13 12.9.2024

АКШ жана Улуу Британия Украинанын энергетикасын калыбына келтирүү жана гуманитардык жардам үчүн дагы 1,5 млрд доллар бөлөт.

Бул тууралуу бул өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери алыска атуучу куралдарды Орусиянын агрессиясына каршы колдонууга уруксат берүү маселеси талкууланган Киевдеги жолугушууда билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин айтымында, бул өлкө Украинага 700 млн доллар бөлөт. Анын 325 миллиону орус армиясынын чабуулунда талкаланган энергетикалык объектилерди калыбына келтирүүгө жумшалат. 290 миллионго жакыны тамак-аш, турак жай, медициналык кызмат көрсөтүү жана билим берүүгө сарпталат. Калган сумма миналарды зыянсыздандырууга керектелет.

Өткөн аптада АКШ 250 млн долларлык аскерий жардам берилерин жарыялаган.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми анын өлкөсү гуманитардык жана насыя түрүндө 782 млн долларлык жардам бере турганын Киевде билдирген.

"Биздин Путинге жамааттык билдирүүбүз биздин колдообуз азайбай турганын билдирет”, - деди Блинкен.

Блинкен менен Лэмминин Киевге сапары учурунда бир нече жолу абадан айгай жаңырып, айрым иш-чаралардын убактысы жылдырылып, кээ бирлери болбой калды.

Жолугушууда алыска атуучу куралдарды Орусиянын агрессиясына каршы колдонууга уруксат берүү меселеси дагы талкууланды. Блинкен бул маселени АКШ президенти Жо Байден менен Улуу Британиянын премьер-министри Кейр Стармер 13-сентябрда Вашингтондо күтүлүп жаткан жолугушууда талкуулайт.

10:46 12.9.2024

Угледар орусиялык соккуга кабылды

Украиналык күчтөрдүн Башкы штабы Угледар багытында орусиялыктар үч жолу чабуул койгонун билдирди. Бул шаарды орусиялык аскерлер өткөн кыштан тарта басып алууга аракет кылып келет.

Акыркы кезде кырдаалга көз салган орусиялык аскер блогерлери орусиялык аскерлер түштүктөгү Павловка жана түндүк-батыштагы Водяное айылдары тараптан жакындап келе жатканы айтылууда.

10:23 12.9.2024

Шаршемби кечинде Киевде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Лэмми Украинанын президенти Владимир Зеленский, тышкы иштер министри Андрей Сибига баш болгон украин өкүлдөрү менен сүйлөштү.

Мамлекеттик катчы Украинага берилген алыска атыуучу курал-жаракты колдонуу боюнча чектөөлөрүн алып салуу маселеси дагы талкууга алынганын ырастады. Блинкен талкуулардын мазмунун АКШ президенти Жо Байденге жеткире турганын айтты. Мамлекеттик катчы алыска атуучу куралдарды Орусиядагы бутага колдонууга уруксат берүү эскалацияга алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар талкууда негизги роль ойноорун белгиледи. ошону менен катар Блинкендин белгилешинче, бул маани бере турган негизги фактор эмес.

The Guardian басылмасы Британ өкмөтүндөгү өз булактарына таянып шаршемби кечинде Лондон Украинага Storm Shadow ракеталарын Орусиядагы буталарга каршы колдонууга уруксат бергенин кабарлады.

Ошол эле маалда Энтони Блинкен уруксат берүү ыктымалдыгын жокко чыгарбасын The Times жазды. Басылма эгер бул маселе чечилбесе, Лэмми менен Билинкендин Киевге сапары ишке ашты деп саноого болбой турганын белгилеген. Бирок ал азырынча коомчулукка жарыяланбайт - бул Британиянын премьер-министри Кейр Стармердин жума күнү Вашингтонго сапары учурунда дагы айтылбашы мүмкүн. Аталган гезит мындан сырткары ракеталык чабуулдарды "себепсиз же керексиз" жасабоо үчүн бир катар чектөөлөр дагы эле сакталып калышы мүмкүн экенин белгилеген.

Сентябрь айында Вашингтондо Байден менен Зеленскийдин жолугушуусу күтүлүп жатат. Буга чейин Зеленский билдиргендей, бул жолугушууда ал "Украинанын жеңиш планы" менен тааныштырат. Шаршембиде украин президенти бул планды ишке ашыруу АКШнын жардамына байланыштуу экенин айткан.

Орусиялык армия кошунасын түрдүү курал менен аткылап, бомбалап келет.

Украинанын куралдуу күчтөрү маалымдагандай, 11-сентябрга караган түнү каршы тарап баллистикалык, зениттик ракеталар, дрондор менен сокку урду.

Москва оорукана, мектеп, бала бакча, энергетика жайлары өңдүү жарандык инфраструктураны, жайкын элди бутага алганын танууда.

Киев жана эл аралык уюмдар андай соккуларды согуш кылмышы катары сыпаттайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG